2017-жылдын 16-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

16-02-2017 16:16

2017-жылдын 9-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бокоев К.С.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – депутат Бокоев К.С.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

2017-жылдын 15-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

3. “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.01.17деги № 2 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.12.16дагы № 670 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

2017-жылдын 16-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

5. “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Баатырбеков А.Б., Нурбаев А.М., Исаева Д.Ш., Сулейманов Б.И., Мусабекова Ж.А.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.12.16дагы № 709 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.12.16дагы № 715 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын 24-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 31 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуудан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 32 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.05.16дагы № 290 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

11. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) (демилгечилер – депутаттар Абдылдаев М.Ю., Джакупова Ч.И., Зулушев К.Т.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 352