“Баатыр эне» орденинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2016-жылдын 20-декабрынан тартып коомдук талкууга коюлат

20-12-2016 12:02

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары А.Салянова, К.Бокоев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-87-29

Каттоо  № 6-30060/16      16.12.2016

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Баатыр эне» орденинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

1-берене

«Баатыр эне» орденинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., N 11, ст. 495) төмөнкүдөй өзгөртүүлөркиргизилсин:

2-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

«Кылмыш жасагандыгы үчүн бир же андан көп баласы күнөөлүү деп таанылган учур энени «Баатыр эне» орденине көрсөтүүгө тоскоолдук кылбайт.».

 

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                                 

 

 

 

 

"Баатыр эне" орденинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

маалымкат-негиздеме

«Баатыр эне» орденинин статусу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жарандарды «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо маселелерин жөнгө салууга багытталган мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыкты.

Тажрыйба көрсөткөндөй, бүгүнкү күнү бул чөйрөдө көрүнүп турган боштуктар бар, атап айтканда, сөз 7 же андан көп бала төрөп өстүргөн аялдар аларга Мыйзам боюнча берилүүчү мамлекеттик сыйлыктарды ала албай жаткан учурлары жөнүндө   болуп жатат. Алардын сыйлыктарды алышына баш тартуу себептеринин бири  көпчүлүк учурда балдарынын, эреже боюнча, эбак бойго жеткен балдарынын соттолгондугу көрсөтүлөт. Муну менен катар, «Баатыр эне» орденинин статусу жөнүндө»   Мыйзамда мындай ченем жок, бирок ал мыйзам алдындагы актыларда кездешет. Ошентсе да, ата-энелер чоң балдарынын жасаганы үчүн жоопкерчилик албашы керек жана тескерисинче балдары да ата-энесинин жасаганы үчүн жоопкерчилик албайт. Ошол себептен мыйзам долбоор менен чоң балдарынын соттолгондугу бар болсо да,  7 же андан көп бала төрөп чоңойткон энелерди сыйлоону белгилеген ченемди киргизүү сунушталып жатат.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22- жана 25-беренелерине ылайык бул мыйзам долбоору коомдук талкуулоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына  жайгаштырылган.

Сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын  колдонуудагы мыйзамдарына жана  Кыргыз Республикасын алардын катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине  каршы келбейт.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорду кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укук коргоочулук, гендердик,  экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. 

Сунушталуучу мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталбайт жана  жөнгө салуу таасирин талдоого жатпайт.

Бул Мыйзам долбоорун ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансы чыгымдарын  талап кылбайт.

 

Депутаттар                                                                 А. Салянова

                                                                                    К. Бокоев

 

 

 

 

"Баатыр эне" орденинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

САЛЫШТЫРМА-ТАБЛИЦА

Колдонуудагы редакция

Сунушталуучу редакция

2-статья. "Баатыр эне" ордени менен сыйлоонун тартиби

"Баатыр эне" ордени менен сыйлоодо:

- мыйзамда белгиленген тартипте эне тарабынан асыранып алынган;

- аскердик, кызматтык жана жарандык милдетин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон, ошондой эле мындай учурда алган жарадарлыктан, мертинүүгө учуроодон же ооруга чалдыгуунун кесепетинен, болбосо эмгектик мертинүүгө учуроодон же кесиптик оорута чалдыгуунун кесепетинен өлгөн балдары эске алынат.

 

2-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

 

 

 

 

 

 

 

 

Кылмыш жасагандыгы үчүн бир же андан көп баласы күнөөлүү деп таанылган учур энени «Баатыр эне» орденине көрсөтүүгө тоскоолдук кылбайт.

 



Көрүүлөрдүн саны : 1235