Протокол № 27 15.12.2016-жыл

20-12-2016 16:09

27

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН II СЕССИЯСЫ

(2016-2017-жылдар)

2016-жылдын 15-декабры                                                           9 саат 30 мүнөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

Төрагалык кылган                                                           Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

                                                                                              Ч.А.Турсунбеков

Жыйналышка катышпаган депутаттар: А.Т.Мамашова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ө.Ч.Текебаевге берилген), И.А.Маннанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.З.Зулпукаровго берилген), А.М.Нурбаев, С.К.Нышанов, К.Б.Орозова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.М.Артыкбаевге берилген), Р.М.Туманбаева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Жунус уулу Адылга берилген).

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү М.А.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.К.Мойдинов.

100 депутат катталды.

1. 2016-жылдын 15-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 67, каршы - 1, бардыгы 68 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

            2016-жылдын 15-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 68, каршы - жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

2. Ар түркүн.

Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.И.Икрамов, О.М.Артыкбаев, А.Ж.Исмаилова, М.И.Бакиров, А.Ж.Акматов, А.М.Эргешов, У.К.Жылкыбаев, Б.Ж.Субанбеков, Ж.А.Мусабекова, З.И.Жамалдинов, И.Ш.Омуркулов, М.А.Исаков, У.З.Ормонов, А.Т.Алтыбаева, И.З.Сарсеитов, Р.Ч.Момбеков, П.Р.Тулендыбаев, Н.В.Никитенко, К.Ш.Баймуратов, А.А.Турсунбаев, С.А.Айдаров, И.И.Матраимов, Т.А.Масабиров, Т.Г.Тиллаев, К.Т.Зулушев, К.С.Нурматов, А.С.Омурбекова, Б.К.Райымкулов, А.Алтынбеков, Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.М.Темирбаев, төрагалык кылуучу.

Депутат У.З.Ормоновдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын кызыкчылыгын коргоо боюнча Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин иши жөнүндө маселени кароо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

                                   11 саат 30 мүнөт

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

94 депутат катталды.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары О.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.Кочкарова тарабынан демилге кылынган Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекстин долбоорун үчүнчү окууда кароо.

Сунуш кылынган Кодекстин долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү У.К.Жылкыбаевдин сөзү.

Сөз сүйлөдү: депутат А.У.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Г.У.Калиеванын, депутаттар И.Ю.Карамушкина, К.Т.Зулушев.

Ушул Кодекстин долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү У.К.Жылкыбаевдин сөзү.

Көрсөтүлгөн Кодекстин долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары О.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.Кочкарова, Т.О.Тербишалиев тарабынан демилге кылынган Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин долбоорун үчүнчү окууда кароо.

Сунуш кылынган Кодекстин долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү У.К.Жылкыбаевдин сөзү.

Сөз сүйлөдү: депутат К.Т.Зулушев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Г.У.Калиева, депутаттар О.Ч.Текебаев, Д.А.Джумабеков.

Ушул Кодекстин долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү У.К.Жылкыбаевдин сөзү.

Көрсөтүлгөн Кодекстин долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаттары О.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.Кочкарова тарабынан демилге кылынган “Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү У.К.Жылкыбаевдин сөзү.

Көрсөтүлгөн Кодекстин долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

6. Депутаттар У.К.Жылкыбаев, А.С.Кодуранова, Дж.А.Бакчиев, А.А.Шадиев, М.Э.Сабиров, Н.К.Алимбекова, А.Н.Шыкмаматов тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын административдик-процесстик кодекси жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жана “Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын үчүнчү окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү У.К.Жылкыбаевдин сөзү.

Сөз сүйлөдү: депутат К.Т.Зулушев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Г.У.Калиева, депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Р.И.Ибраимов, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, К.С.Нурматов.

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү У.К.Жылкыбаевдин сөзү.

Көрсөтүлгөн Кодекстин долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

7). Депутат Ө.Т.Бабанов, А.Алтынбеков, А.Т.Абжалиев, Э.Дж.Байбакпаев, К.Ш.Баймуратов, К.С.Бокоев, А.Ж.Жамангулова, М.К.Жеенчороев, Жунус уулу Адыл, К.Т.Зулушев, Ф.А.Иминов, Д.Ш.Исаева, А.Ж.Исмаилова, Р.А.Казакбаев, У.Т.Кыдыралиева, М.Э.Мавлянова, Т.Т.Мамытов, Н.Н.Нишанов, А.С.Омурбекова, Б.К.Райымкулов, М.Э.Сабиров, Б.У.Сыдыков, Т.Г.Тиллаев, П.Р.Тулендыбаев, Р.М.Туманбаева, Ж.К.Турускулов, У.С.Чолпонбаев тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана депутаттар Г.А.Скрипкина, О.Т.Бабанов, К.Дж.Рыспаев, Д.Д.Бекешев, Г.К.Асылбаева, А.Б.Баатырбеков, Т.З.Зулпукаров, У.Б.Примов, И.Ш.Омуркулов, К.Т.Зулушев, О.М.Артыкбаев, Р.М.Туманбаева тарабынан демилге кылынган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү У.К.Жылкыбаевдин сөзү.

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.А.Джумабеков, Т.З.Зулпукаров – мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, төрагалык кылуучу.

Жыйналыштын күн тартибинен каралып жаткан мыйзам долбоорлорун чыгаруу жөнүндө депутат А.Т.Сулаймановдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 55, каршы - 11, бардыгы 66 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

Сөз сүйлөдү. Депутат О.Ч.Текебаев, төрагалык кылуучу.

8. Депутаттар Д.Д.Бекешев, А.Т.Алтыбаева, М.К.Жеенчороев, У.Т.Кыдыралиев, Д.А.Джумабеков, Т.Б.Исакунова, М.И.Бакиров, Алтынбек Жунус уулу, А.Ж.Акматов, А.Н.Шыкмаматов тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү У.К.Жылкыбаевдин сөзү.

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун асары Н.К.Алимбеков сүйлөдү.

            Сөз сүйлөдү: депутаттар О.Ч.Текебаев, Б.Ж.Субанбекоы , Д.Д.Бекещев – мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири.

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү У.К.Жылкыбаевдин сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

9. Депутаттар К.Т.Зулушев, М.Ю.Абдылдаев демилге кылган “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү У.К.Жылкыбаевдин сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 8-июлундагы №380 токтом) “Кыймылсыз мүлктү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү У.К.Жылкыбаевдин сөзү.

Сөз сүйлөдү: депутат Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары М.С.Иминов, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Э.ДЖ.Байбакпаев.

Ушул мыйзам долбоорлорун кароону 14.00 саатка чейин кийинкиге калтыруу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 48, каршы - 5, бардыгы 59 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

Ушул мыйзам долбоорлорун кароону 14.00 саатка чейин кийинкиге калтыруу жөнүндө кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 57, каршы - 2, бардыгы 59 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

11. Депутаттар Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров, Д.Ш.Исаева, З.И.Жамалдинов, Ж.А.Мусабекова демилге кылган “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү, депутат Г.К.Асылбаеванын сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 13-октябрындагы №547 токтом) “Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган “Кыргыз Республикасында сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду” даярдоо максатында Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы грант жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү Б.И.Сулеймановдун сөзү.

            Cөз сүйлөдү: депутаттар А.А.Арапбаев, Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, азык-түлүк өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, М.И.Бакиров, А.У.Жапаров, Д.Б.Аттокуров, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, азык-түлүк өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу “Агробизнес” борборунун директору А.Дооронов, депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары М.К.Байгончоков.

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү Б.И.Сулеймановдун сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

            1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

                                                           14 саат 10 мүнөт

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

            95 депутат катталды.

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 8-июлундагы №380 токтом) “Кыймылсыз мүлктү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо улантылды.

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары К.К.Шамканов.

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.К.Алимбеков төрагалык кылды.

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы А.С.Кодуранованын сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

            Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

            Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

            13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынган (2016-жылдын 19-октябрындагы №557 токтом) Бишкек шаарында 2015-жылдын 30-ноябрында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы (“Бишкек шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу”) Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө”; Бишкек шаарында 2015-жылдын 30-ноябрында кол коюлган “Бишкек шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу” долбоору боюнча РӨЕБ акционерлеринин Атайын фонду тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек троллейбустук башкармалыгынын жана инвестициялык гранттар боюнча Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу”; Бишкек шаарында 2015-жылдын 30-ноябрында кол коюлган “Бишкек шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу” долбоору боюнча РӨЕБ акционерлеринин Атайын фонду тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек троллейбустук башкармалыгынын жана инвестициялык гранттар боюнча Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга” №1 өзгөртүү киргизүү жөнүндө Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кароо.

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары К.К.Иманалиевдин сөзү.

            Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.К.Алимбеков төрагалык кылды.

            Сөз сүйлөдү: депутат М.И.Бакиров.

            Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары К.К.Иманалиевдин сөзү.

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

            14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 25-октябрындагы №561 токтом), 2016-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияны колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары К.К.Иманалиевдин сөзү.

            Сөз сүйлөдү: депутат Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары А.З. Сазбеков, депутат Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын финансы министри А.А.Касымалиев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары М.К.Байгончоков, депутат Э.Дж.Байбакпаев.

            Депутат Т.З.Зулпукаровдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауддук өнүгүү фондунун ортосундагы “Мамлекеттик мектептерди курууну” каржылоо жөнүндө кредиттик Макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам долбоорун кароого киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

            Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.А.Турсунбеков төрагалык кылды.

            Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Т.Алтыбаева, М.А.Исаков, Д.Д.Бекешев.

            Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары К.К.Иманалиевдин сөзү.

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

            15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылган (2016-жылдын 1-ноябрындагы №567 токтом) “2010-жылдын 15-декабрындагы Эл аралык валюта фондунун башкарма Кеңешинин №66-2 резолюциясында кабыл алынган, Аткаруу кеңешинин квоталарын жана реформаларды он төртүнчү кайра кароосу жөнүндө Эл аралык валюта фондунун Макулдашуу Статьяларындагы түзөтүүлөрдү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.А.Касымалиевдин сөзү.

            Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.И.Сулайманов, Д.Д.Бекешев, Т.А.Масабиров, төрагалык кылуучу.

            Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары К.К.Иманалиевдин сөзү.

            Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

            16. 2016-жылдын 15-декабрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

            110 депутат катталды.

            Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 109, каршы - 1, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Кодекстин долбоору толугу менен кабыл алынды).

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - жок, бардыгы 110 депутат добуш берди, 110 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Кодекстин долбоору толугу менен кабыл алынды).

“Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

“Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 113, каршы - жок, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

            “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - 1, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

“Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 113, каршы - жок, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

Кыймылсыз мүлктү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо укугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 110, каршы - 3, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

“Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

“Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - жок, бардыгы 111 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

“Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 113, каршы - жок, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

“Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Кыргыз Республикасында сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоор” даярдоо максатындагы грант жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 59, каршы - 54, бардыгы 113 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

Бишкек шаарында 2015-жылдын 30-ноябрында кол коюлган, “Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы (“Бишкек шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу”) Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө”; Бишкек шаарында 2015-жылдын 30-ноябрында кол коюлган, “Бишкек шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу” долбоору боюнча РӨЕБ акционерлеринин Атайын фонду тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек троллейбустук башкармалыгынын жана инвестициялык гранттар боюнча Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу”; Бишкек шаарында 2016-жылдын 20-ноябрында кол коюлган, 2015-жылдын 30-ноябрынан “Бишкек шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу” долбоору боюнча Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү баркынын акционерлеринин Атайын фонду тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек троллейбустук башкармалыгынын жана инвестициялык гранттар боюнча Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга” №1 өзгөртүү киргизүү жөнүндө Макулдашуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлоруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 104, каршы - 7, бардыгы 111 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

Бишкек шаарында 2015-жылдын 30-ноябрында кол коюлган, “Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы (“Бишкек шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу”) Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө”; Бишкек шаарында 2015-жылдын 30-ноябрында кол коюлган, “Бишкек шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу” долбоору боюнча РӨЕБ акционерлеринин Атайын фонду тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек троллейбустук башкармалыгынын жана инвестициялык гранттар боюнча Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу”; Бишкек шаарында 2016-жылдын 20-ноябрында кол коюлган, 2015-жылдын 30-ноябрынан “Бишкек шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу” долбоору боюнча Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү баркынын акционерлеринин Атайын фонду тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, Бишкек троллейбустук башкармалыгынын жана инвестициялык гранттар боюнча Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга” №1 өзгөртүү киргизүү жөнүндө Макулдашуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлоруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 105, каршы - 5, бардыгы 110 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 106, каршы - 6, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

“Бишкек шаарында 2016-жылдын 22-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлоруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

2010-жылдын 15-декабрындагы Эл аралык валюта фондунун башкарма Кеңешинин №66-2 резолюциясында кабыл алынган, Аткаруу кеңешинин квоталарын жана реформаларды он төртүнчү кайра кароосу жөнүндө Эл аралык валюта фондунун Макулдашуу Статьяларындагы түзөтүүлөрдү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

“2010-жылдын 15-декабрындагы Эл аралык валюта фондунун башкарма Кеңешинин №66-2 резолюциясында кабыл алынган, Аткаруу кеңешинин квоталарын жана реформаларды он төртүнчү кайра кароосу жөнүндө Эл аралык валюта фондунун Макулдашуу Статьяларындагы түзөтүүлөрдү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

“2010-жылдын 15-декабрындагы Эл аралык валюта фондунун башкарма Кеңешинин №66-2 резолюциясында кабыл алынган, Аткаруу кеңешинин квоталарын жана реформаларды он төртүнчү кайра кароосу жөнүндө Эл аралык валюта фондунун Макулдашуу Статьяларындагы түзөтүүлөрдү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 111, каршы - жок, бардыгы 1112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

“2010-жылдын 15-декабрындагы Эл аралык валюта фондунун башкарма Кеңешинин №66-2 резолюциясында кабыл алынган, Аткаруу кеңешинин квоталарын жана реформаларды он төртүнчү кайра кароосу жөнүндө Эл аралык валюта фондунун Макулдашуу Статьяларындагы түзөтүүлөрдү ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул - 112, каршы - жок, бардыгы 1112 депутат добуш берди, 112 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

Төрага                                                                                                          Ч.А.Турсунбеков

Көрүүлөрдүн саны : 2267