2016-жылдын 29-декабры № 1222-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2016-жылдын 29-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

06-01-2017 18:24

2016-жылдын 29-декабры № 1222-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2016-жылдын 29-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-декабрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

 

Кароого киргизилген маселелер:

 

Ар кандай маселелер;

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин долбоору тууралуу;

“Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Улуттук валютаны бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Жарнак жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

 

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 913