Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 17-январынан тартып коомдук талкууга коюлат

17-01-2017
12:00

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары М.Сабиров, К.Алимбеков, А.Кодуранова, И.Масалиев, А.Шыкмаматов

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-88-98

Каттоо  № 6-896/17      16.01.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары” 2008-жылдын июлу, № 30;) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-4-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

“2. Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектебинде билим алган адамдарга иштеген жери боюнча эмгек акысы сакталбай туруп окуусу аяктаганга чейин эмгек өргүү берилет.”

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

Долбоор

“Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

133-беренеде:

2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

“Сот адилеттүүлүгүнүн Жогорку мектебинде окуп жаткан кызматкерлерге - бир жылга чейинки мөөнөт менен;”.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жараяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Аталган мыйзам долбоорлорундагы негизги милдет - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү укуктук ченемдерди киргизүү болуп саналат, ага ылайык ар бир жаран судьянын кесибин пландоого мүмкүнчүлүк алат. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерге жетүү үчүн “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен, башкача айтканда судьянын кызмат ордуна талапкерге атайын даярдоодон өтүү, өндүрүштөн ажыратып, бирок иштеген иш ордун сактоо мүмкүндүгүн берүүнү белгилөө сунушталган, ошондой эле иш берүүчүлөрдү эмгек акысын сактабай туруп эмгек өргүү берүүгө милдеттендирет, бул жарандардын кесибин эркин тандоо укугун ишке ашыруусун камсыз кылат.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 5-4-беренесине ылайык жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерликке окутууну Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектеби жүзөгө ашырат. Судьянын кызмат ордуна талапкер болгон адамдар бир жылдык мөөнөт менен күндүзгү билим алуудан өтүүлөрү тийиш жана ал аяктагандан кийин кесиптик экзамен жүргүзүлөт. Мында жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна талапкер болгон адам Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектебинде билим алууга өткөндөн кийин негизги иштеген жеринен бошонууга аргасыз болот. Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектебинде акы төлөп билим алуу сунушталгандыктан талапкер билим алуу учурунда кирешесинин жок болгондугуна байланыштуу мурдагы иштеген жерине кайтып келүү же судьянын кызмат ордуна дайындалуукепилдигинен ажырайт.

Талапкер билим алып чыккандан кийин экзамен берүүнүн жыйынтыктары боюнча сертификат алат. Ал сертификат талапкерди сынактык тандоого кирүүгө мүмкүндүк берет. Бирок, билим алып чыккандан кийин андан ары ишке жайгашууга кепилдик бербейт.

Коңшу мамлекеттерде, мисалы Казакстан Республикасында аталган маселе боюнча иш башкача нукта жүрөт – судьялыкка талапкерди негизги иштеген жеринен бошотуп туруп бир жылга акы төлөп билим берүү киргизилген. Ошол себептүү стажировкадан сапаттуу өтүү, судьялыкка талапкерлердин иш тажрыйбаларга ээ болуу, стажорлорго эмгек акы төлөөлөрдүн кепилдиги үчүн ойдогудай шарттар түзүлгөн.

Өзбекстанда Юристтердин кесибин жогорулатуу борборунда билим алуу мезгилинде, ошондой эле тиешелүү соттордо стажировкадан өтүү учурларында судьянын кызмат ордуна талапкерлер негизги иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталуу менен эмгек милдеттерин аткаруудан бошотулат.

Жогоруда баяндалганга байланыштуу, мыйзам долбоорунда иш берүүчүлөрдү Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектебине окууга өткөн адамдарга бир жылга чейинки мөөнөт менен эмгек акысын сактабай туруп эмгек өргүүсүн берүүнү милдеттендирүү сунушталган.

Ошол эле мезгилде аталган мыйзам долбоору ишкердик иштердин маселелерин козгобой тургандыгын, регулятивдүү таасир көрсөтүү анализин (“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренеси) талап кылынбай тургандыгын белгилөө зарыл.

Кыргыз Республикасынын бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча финансы чыгымдарына алып келбейт.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди пайда кылбайт.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет.

Мындан тышкары, аталган мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына (www.kenesh.kg) жайгаштырылгандыгын билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттары                                                   М.Э. Сабиров

                                                                                                          Н. К. Алимбеков

А. С. Кодуранова

И. А. Масалиев

А. Н. Шыкмаматов

“Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбооруна

салыштырма-таблица

Колдонуудагы редакция

Сунушталган редакция

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси

133-статья. Эмгек акы сакталбаган өргүү

Үй-бүлөдөгү шарттар жана башка жүйөлүү себептер боюнча кызматкерге жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек акысы сакталбаган өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.

Иш берүүчү кызматкердин арызынын негизинде төмөнкүдөй учурларда эмгек акысы сакталбаган өргүү берүүгө милдеттүү:

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана жеңилдиктери боюнча аларга теңештирилген адамдарга, Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюуга катышкандарга - бир жылда 14 календардык күнгө чейин;

өлкөнү коргоодо алган жаракаттын, контузиянын же мертинүүнүн айынан же фронтто болгондугуна байланыштуу дартка чалдыгып курман болгон аскер кызматкерлеринин ата-энелерине жана жубайларына - жылына 14 календардык күнгө чейин;

иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга - жылына 60 календардык күнгө чейин;

кызматкерлерге - бала төрөлгөн, никеге катталган, жакын туугандары каза болгон учурларда - 5 календардык күнгө чейин;

ушул Кодексте, башка мыйзам актыларында, болбосо жамааттык келишимде каралган башка учурларда.

Кызматкер айлыгы сакталбаган өргүүдө болгон мезгилде анын жумуш орду (кызмат орду) сакталат.

Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерди кызмат акысы сакталбаган өргүүгө жиберүүгө жол берилбейт.

Сот адилеттүүлүгүнүн Жогорку мектебинде окуп жаткан кызматкерлерге - бир жылга чейинки мөөнөт менен

ушул Кодексте, башка мыйзам актыларында, болбосо жамааттык келишимде каралган башка учурларда.

Кызматкер айлыгы сакталбаган өргүүдө болгон мезгилде анын жумуш орду (кызмат орду) сакталат.

Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерди кызмат акысы сакталбаган өргүүгө жиберүүгө жол берилбейт.

“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы

5-4-берене. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу

  1. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектеби тарабынан жүзөгө ашырылат. Судьянын кызмат ордуна талапкер болгон адамдар бир жылга чейинки мөөнөттөгү күндүзгү окуудан өтүүгө тийиш, аны аяктагандан кийин квалификациялык экзамен өткөрүлөт.

2. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуудан өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Жогорку соттун төрагасы жана Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.

5-4-берене. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу

  1. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектеби тарабынан жүзөгө ашырылат. Судьянын кызмат ордуна талапкер болгон адамдар бир жылга чейинки мөөнөттөгү күндүзгү окуудан өтүүгө тийиш, аны аяктагандан кийин квалификациялык экзамен өткөрүлөт.
  2. . Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектебинде билим алган адамдарга иштеген жери боюнча эмгек акысы сакталбай туруп окуусу аяктаганга чейин эмгек өргүү берилет.

3. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуудан өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Жогорку соттун төрагасы жана Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.