Протокол № 30 28.12.2016-жыл

06-01-2017 16:49

 

 

 

 

30

 

                                                                                              

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

 

(2016-2017-жылдар)

 

 

2016-жылдын 28-декабры                                                           9 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Төрагалык кылган                                               Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

                                                                                   Ч.А.Турсунбеков

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары К.А.Абышев.

 

109 депутат катталды.

 

1. 2016-жылдын 28-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 66, каршы - жок, бардыгы 66 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

                        Сөз сүйлөдү: депутаттар А.У.Жапаров, А.К.Назаров, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, депутат С.К.Нышанов.

           

                        Чечим кабыл алынды: - депутаттар С.К.Нышанов, Алтынбек Жунус уулу, А.Б.Баатырбеков, И.А.Кадыркулова, А.У.Жапаров, А.А.Арапбаев, Н.К.Алимбеков, А.Ж.Акматов, Д.А.Джумабекова, У.К.Жылкыбаев, А.С.Омурбекова, С.М.Джураев, Н.Б.Баяхунов, И.И.Матраимов, А.А.Турсунбаев, Т.А.Масабиров, С.А.Айдаров, К.Ш.Баймуратов, Т.Г.Тиллаев, И.В.Чудинов, Э.Ж.Сурабалдиева, М.Б.Эгембердиев, Б.У.Сыдыков, Д.Б.Аттокуров, М.И.Бакиров, Н.К.Макеев тарабынан демилге кылынган “Ысык-Көл” эколого-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда жыйналыштын күн тартибинин долбооруна киргизүү.

                       

            2016-жылдын 28-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 70, каршы - жок, бардыгы 70 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

                        Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.К.Алимбеков, депутаттар М.И.Бакиров, К.К.Иманалиев.

 

                        2. Депутаттар М.И.Бакиров, А.Ж.Акматов, С.К.Нышанов тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорологиялык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

                       

                        Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин өкүлү М.И.Бакировдун сөзү.

                       

                        Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

           

                        Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

                       

                        3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 14-октябрындагы №556 токтом) “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

                       

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

                       

Сөз сүйлөдү: депутат У.Б.Примов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегара кызматынын төрагасынын орун басары К.Б.Исаков, депутат О.М.Артыкбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин директору А.М.Мусаев, депутаттар Ж.К.Акаев, Т.З.Зулпукаров, З.И.Жамалдинов, К.С.Бокоев, Б.Ж.Субанбеков, Д.А.Джумабеков, А.Ж.Акматов, К.С.Нурматов, Э.Т.Токтошев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

                       

                        Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

           

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 13-октябрындагы №545 токтом) “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Д.Д.Бекешевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 70, каршы - 1, бардыгы 71 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, азык-түлүк өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Э.У.Чодуев, депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары О.В.Горин, депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун төрагасынын орун басары Р.Т.Каракулов, депутаттар И.Ю.Карамушкина, Ж.К.Акаев, Э.Т.Токтомушев, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөл департаментинин директору Т.Б.Исаков, депутат Р.М.Туманбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын статс-катчысы Т.С.Асылбеков, депутаттар Ж.Б.Субанбеков, Н.В.Никитенко.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Т.Асылбаева, Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, төрагалык кылуучу.

 

15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

 

                                               11 саат 15 мүнөт.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Омурбекова төрагалык кылды.

 

105 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 13-октябрындагы №545 токтом) “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо улантылды.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Депутаттар М.Э.Сабиров, М.И.Бакиров, Адыл Жунус уулу, И.Ш.Омуркулов, Ж.К.Турускулов, М.Э.Мавлянова тарабынан демилгеленген “Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, “Электрэнергетикасы жөнүндө”, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Назаровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.А.Аманкулов, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – М.Э.Сабиров, Д.Д.Бекешев, К.Б.Орозова.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.А.Аманкулов, Д.Д.Бекешев, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – М.Э.Сабиров, Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен чыгаруу жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетине кайтарып берүү жөнүндө депутаттар М.А.Аманкулов, Д.Д.Бекешевдердин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 66, каршы - жок, бардыгы 66 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

6). Депутат М.Э.Сабиров тарабынан демилгеленген “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.К.Назаров, төрагалык кылуучу.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Н.Шыкмаматовдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Ж.Салянова, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – М.Э.Сабиров, С.К.Нышанов.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Б.У.Сыдыковдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 57, каршы - 3, бардыгы 60 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар К.Б.Орозова, , мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Н.Шыкмаматов.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.А.Исаков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Н.Шыкмаматов.

 

Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Омурбекова төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар К.С.Нурматов, З.И.Жамалдинов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Ж.Салянова, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – М.Э.Сабиров.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Н.Шыкмаматов.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары Х.З.Коркмазов демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Н.Шыкмаматовдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.З.Зулпукаров, А.Т.Алтыбаева, М.Э.Сабиров, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда четке кагуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Н.Шыкмаматовдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

 

                                               14.00. саат

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.С.Омурбекова төрагалык кылды.

 

104 депутат катталды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 1-июнундагы №291 токтом) “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө  Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.Л.Юсуровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

10. Депутаттар Д.Д.Бекешев, К.К.Иманалиев, Э.Ж.Сурабалдиева, Ж.К.Акаева, С.Шер-Нияз тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө”, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларынын тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”, “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө”, “Дене тарбиясы жана спорт жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – депутат Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.И.Бакиров, Г.К.Асылбаева, Э.Дж.Байбакпаев, И.Ю.Карамушкина.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

11. Депутаттар С.К.Нышанов, Алтынбек Жунус уулу, А.Б.Баатырбеков, И.А.Кадыркулов, А.У.Жапаров, А.А.Арапбаев, Н.К.Алимбеков, А.Ж.Акматов, Д.А.Джумабеков, У.К.Жылкыбаев, А.С.Омурбекова, С.М.Джураев, Н.Б.Баяхунов, И.И.Матраимов, А.А.Турсунбаев, Т.А.Масабиров, С.А.Айдаров, К.Ш.Баймуратов, Т.Г.Тиллаев, И.В.Чудинов, Э.Ж.Сурабалдиева, М.Б.Эгембердиев, Б.У.Сыдыков, Д.Б.Аттокуров, М.И.Бакиров, Н.К.Макеев тарабынан демилгеленген “Ысык-Көл” эколого-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – депутат С.К.Нышановдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар И.Ю.Карамушкина, М.Э.Сабиров, А.Т.Алтыбаева, З.И.Жамалдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, депутат Н.В.Никитенко, К.Т.Зулушев, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири – У.К.Жылкыбаев.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

12. “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык-укуктук коргоонун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) К.Т.Оторбаевдин атайын баяндамасы жөнүндө” маселени кароо.

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) К.Т.Оторбаевдин сөзү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

 

13. 2016-жылдын 28-декабрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

11депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароого добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 111 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароого добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 6, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - 3, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун четке кагуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - 3, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору четке кагылды).

 

“Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (майыптуулугу бар адамдарга укук жана кепилдик маселелери боюнча) (Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө”, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу мүчөлүк акыларынын тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”, “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө”, “Дене тарбиясы жана спорт жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - 1, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Ысык-Көл” эколого-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - 8, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык-укуктук коргоонун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) К.Т.Оторбаевдин атайын баяндамасы жөнүндө” маселени кароо улантылды.

Сөз сүйлөдү: депутат Д.А.Джумабекова, төрагалык кылуучу.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Д.А.Джумабеков сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 85, каршы - 6, бардыгы 91 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) К.Т.Оторбаев, депутат А.С.Омурбекова, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутат Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ж.П.Разаков, депутаттар М.И.Бакиров, Э.Дж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутаттар К.Б.Орозова, Д.А.Джумабеков, Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 58, каршы - жок, бардыгы 58 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат И.Ю.Карамушкина, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) К.Т.Оторбаев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары К.С.Асанов, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, Э.Ж.Сурабалдиев, А.У.Жапаров, А.Н.Шыкмаматов, М.Ю.Абдылдаев, А.С.Омурбекова, Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков, депутат Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу.

 

Сөз сүйлөдү: “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык-укуктук коргоонун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) К.Т.Оторбаевдин атайын баяндамасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) К.Т.Оторбаев.

 

Айтылган сунуштарды эске алуу менен “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык-укуктук коргоонун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) К.Т.Оторбаевдин атайын баяндамасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 54, каршы - жок, бардыгы 54 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарынын ыйгарым укугун алып салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                                                          Ч.А.Турсунбеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 2061