2016-жылдын 29-декабры № 1223-VI “Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү тууралуу

06-01-2017 18:28

2016-жылдын 29-декабры № 1223-VI

“Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.А. Скрипкина, Ч.И. Жакупова жана А.С. Кодуранова демилгелеген “Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуудагы режимге кайтарылып берилсин.

 

2. “Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-июнундагы № 701-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 895