Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 33 12.01.2017-жыл

17-01-2017
14:39

 

 

 

 

33

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

 

(2016-2017-жылдар)

 

 

 

2017-жылдын  12-январы                                              9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                              Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Ч.А.Турсунбеков

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: А.Б.Баатырбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.А.Турсунбаевге берилген), М.Э.Мавлянова  (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Абжалиевге  берилген), А.Э.Самигуллина (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген).

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.К.Мойдинов.

 

97  депутат катталды.

 

1. 2017-жылдын 12-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары  кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул-66, каршы-жок, бардыгы 66 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Т.Алтыбаева, Б.Э.Төрөбаев.

 

Чечим кабыл алынды- депутаттар  Д.Д.Бекешев, А.Т.Алтыбаева, М.К.Жеенчороев, У.Т.Кадыралиев, Д.А.Жумабеков, Т.Б.Исакунова, М.И.Бакиров, Жунус уулу Алтынбек, А.Ж.Акматов, А.Н.Шыкмаматов жана Ө.Т.Бабанов, Р.А.Казакбаев, М.К.Жеенчороев, А.С.Өмүрбекова, М.Э.Сабиров, Б.Ү.Сыдыков, А.Алтынбеков, Т.Г.Тиллаев, Б.К.Райымкулов, Н.Н.Нышанов, А.Ж.Жамангулов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик кодексине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  шайлоо комиссиялары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун жыйналыштын күн тартибинин долбооруна үчүнчү окууда киргизүү.

 

2017-жылдын 12-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул-86, каршы-жок, бардыгы 86 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери Б.Э.Төрөбаевдин «Ар түрдүү» маселе боюнча 10 мүнөткө чейин сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндөгү сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул-68, каршы-жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. Ар түрдүү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар П.Р.Тулендыбаев, Т.З.Зулпукаров, А.Ж.Салянова, К.Т.Зулушев, А.М.Эргешов, А.Т.Алтыбаева, Т.И.Икрамов, К.Жолдошбаев, Т.У.Шайназаров, А.Ж.Акматов, С.М.Джураев, Д.А.Жумабеков, А.М.Исаков, Б.Э.Төрөбаев, Н.В.Никитенко, У.Б.Примов, У.О.Самаев, И.Ю.Карамушкина, Г.К.Асылбаева, Т.А.Масабиров, К.С.Нурматов, К.Б.Орозова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, төрагалык кылуучу.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

80 депутат катталды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Т.Алтыбаева, Б.Ж.Субанбеков, Н.К.Макеев-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, төрагалык кылуучу.

 

Депутаттар Бекешев Д.Д., Турсунбеков Ч.А., Турсунбаев А.А. тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул-62, каршы-1, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

3. Депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Исаева Д.Ш., Жамалдинов З.И., Мусабекова Ж.А. тарабынан демилгеленген “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Депутаттар Примов У.Б., Бекешев Д.Д., Турсунбеков Ч.А., Алимбеков Н.К., Өмүркулов И.Ш., Казакбаев Р.А., Сурабалдиева Э.Ж., Акаев Ж.К., Тиллаев Т.Г., Алтыбаева А.Т., Төлөнов Д.Э., Нурбаев А.М., Маннанов И.А., Строкова Е.Г. тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат У.Б.Примовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат О.М.Артыкбаев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.Р.Тюменбаев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Т.А.Ашымбаева.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу депутат М.А.Исаковдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -73, каршы-1, бардыгы 74 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Т.А.Ашымбаева,  депутаттар У.Б.Примов-мыйзам долбоорунун демилгечиси, Т.А.Масабиров, М.А.Исаков, Ж.К.Акаев, А.М.Нурбаев, И.Ю.Карамушкина,  Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.Р.Тюменбаев,  депутат А.Т.Алтыбаева, Д.Асылбек уулу,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары К.А.Кумашов, депутаттар К.С.Нурматов, Г.К.Асылбаева, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Ү.Жапаров, К.С.Нурматов, мыйзам долбоорунун демилгечиси-У.Б.Примов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары Туманов Т.Т., Абдиев К. тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы  М.К.Жеенчороевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат Т.У.Шайназаров.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы  М.К.Жеенчороевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 13-октябрындагы №543 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы  М.К.Жеенчороевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат Б.Ж.Субанбеков.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы  М.К.Жеенчороевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Депутат Г.А.Скрипкина тарабынан демилгеленген  “Пробация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору  жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы  М.К.Жеенчороевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Депутаттар  Д.Д.Бекешев, А.Т.Алтыбаева, М.К.Жеенчороев, У.Т.Кадыралиев, Д.А.Жумабеков, Т.Б.Исакунова, М.И.Бакиров, Жунус уулу Алтынбек, А.Ж.Акматов, А.Н.Шыкмаматов жана Ө.Т.Бабанов, Р.А.Казакбаев, М.К.Жеенчороев, А.С.Өмүрбекова, М.Э.Сабиров, Б.Ү.Сыдыков, А.Алтынбеков, Т.Г.Тиллаев, Б.К.Райымкулов, Н.Н.Нышанов, А.Ж.Жамангулов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик кодексине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  шайлоо комиссиялары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

9. «Калкты көмүр менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» маселени кароо.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Кайыповдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Ү.Жапаров, А.Ж.Салянова, А.И.Кулбараков, М.К.Жеенчороев, төрагалык кылуучу, депутаттар Т.А.Масабиров, Д.Асылбек уулу, Н.В.Никитенко, К.Жолдошбаев, Т.У.Шайназаров, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору М.К.Жаманбаев, депутат Жунус уулу Алтынбек.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

113 депутат катталды.

 

Мурда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүүнү жүргүзүү  жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -84, каршы-жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат А.Ж.Салянова.

 

10. 2017-жылдын 12-январында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

115 депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -43, каршы-69, бардыгы 112 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -37, каршы-72, бардыгы 109 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -42, каршы-73, бардыгы 115 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -44, каршы-72, бардыгы 116 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору четке кагылды).

 

“Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -112, каршы-4, бардыгы 116 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Пробация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -113, каршы-3, бардыгы 116 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -116, каршы-жок, бардыгы 116 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик кодексине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  шайлоо комиссиялары тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -116, каршы-жок, бардыгы 116 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -115, каршы-жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп чечилди.

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -116, каршы-жок, бардыгы 116 депутат добуш берди, 116 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

11.  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым ченемдеринин аткарылышын камсыз кылуу тууралуу (жергиликтүү кеңештердин депутаттарына ырастамаларды жана төш белгилерин тапшыруу маселеси боюнча) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы  Н.К.Шайлдабекованын  маалыматы тууралуу» маселени кароо.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Н.К.Шайлдабекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Б.Э.Төрөбаев, И.А.Масалиев, М.А.Исаков, У.Б.Примов, Э.Ж.Байбакпаев, Д.Асылбек уулу, М.Э.Сабиров, Б.К.Райымкулов, Т.А.Масабиров, Д.Э.Төлөнов, К.Т.Зулушев, К.С.Нурматов, төрагалык кылуучу.

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                   Ч. Турсунбеков