Протокол № 36 25.01.2017-жыл

31-01-2017 09:28

 

 

 

 

 

36

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

 

(2016-2017-жылдар)

 

 

 

2017-жылдын  25-январы                                              9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                              Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Ч.А.Турсунбеков

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: А.Ж.Акматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Ж.Субанбековго берилген), А.Алтынбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.Г.Тиллаевге берилген), Д.Д.Бекешев, Е.Г.Строкова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген),  Э.Ж.Сурабалдиева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген), А.Н.Шыкмаматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ө.Ч.Текебаевге берилген).

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев.

 

87 депутат катталды.

 

1. 2017-жылдын 25-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -62, каршы-1, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Б.Ж.Субанбеков, К.К.Иманалиев, төрагалык кылуучу.

 

2017-жылдын 25-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -80, каршы-жок, бардыгы 80 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Депутаттар 2017-жылдын 24-январында каза болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты Э.Эрматовдун элесине бир мүнөт унчукпай эскеришти.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” (2014-жылдын 16-июлундагы №399 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)  (2016-жылдын 26-сентябрындагы №509 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Ж.Рыспаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Ж.Рыспаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 12-декабрындагы №663 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга болжолу жөнүндө” (2016-жылдын 29-ноябрындагы №636 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы М.Т.Калиев, төрагалык кылуучу, депутаттар О.М.Артыкбаев, М.И.Бакиров, Ж.К.Турускулов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Т.Ж.Абжапаров, депутаттар А.С.Өмүрбекова, К.Ж.Рыспаев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу  депутат Г.С.Молдобекованын  сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -73, каршы-4, бардыгы 77 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутат Р.М.Туманбаева, Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы М.Т.Калиев, депутат А.А.Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Т.Ж.Абжапаров, депутаттар А.Ж.Жамангулов, Т.Г.Тиллаев, М.Э.Сабиров.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” (2015-жылдын 23-апрелиндеги №351 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.А.Исаков, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри Т.Б.Исакунова, депутаттар А.С.Өмүрбекова, А.Ү.Жапаров, И.Ю.Карамушкина, А.Т.Алтыбаева, Б.Ж.Субанбеков, Э.Ж.Байбакпаев, У.Б.Примов, төрагалык кылуучу.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 15 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

110 депутат катталды.

 

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” (2015-жылдын 23-апрелиндеги №351 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи  окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ж.Салянова, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри Т.Б.Исакунова, депутаттар Б.И.Сулейманов, А.Ү.Жапаров, Н.В.Никитенко, К.С.Бокоев, А.Т.Алтыбаева.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” (2014-жылдын 16-октябрындагы №601 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны четке кагуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы жарандык-мекенчилдик тарбия жөнүндө” (2014-жылдын 9-декабрындагы №698 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.А.Аманкулов, депутат И.Ю.Карамушкина.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу  депутат И.Ю.Карамушкинанын   сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -64, каршы-4, бардыгы 68 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

          Чыгып сүйлөштү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, депутат А.С.Өмүрбекова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.А.Аманкулов, депутаттар И.Ю.Карамушкина, Б.Ж.Субанбеков.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -66, каршы-6, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Ушул мыйзам долбоорун четке кагуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

          9. Депутаттар Бекешев Д.Д., Турсунбеков Ч.А., Аманкулов М.А., Сурабалдиева Э.Ж., Кулбараков А.И., Нурбаев А.М., Арапбаев А.А. тарабынан демилгеленген “Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ж.Салянова, төрагалык кылуучу.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сүйлөгөн сөзү.

 

          Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Ү.Жапаров, К.Т.Зулушев, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары О.С.Тарбинский, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу салык кызматынын төрагасынын орун басары Р.Ш.Айдаралиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун четке кагуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

10. Депутат Г.А.Скрипкина тарабынан демилгеленген Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин долбоорун экинчи окууда кароо.

 

          Сунуш кылынган Кодекстин долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы М.К.Жеенчороевдин сүйлөгөн өзү.

Чыгып сүйлөштү:  депутаттар А.С.Өмүрбекова, К.Т.Зулушев, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян университетинин эл аралык иштер боюнча проректору Л.Ч.Сыдыкова, депутат М.Э.Мавлянова, БУУӨП долбоорунун укуктук эксперти И.В.Летова, депутаттар И.Ю.Карамушкина, К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, төрагалык кылуучу.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

Саат 14.00

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Өмүрбекова төрагалык кылды.

 

104 депутат катталды.

 

          Чыгып сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранова.

 

Депутат Г.А.Скрипкина тарабынан демилгеленген Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин долбоорун экинчи окууда кароонун уландысы.

 

          Ушул Кодекстин долбоорун экинчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы М.К.Жеенчороевдин сүйлөгөн өзү.

 

Көрсөтүлгөн Кодекстин долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

          11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына) (2016-жылдын 16-августундагы №443 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

          Сунуш кылынгшан мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи  окууда  добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

          12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  (2016-жылдын 7-июнундагы №305 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

          Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

          12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 27-апрелиндеги №219 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

          Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Б.Н.Шаршембиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Артыков, А.К.Назаров, С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, депутат М.К.Жеенчороев.

 

Каралып жаткан мыйзамдын долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу депутат А.А.Турсунбаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -70, каршы-жок, бардыгы 70 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

          Чыгып сүйлөштү: депутат У.Б.Примов, Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Б.Н.Шаршембиев, депутаттар О.М.Артыкбаев, Т.А.Масабиров, Д.А.Жумабеков, Э.Ж.Байбакпаев, З.И.Жамалдинов.

 

          Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.А.Аманкуловдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат И.И.Матраимов, төрагалык кылуучу.

 

          «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү тууралуу» (депутаттар О.М.Артыкбаев, Т.А.Кадыркулов, Ж.А.Мусабекова жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -87, каршы-жок, бардыгы 87 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

«Республиканын аэропортторунун жана авиакомпанияларынын жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча ишинин абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-январындагы №1257-VI токтомунун долбоорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө депутат И.И.Матраимовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -88, каршы-жок, бардыгы 88 депутат добуш берди.

Чечим  кабыл алынды.

 

          14. Депутаттар Ормонов У.З., Нышанов С.К., Бокоев К.С., Турсунбаев А.А., Исаков М.А. тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат У.З.Ормоновдун сүйлөгөн сөзү.

 

Каралып жаткан мыйзамдын долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу депутат Т.А.Масабировдун  сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -87, каршы-жок, бардыгы 87 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

          Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.К.Назаров, У.З.Ормонов-мыйзам долбоорунун демилгечиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов,  Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору У.О.Даникеев, депутаттар Б.И.Сулейманов, З.И.Жамалдинов, К.Т.Зулушев, М.И.Бакиров, У.Б.Примов, М.Э.Мавлянова, Р.М.Туманбаева, Т.А.Масабиров, Э.Т.Токтошев, Д.А.Жумабеков, М.А.Исаков.

 

          Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.И.Бакиров, С.Шер-Нияз, К.С.Нурматов, М.Э.Сабиров, А.Ү.Жапаров, И.А.Масалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар У.З.Ормонов-мыйзам долбоорунун демилгечиси, С.К.Нышанов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи  окууда  добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

          Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат М.И.Бакиров.

 

Мурда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүүнү жүргүзүү жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -98, каршы-5, бардыгы 103 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

15.  2015-жылдын 25-январында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

116 депутат катталды.

 

 “2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -116, каршы-жок, бардыгы 116 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору жалпысынан кабыл алынды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -115, каршы-жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору жалпысынан кабыл алынды

 

 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017 - 2018-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -115, каршы-жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018 - 2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -116, каршы-жок, бардыгы 116 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -115, каршы-жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -116, каршы-жок, бардыгы 116 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу тууралу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -111, каршы-5, бардыгы 116 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору четке кагылды).

 

“Кыргыз Республикасындагы жарандык-мекенчилдик тарбия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу тууралу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -112, каршы-4, бардыгы 116 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору четке кагылды).

 

“Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун четке кагуу тууралу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -114, каршы-2, бардыгы 116 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору четке кагылды).

 

 Бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -83, каршы-33, бардыгы 116 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Кодекстин долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -115, каршы-жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда кайрадан   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -113, каршы-1, бардыгы 114 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -115, каршы-жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -106, каршы-9, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -113, каршы-2, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -105, каршы-10, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам  долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

16. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү тууралуу» (депутаттар О.М.Артыкбаев, Т.А.Кадыркулов, Ж.А.Мусабекова жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомунун долбоорун кароо.

 

КСДП парламенттик фракциясынын лидери - депутат И.Ш.Өмүркуловдун сүйлөгөн сөзү.

 

Ушул токтомдун долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сүйлөгөн сөзү.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү тууралуу» (депутаттар О.М.Артыкбаев, Т.А.Кадыркулов, Ж.А.Мусабекова жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -111, каршы-жок, бардыгы 111 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

17. «Республиканын аэропортторунун жана авиакомпанияларынын жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча ишинин абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-январындагы №1257-VI токтомунун долбоорун кароо.

 

Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы-депутат И.И.Матраимовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар К.С.Бокоев, Р.Ч.Момбеков-убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөсү.

 

«Республиканын аэропортторунун жана авиакомпанияларынын жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча ишинин абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-январындагы №1257-VI токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -93, каршы-жок, бардыгы 93 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -90, каршы-1, бардыгы 91 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Өмүрбекова төрагалык кылды.

 

Каралып жаткан мыйзамдын долбоору  боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу сунуш боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -74, каршы-1, бардыгы 75 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошев, депутат А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары К.К.Шамканов, депутат С.А.Айдаров,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Р.Ш.Айдаралиева, депутаттар Ж.К.Турускулов, М.К.Жеенчороев, К.Т.Зулушев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын начальнигинин орун басары Ы.К.Саркулов.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Д.Э.Төлөнов төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ж.Жамангулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары К.К.Шамканов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Р.Ш.Айдаралиева, Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошев, депутаттар К.С.Нурматов, М.И.Бакиров.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Өмүрбекова  төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын экономика министри А.О.Кожошев, депутаттар Д.А.Жумабеков, Жунус уулу Алтынбек, К.С.Нурматов, К.С.Бокоев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда  добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                             Ч. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 1929