Өзгөртүүлөр болушу мүмкүн
Долбоор
2017-жылдын 1-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартиби
1. 2017-жылдын мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планын бекитүү жөнүндө
2. Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Скрипкина Г.А.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет)
3. “Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 29.12.16дагы № 709 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)
4. “Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 30.12.16дагы № 715 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)
5. “Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын 24-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 31 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)
6. “Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуудан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 32 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)
7. “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 31.05.16дагы № 290 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)
8. “Эл аралык өзгөчө жардам жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Баатырбеков А.Б., Самигуллина А.Э., Матраимов И.И., Казакбаев Р.А., Сулейманов Б.И., Сурабалдиева Э.Ж., Жамангулов А.Ж.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)
9. “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.11.16дагы № 629 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)
10. “Санкт-Петербург шаарында 2011-жылдын 18-октябрында кол коюлган 2001-жылдын 28-сентябрындагы Опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо жагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.12.16дагы № 713 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)
11. “Астана шаарында 2016-жылдын 17-октябрында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.01.17деги № 52 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)
12. “Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Иманалиев К.К., Акматов А.Ж., Бакчиев Ж.А., Токтошев Э.Т.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)
13. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (парламенттик делегациялардын курамдары жөнүндө) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)