2017-жылдын 15-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

15-02-2017 17:26

2017-жылдын 9-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.11.16дагы № 630 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

2. “Азиздердин жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүг башкача чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимине Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.12.16дагы № 710 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

2017-жылдын 15-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

3. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.06.16дагы № 305 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жунус уулу Алтынбек, Бакиров М.И.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Рыспаев К.Ж., Тулендыбаев П.Р., Сабиров М.Э.) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.11.16дагы № 596 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасында 2017-жылдын жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)

 

8. “Азиздердин жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүг башкача чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимине Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окуу)

 

9. “Азиздердин жана көрүүсү начарлаган же басма маалыматты кабыл алууга жөндөмдүүлүг башкача чектелген адамдардын жарыяланган чыгармаларды пайдалануусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимине Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)



Көрүүлөрдүн саны : 256