Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2016-жылдын 20-декабрынан тартып коомдук талкууга коюлат

20-12-2016
13:04

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары Салянова А.Ж., Текебаев Ө.Ч., Никитенко Н.В., Орозова К.Б.,  Жээнчороев М.К., Токтошев Э.Т., Акаев Ж.К.

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-87-29

Каттоо  № 6-29803/16      15.12.2016

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

1. 46-статьянын 1-бөлүгү төмөндөгүдөй сүйлөм менен толукталсын:

“Жашы жетпегендердин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар боюнча педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу мөөнөтсүз дайындалат.”.

2. 73-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

“(3) Жашы жетпегендердин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасагандыгына байланыштуу жаза өтөп жаткан адамга карата мунапыс колдонулушу мүмкүн эмес.”.

3. 132-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

“Он алты жашка толо элек экендиги белгилүү болгон адам менен 18 жашка толгон адам жыныстык катнашта болгондо бачабаздык же лесбиянчылык кылганда, жашы жетпегендерден башкалар, - педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.”.

4. 133-статьяда:

- 2-бөлүктүн 2-пунктунун экинчи абзацындагы “үч жылга чейин педагогдук же башка” деген сөздөр “педагогикалык” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы “үч жылга чейин педагогдук же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки” деген сөздөр “педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

1. 26-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

“(4) жашы жетпегендерге карата кылмыш жөнүндө иш жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жок болгон учурда да козголот.”.

4-бөлүк тийиштүү түрдө 5-бөлүк деп эсептелинсин.

2. 28-статьяда:

- 4-бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

“4) жашы жетпегендин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы.”;

- төмөндөгүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

“(5) Эгерде адам жашы жетпегендин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаса, ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 14-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти токтотууга жол берилбейт.”.

3. 159-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү “Жеке” деген сөз “Ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, жеке” деген сөз менен алмаштырылсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

 

Балдарга карата күч колдонуу фактысы жылдан-жылга көбөйүп жатат. Мына ушул жагдайда жашы жете электерге, анын ичинде жаш балдарга карата жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы жасалган кылмыштардын саны өсүүдө.

Бүгүнкү күндө педофилдерге карата колдонулган айрым кылмыштык санкцияларды күчтөндүрүү боюнча кайра кароо зарылчылыгы курч коюлууда. Алсак, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени өткөргөн сот практикасына мониторингдин жүрүшүндө жашы жетпегендерди (жаш балдарды зордуктагандарды КР КЖК 132-беренеси боюнча (он алты жашка чыга элек балдар менен жыныстык катнаш жана башка сексуалдык аракеттер болгондо), кылмыш жоопкерчилигине тарткан учурлар бир нече ирет жолуккан. Бул боюнча эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүүч жылга чейинки мөөнөттүтүзөт, ал эми КР КЖК 129-беренеси (зордуктоо) боюнча санкциялар кыйла катаал. Бул учурда мындай кайра квалификациялоо үчүн төмөндөгү факторлор формалдуу негиз болуп саналат: КР КЖК 132-беренеси боюнча кылмыш объектисинин курактык чегинин кеңдиги, ошондой эле ар түрдүү себептерге жараша жабырлануучунун (анын ичинде жаш баланын) КР КЖК 129-беренеси боюнча алгач коюлган күнөөлөөдөн баш тартуусу. Ошондуктан соттор адептиктин бардык нормаларын бузуу менен алгачкы көрсөтмөсүндө зордуктоо бар экендиги айтылса да жыныстык катнаш “эки тараптын макулдугу боюнча” болгон деген жаш балдардын көрсөтмөлөрүнө негизденип, жаткандыгын белгилөө зарыл. Ошону менен бирге зордуктоо тууралуу көрсөтмөлөр жок болсо да, соттор жаш балдар менен жыныстык катнаш “ыктыярдуу” болгондугун негиз катары албоосу зарыл. Бул жаш баланын психикалык, дене бою жактан абалына ылайык келбейт. Мындай учурда жабырлануучунун күнөөлөнүп жаткан жакка материалдык жана психологиялык жактан көз каранды экендигин эске алуу зарыл, андай ролду көпчүлүк учурда алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) же болбосо балдар көзөмөлүндө турган туугандары эсептелинет. Демек мындай учурда жаш балдардын жыныстык катнаш “ыктыярдуу” түрдө болгондугу жөнүндө көрсөтмөсү чоңдордун басымы астында жасалат.

Ошентип мындай соттук практика жаш балдарды зордуктагандыгы үчүн педофилдерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну толук жокко чыгарып, алар жасаган жосунду КР КЖК 132-беренеси боюнча квалификациялоого алып келет.

Балдарга карата күч колдонгон адамдардын аракеттерин талдоо күч колдонгон аракеттер көпчүлүк учурда бала менен чогуу жашаган анын үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары тарабынан жасалгандыгын көрсөттү (мындай жосундардын 43%).

Үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан күч колдонуу көпчүлүк учурда жасаларын, ошол эле учурда чоочун адамдар дене бойго, ошондой эле сексуалдык күч колдонууга болжолдуу түрдө бирдей жыштыкта баргандыгын жасалган күч колдонууну талдоо көрсөткөн.

Сексуалдык күч колдонууну талдоодо зордуктоо (39%), сексуалдык мүнөздөгү күч колдонуу аракеттери (40%) жана сексуалдык мүнөздөгү жаман жосундуу аракеттер (35%) көп колдонулгандыгын көрсөттү.

Ошону менен бирге жазык мыйзамдарында жашы жетпеген балдарга карата кылмыштардын жасалган айрым түрлөрү үчүн негизсиз төмөн санкциялар белгиленген.

Ушуга байланыштуу КР КЖКда жана КР ЖПКда балдарга күч колдонгондугу үчүн санкцияларды катуулатуунун зарылдыгы жаралууда, атап айтканда жашы жетпегендерге жана жаш балдарга карата зордуктоолорго санкцияны катуулатуу керек.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдын 22-беренесине ылайык мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылган.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, атап айтканда 16-беренесинин 5-бөлүгүнө жана 36-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келтирүүгө багытталган, ага ылайык биздин өлкөдө баланын эң мыкты кызыкчылыктары камсыз кылуу принциптери колдонулат, ал эми балалык мыйзам менен артыкчылыктуу коргоонун предмети болуп саналгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамдын 55-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык мыйзам долбоорун бир учурда үч окууда кароо максатка ылайыктуу болуп саналат.

 

КР ЖК депутаттары:                                             Салянова А.Ж.

                                                                              Текебаев Ө.Ч.

                                                                              Никитенков Н.В.

                                                                              Орозова К.Б.

                                                                              Жээнчороев М.К.

                                                                              Токтошев Э.Т.

                                                                              Акаев Ж.К.

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

САЛЫШТЫРМА-ТАБЛИЦА

Колдонуудагы редакция

Сунушталуучу редакция

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине

46-статья. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу

(1) Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу сот тарабынан негизги жаза катары бир жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө же кошумча жаза катары бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө дайындалышы мүмкүн.

(2) Адам жасаган кылмыштын мүнөзүнө таянуу менен сот белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугун сактоону мүмкүн эмес деп тапса, эгерде бул чара ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьяларында каралбаса, күнөөкөр тарабынан жасалган кылмыштын мүнөзүнө жараша белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу кошумча жаза катары сот тарабынан дайындалышы мүмкүн.

(3) Бул жазаны эркиндигинен ажыратууга, тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого кошумча катары дайындоодо мөөнөттүн өтүшү өкүмдө белгиленген негизги жазаны өтөгөндөн кийин башталат. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууну жазанын башка түрлөрүнө кошумча катары дайындоодо, ошондой эле шарттуу соттоодо анын мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып эсептелет.

. 46-статьянын 1-бөлүгү төмөндөгүдөй сүйлөм менен толукталсын:

“Жашы жетпегендердин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар боюнча педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу мөөнөтсүз дайындалат.”.

 

73-статья. Айыптоо өкүмүн аткаруу мөөнөтүнүн эскиришинен улам жазадан бошотуу

(1) Эгерде айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкү мөөнөттөрдө:

1) эки жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазага соттолгондо - эки жылда;

2) беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондо - төрт жылда;

3) он жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондо - жети жылда;

4) он жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуудан кыйла катуу жазага соттолгондо - он жылда айыптоо өкүмү аткарылбаса, адам негизги жана кошумча жазадан бошотулат.

(2) Эгерде соттолгон адам жазаны өтөөдөн качса эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү токтотула турат. Мындай учурда адам кармалган же күнөөсүн мойнуна алып өзү келген учурдан тартып эскирүү мөөнөтүнүн өтүшү кайра башталат. Мында ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган эскирүү мөөнөттөрү эки эсеге көбөйөт, бирок ал он беш жылдан ашпоого тийиш.

(3) Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга карата эскирүү мөөнөтүн колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүү мөөнөтүн колдонууну мүмкүн эмес деп тапса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу эркиндигинен ажыратууга алмаштырылат.

(4) Тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыш жасалганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында атайын каралган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

73-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

(3) Жашы жетпегендердин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасагандыгына байланыштуу жаза өтөп жаткан адамга карата мунапыс колдонулушу мүмкүн эмес.

 

132-статья. Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо

Он алты жашка толо элек экендиги белгилүү болгон адам менен он сегиз жашка толгон адам жыныстык катнашта болгондо, бачабаздык же лесбиянчылык кылганда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

 

 132-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

Он алты жашка толо элек экендиги белгилүү болгон адам менен 18 жашка толгон адам жыныстык катнашта болгондо бачабаздык же лесбиянчылык кылганда, жашы жетпегендерден башкалар, - педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.”.

 

133-статья. Ыплас аракеттер

(1) Он сегиз жашка чыга элек адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер жасалганда, -

бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ошол эле жосундар:

1) атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;

2) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

үч жылга чейин педагогдук же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(3) Ошол эле жосундар жаш адамдарга карата жасалганда, -

үч жылга чейин педагогдук же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

 

 133-статьяда:

 

 

 

- 2-бөлүктүн 2-пунктунун экинчи абзацындагы “үч жылга чейин педагогдук же башка” деген сөздөр “педагогикалык” деген сөз менен алмаштырылсын;

 

 

 

 

 

 

 

- 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы “үч жылга чейин педагогдук же башка иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки” деген сөздөр “педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейинки” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине

26-статья. Жеке, жеке-ачык жана ачык айыптоо иштери

(1) Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана оордугуна жараша сотто айыптоо жеке, жеке-ачык жана ачык тартипте жүзөгө ашырылат.

(2) Жеке айыптоо иштерине: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-статьянын биринчи бөлүгүндө, 134-статьяда, 135-статьяда, 136-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 137-статьянын биринчи бөлүгүндө, 139-статьянын биринчи бөлүгүндө, 140, 146151, 178, 194-статьяларда, 324-статьянын биринчи бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндөгү иштер кирет.

Ал жабырлануучунун даттануусу боюнча козголот жана тараптардын жарашуусу менен токтотулат. Жарашуу өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин болушу мүмкүн.

(3) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 10, 11-статьяларында каралган чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар, анча оор эмес кылмыштар жөнүндө иштер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 129-статьясынын биринчи бөлүгүндө жана 130-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндөгү иштер жеке-ачык айыптоо иштерине таандык кылынат.

(4) Калган кылмыштар жөнүндөгү иштер ачык-айыптоо иштери болуп эсептелет.

 

 

 26-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

(4) жашы жетпегендерге карата кылмыш жөнүндө иш жабырлануучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жок болгон учурда да козголот.”.

4-бөлүк тийиштүү түрдө 5-бөлүк деп эсептелинсин.

 

28-статья. Жазыктык сот ишин жүргүзүүнү жокко чыгаруучу жагдайлар

(1) Төмөндөгү жагдайларда:

1) кылмыш окуясы болбогондо;

2) жосунда кылмыштын курамы болбогондо;

3) жазык мыйзамынан алып караганда зыян келтирген жосун укукка ылайык келгенде (коргонуу зарылдыгы, аргасыз зарылдык, кылмыш жасаган адамдарды кармоодо зыян келтирүү, буйрукту же башка тескөөнү аткаруу, негиздүү тобокелчилик);

4) ушул Кодексте каралган учурларда жабырлануучу даттануу менен кайрылбаганда;

5) ошол эле айыптоо боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү же жазык куугунтугу мүмкүн эместигин көрсөткөн соттун бузула элек чечими чыккан адамга карата;

6) ошол эле жосун боюнча ишти кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун бузулбаган токтому чыккан адамга карата;

7) жазыктык сот ишин жүргүзүүнү ишке ашырган учурда өлгөн адамга карата, өлгөн адамды реабилитациялоо же башка жактарга карата ишти тергөө үчүн иш жүргүзүү боюнча зарыл болгон учурлардан тышкары;

8) кылмышты аягына чыгаруудан ыктыярдуу баш тарткан адамга карата;

9) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболоруна байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотулууга тийиш болгон адамга карата;

10) эгерде мунапыс жасалган жосун үчүн жаза колдонууну четтетсе, мунапыс актысынан улам;

11) эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен;

12) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 66-статьясына ылайык жабыр тартуучу жеке жана жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жана (же) айыпталуучу жабыр тартуучу менен макулдашууга жетишкенде;

13) прокурор жаран (адам) жабырлануучу болуп саналбаган иш боюнча жеке - ачык айыптоону колдоодон баш тартканда;

14) жабырлануучу жана прокурор ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жазык иши козголушу мумкун эмес, ал эми козголгон жазык иши кыскартылат.

(2) Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар соттук териштирүү маалында табылса, сот ишти териштирүүнү акырына чейин жеткирип, актоо өкүмүн чыгарат.

(3) Эгерде айыпкер буга каршы болсо, ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 10 жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт. Мындай болгон учурда иш боюнча соттук кароо улантыла берет жана буга негиз болгон учурда соттолгон адамды жазадан бошоткон айыптоо өкүмүн чыгаруу менен аяктайт.

(4) Эгерде адам кылмыш жасаса, ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 12-пунктунда көрсөтүлгөн негиз боюнча ишти токтотууга жол берилбейт:

1) уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында же мурда ушундай кылмыштар үчүн соттолгон болсо;

2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-статьясынын үчүнчү-бешинчи бөлүктөрүндө каралган алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында болсо;

3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган.

.

 

 

 28-статьяда:

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

- 4-бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

 

 

 

 

 

4) жашы жетпегендин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы.”;

- төмөндөгүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

“(5) Эгерде адам жашы жетпегендин жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасаса, ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 14-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти токтотууга жол берилбейт.”.

 

159-статья. Жеке ачык айып койгон жазык ишин козгоо

(1) Жеке ачык айып койгон кылмыштар жөнүндө иштер жабырлануучунун арызы боюнча гана козголот.

(2) Эгерде жосун:

1) мамлекеттин жана коомдун;

2) алсыз же көз каранды абалда болгон же башка себептер боюнча өзүнө таандык болгон укуктарды өз алдынча пайдаланууга жөндөмсүз болгон адамдардын таламдарына таасир тийгизсе, прокурор жана тергөчүү өзүнүн демилгеси боюнча жеке ачык койгон айып боюнча иш козгоого укуктуу.

(3) Тергөөчүнүн жазык ишин козгоо жөнүндөгү токтомунун көчүрмөсү прокурорго жыйырма төрт сааттын ичинде жөнөтүлөт.

 

 

 159-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү “Жеке” деген сөз “Ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо, жеке” деген сөз менен алмаштырылсын.