2016-жылдын 29-декабры № 1224-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

06-01-2017 18:31

2016-жылдын 29-декабры № 1224-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. “Европа Бирлигинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 32-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Султанбекова Чолпон Аалыевна жана Масалиев Исхак Абсаматович Европа Бирлигинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;

Эргешев Алмазбек Манасбекович жана Юсуров Абдумажит Лелезович Европа Бирлигинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.

2. “Европа Бирлиги-Кыргызстан” Парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 42-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Юсуров Абдумажит Лелезович “Европа Бирлиги-Кыргызстан” Парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;

Масалиев Исхак Абсаматович “Европа Бирлиги-Кыргызстан” Парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.

1.1. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“1.1. Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович Комитеттин тең төрагалыгына шайлансын.”.

 

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 839