2017-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору (жаныртылды)

27-01-2017 16:23

Өзгөртүүлөр болушу мүмкүн

Долбоор

2017-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйналышынын күн тартиби

 

1. Ар кандай маселелер

2. “Өкмөттүк саат”: Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирлигине кирүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет)

3. “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Исакунова Т.Б., Өмүркулов И.Ш., Жээнбеков А.Ш., Исаев К.К., Турсунбеков Ч.А., Шер-Нияз С., Рыспаев К.Ж., Джакупова Ч.И., Алтыбаева А.Т., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Молдобекова Г.С., Салянова А.Ж., Асылбаева Г.К., Мамашова А.Т., Мавлянова М.Э., Строкова Е.Г., Исмаилова А.Ж., Султанбекова Ч.А., Сурабалдиева Э.Ж., Кодуранова А.С., Орозова К.Б., Өмүрбекова А.С., Мусабекова Ж.А., Токторов А.С., Асылбек уулу Д., Туманбаева Р.М., Скрипкина Г.А.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

4. “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Балдар жөнүндө кодекске, “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”, “Жарнак жөнүндө”, “Курал жөнүндө” мыйзамдарга) (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Исакунова Т.Б., Өмүркулов И.Ш., Жээнбеков А.Ш., Исаев К.К., Турсунбеков Ч.А., Шер-Нияз С., Рыспаев К.Ж., Джакупова Ч.И., Алтыбаева А.Т., Никитенко Н.В., Самигуллина А.Э., Молдобекова Г.С., Салянова А.Ж., Асылбаева Г.К., Мамашова А.Т., Мавлянова М.Э., Строкова Е.Г., Исмаилова А.Ж., Султанбекова Ч.А., Сурабалдиева Э.Ж., Кодуранова А.С., Орозова К.Б., Өмүрбекова А.С., Мусабекова Ж.А., Токторов А.С., Асылбек уулу Д., Туманбаева Р.М., Скрипкина Г.А.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет) 

5. “2016-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Өкмөт, 15.12.16дагы № 678 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

6. “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Баатырбеков А.Б., Нурбаев А.М., Исаева Д.Ш., Сулейманов Б.И., Мусабекова Ж.А.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

7. “Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын 24-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 31 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

8. “Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуудан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.01.17деги № 32 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

9. “Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.12.16дагы № 709 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

10. “Москва шаарында 2015-жылдын 2-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.12.16дагы № 715 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет)

11. “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.05.16дагы № 290 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

12. “Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Улуттук коопсуздук жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш.,
Зулпукаров Т.З., Жеенчороев М.К., Ибраимжанов Б.С., Бабанов Ө.Т., Сыдыков Б.Ү., Баатырбеков А.Б., Конушбаев Т.К., Токторов А.С., Турсунбаев А.А.)
 (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

13. “Согуштук абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Зулпукаров Т.З., Жеенчороев М.К., Ибраимжанов Б.С., Бабанов Ө.Т., Сыдыков Б.Ү., Баатырбеков А.Б., Конушбаев Т.К., Токторов А.С., Турсунбаев А.А.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет)

14. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)

16. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (депутат Төлөнов Д.Э. жөнүндө) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет)



Көрүүлөрдүн саны : 3216