Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 32 11.01.2017-жыл

17-01-2017
12:51

 

 

 

 

32

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

 

(2016-2017-жылдар)

 

 

 

2017-жылдын  11-январы                                              9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                              Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Ч.А.Турсунбеков

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: А.Б.Баатырбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.А.Турсунбаевге берилген), М.Э.Мавлянова  (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Абжалиевге  берилген), А.Э.Самигуллина (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген).

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.К.Мойдинов.

 

103  депутат катталды.

 

1. 2017-жылдын январына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планынын долбоорун негиз катары  кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул-91, каршы-жок, бардыгы 91 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Ө.Ч.Текебаев, А.Ж.Салянова, төрагалык кылуучу.

 

1. 2017-жылдын январына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планынын долбоорун депутат Ө.Ч.Текебаевдин сунушун эске алуу менен жалпысынан  кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул-90, каршы-жок, бардыгы 90 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. 2017-жылдын 11-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары  кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул-92, каршы-1, бардыгы 93 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Г.С.Молдобекова- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы, А.Ж.Салянова, төрагалык кылуучу, депутаттар А.К.Назаров, Д.Д.Бекешева, А.Т.Сулайманов, А.С.Токторов.

 

Чечим кабыл алынды- «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоуктуруу корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүүнү жарыялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү.

 

2017-жылдын 11-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул-90, каршы-жок, бардыгы 90 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Г.Төрөкуловдун («Бир Бол») ант берүүсү.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат К.Жолдошбаев.

 

4. Депутаттар Д.Д.Бекешев, Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Депутаттар Бекешев Д.Д., Икрамов Т.И., Никитенко Н.В., Өмүрбекова А.С., Строкова Е.Г., Иманалиев К.К., Шыкмаматов А.Н. тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекске, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 30-июнундагы №360 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) (2016-жылдын 326-сентябрындагы №509 токтому)   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Д.Асылбек уулунун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат З.И.Жамалдинов, төрагалык кылуучу.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары А.Ж.Мурзалиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Т.З.Зулпукаров, А.Т.Алтыбаева, М.Э.Сабиров, Ө.Ч.Текебаев, А.С.Токторов, У.Б.Примов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Б.А.Исмаилова, депутаттар О.М.Артыкбаев, М.А.Исакова.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу тууралуу депутаттар У.Б.Примов, М.Э.Сабировдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -72, каршы-жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Ү.Жапаров, Т.И.Икрамов, Р.Ч.Момбеков, З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары А.Ж.Мурзалиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун  биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 7-июнундагы №306 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Э.К.Абакировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Ө.Ч.Текебаев, төрагалык кылуучу, депутаттар Н.К.Макеев, О.М.Артыкбаев.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

11 саат 15 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

99 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 7-июнундагы №306 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеев, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -60, каршы-жок, бардыгы 60 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат М.Э.Сабиров.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2016-жылдын 30-июнундагы №365 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Э.К.Абакировдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар У.Б.Примов, М.Э.Сабиров, Э.Ж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Р.Ш.Айдаралиева, депутаттар Т.Г.Тиллаев, А.Н.Шыкмаматов,  Г.К.Асылбаева, К.Т.Зулушев,  Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин ЭЭЗ ишкердик ишмердүүлүгүн жөнгө салуу  башкармалыгынын  жана ишкердик саясат секторунун башчысы А.Т.Кожомбердиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеев, төрагалык кылуучу, депутат Т.З.Зулпукаров.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Макеевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -89, каршы-1, бардыгы 90 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

11. «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоуктуруу корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүүнү жарыялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Каралып жаткан токтомдун долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалыдк маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлөгөн сөзү.

 

«Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоуктуруу корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлерди көрсөтүүнү жарыялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -91, каршы-жок, бардыгы 91 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

Мурда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүүнү жүргүзүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -97, каршы-жок, бардыгы 97 депутат добуш берди.

 

Чечим  кабыл алынды.

 

12. 2017-жылдын 11-январында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

115 депутат катталды.

 

 “Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -114, каршы-жок бардыгы 114 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

 “Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -115, каршы-жок бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -115, каршы-жок бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекске, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -115, каршы-жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -115, каршы-жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын   Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул -115, каршы-жок, бардыгы 115 депутат добуш берди, 115 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

          Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                       Ч. Турсунбеков