Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жер кодекси,  "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы)” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2016-жылдын 19-декабрынан тартып коомдук талкууга коюлат

19-12-2016
16:47

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты И.Омуркулов

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-92-14

Каттоо  № 6-29870/16      15.12.2016

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗРЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»  (Кыргыз Республикасынын Жер кодекси,  «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы)

 

1-берене

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-беренеси) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 1-берененин 13-пунктундагы «жайыттарды кошпогондо,»  деген сөздөр алып салынсын;

2. 4- берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4. Жайыттар жеке менчикке берилиши мүмкүн эмес. Ошондой эле жайыттар, асылдуулугу төмөндөрдү кошпогондо, ижарага берилиши мүмкүн эмес.».

3. 8- берененин 2- жана 3-пункттарында «жайыттарды кошпогондо,» деген сөздөр «мыйзам менен белгиленген учурларды кошпогондо» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. 32- берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1 пункту менен толукталсын:

«2.1. Айылдардагы асылдуулугу төмөн жайыттар айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына узак мөөнөттүү пайдаланууга берилиши мүмкүн.»;

5. 73-берененин 2-пункту «имараттарды жана курулуштарды» деген сөздөрдөн кийин«, ошондой эле жайыт жерлерде жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планына киргизилген жеңил конструкциядагы курулуштарды» деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене

«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-беренеси) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1. 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«15-берене.Жайыттарды ижаралоого тыюу салуу

Айыл жанындагы асылдуулугу төмөн жайыттарды кошпогондо, жайыттарды ижарага берүүгө жол берилбейт.».

 

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 3 айлык мөөнөттө өзүнүн  ченемдик  укуктук  актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»  (Кыргыз Республикасынын Жер кодекси,  «Жайыттар жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

маалымкат-негиздеме

 

Ушул Мыйзам долбоору асылдуулугу төмөн жайыттарды айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн айылдардагы асылдуулугу төмөн жайыттарды узак мөөнөттүү ижарага берүү жолу аркылуу  айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү максатында иштелип чыкты.

Жер айыл чарбадаөндүрүштөгү негизги каражаты жана эмгектин предмети болуп саналат, демек дыйканчылыктын натыйжалуулугун бир аз болсо да жогорулатуу кирешелүүлүктүн өсүү жагына олуттуу өзгөрүүгө алып келиши мүмкүн. Айыл чарбаны бекемдөөнүн чыныгы жолу жердин рационалдуу пайдаланышын камсыз кылуу болуп саналат.

Бүгүнкү күнү асылдуулугу төмөн жайыттарды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү маселеси өтө актуалдуу. Республиканын жайыттарынын аймагы 9 млн  30 миң га, ал эми түшүмдүүлүгү 1 гектардан 0,8 тоют бирдигинен ашпаган асылдуулугу төмөн жайыттардын аймагы 500 миң га жакынды түзөт.

Жайыттарды, өзгөчө жакын жайгашкан (айыл жанындагы) жайыттарды өтө көп пайдалануунун, аларды мал менен ашыкча толтуруунун жана системалуу эмес пайдалануунун натыйжасында, жайыт жерлери дефляцияга туш келип, ушул жерлер интенсивдүү деградация болуп жатканы байкалууда. Бул жер ресурстарынын айыл чарба өндүрүшүнүн объектиси катарында жоголуп кетишине алып келиши мүмкүн. Бирок бүгүнкү күнү жайыттар асылдуулугу төмөн деп таанылуучу жерлердин тизмегине киргизилбегендиктен, бузулган жайыттарды жеке адамдарга асылдуулугу төмөн үлүштөр катары өздөштүрүүгө мыйзамдар жол бербейт.

Бул жерде жергиликтүү инвесторлорду кызыктырыш  үчүн жерлердин бөлүгүн аз баалуу категориядан (деградациялаган асылдуулугу төмөн жайыттар) баалуураак категорияга (айдоо жерлер же көп жылдык бак-дарактар) которуу жана тийиштүү жайыттарды толук өздөштүрүлгөндөн кийин узак мөөнөттүү ижарага өткөрүп берүү мүмкүндүгүн караштыруу зарыл. Жер пайдалануучу асылдуулугу төмөн жайыттарды узак мөөнөттүү пайдаланууга алгандан кийин аларды ишенимдүү өздөштүрүүгө алмак жана жерлерди жакшыртуу үчүн финансылык каражаттарын жумшайт. Калктын айрыкча асылдуулугу төмөн жерлерди өздөштүрүүсү аркылуу айыл чарба жерлеринин сапаттуу үлүшүн көбөйтүү зарылдыгы курч экендиги көрүнүп турат. Асылдуулугу төмөн жер участокторун башкаруунун натыйжалуулугу жана алардын жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүнүн таасирдүү механизмдеринин бар болушу - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуучу зарыл багыттардын бири. Мында жерлерди кайра иштетүү абалына жеткирүү же жердин сапатын калыбына келтирүү үчүн жоопкерчилик бул жерди узак мөөнөттүү пайдаланууга алган адамдын башына түшөт.

Ушул маселелерди чечүү бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк бермек. Болжол менен алганда жер салыгынын жергиликтүү бюджетке түшүшү бир нече эсеге өсмөк. 1 га жайытка жер салыгынын орточо ставкасы 10 сом (республика боюнча), ал эми көп жылдык бак-дарактардын 1 га 190 сомго барабар. Айылдын жанындагы жайыттар үчүн ижара көпчүлүк учурда жергиликтүү бюджетке түшпөйт, ошондой эле айылдын жанындагы жайыттар жер салыгын төлөөдөн бошотулган.

Айыл жанындагы айрым жайыттардын көп жылдык бак-дарактар категориясына которуу жайыт участокторун деградациядан гана эмес, региондордогу социалдык кыйынчылыктардан бир аз да болсо сактоого мүмкүндүк бермек.

Азыркы учурда малдын санынын кескин кыскарышынын кесепетинен, жайлоолордо жана алыскы жайыттарда  алардын табигый түрдө калыбына келиши башталды. Бирок жакынкы жайыттарда, өзгөчө калктуу конуштарга жакын жайгашкан жайыттарда деградация процессиөсүп жатат, себеби дыйкандардын малдарын алыскы жайыттарга, өзгөчө жайлоолорго жеткирүү үчүн көпчүлүк учурда  каражаттары жок. Дагы бир себеби болуп алыскы жайыттарда малчылар үчүн шарттар жок экендиги саналат. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн алыскы жайыттарда жеңил конструкциядагы курулуштарды куруу мүмкүндүгү болушу ыктымал.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык бул мыйзам долбоору коомдук талкуулоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына  жайгаштырылган.

Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мыйзам жаратуусуна, ошондой эле эл аралык мыйзамдардын ченемдерине жана принциптерине  туура келет.

Муну менен катар, Бул Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору ЖТТ жана башка экспертизалар талап кылынбайт.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын белгиленген долбоору мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбасын кошумча белгилейбиз.

 

Депутат                                                                                                       И. Омуркулов 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жер кодекси,  «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

ЧУА аталышы

Колдонуудагы редакция

Сунушталуучу редакция

1

КР Жер кодекси

1-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр

13) асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери - жайыттарды кошпогондо, бонитети төмөн жана аларды мелиоративдик жактан жакшыртууга көп чыгымдарды талап кылуучу, кыртышы начар айыл чарба жери;

1-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр

13) асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери - бонитети төмөн жана аларды мелиоративдик жактан жакшыртууга көп чыгымдарды талап кылуучу, кыртышы начар айыл чарба жери;

4-статья. Жерге менчик

4. Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес.

4-статья. Жерге менчик

Жайыттар жеке менчикке берилиши мүмкүн эмес. Ошондой эле жайыттар, асылдуулугу төмөндөрдү кошпогондо, ижарага берилиши мүмкүн эмес.

8-статья. Жер салыгы. Жерди пайдалануу үчүн акы

2. Жер үчүн акы төлөө жерди пайдалангандык үчүн, жайыттарды кошпогондо, ижаралык акы түрүндө төлөнөт. Жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнөт.

3. Жер участогун жайыттарды кошпогондо, ижара шартында пайдалануу укугун алган жерди пайдалануучу үчүн жер участогун пайдалануунун ижара акысы жана аны төлөөнүн тартиби келишимдин негизинде белгиленет.

8-статья. Жер салыгы. Жерди пайдалануу үчүн акы

2. Жер үчүн акы төлөө жерди пайдалангандык үчүн, мыйзам менен белгиленген учурларды кошпогондо, ижаралык акы түрүндө төлөнөт. Жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнөт.

3. Жер участогун мыйзам менен белгиленген учурларды кошпогондо, ижара шартында пайдалануу укугун алган жерди пайдалануучу үчүн жер участогун пайдалануунун ижара акысы жана аны төлөөнүн тартиби келишимдин негизинде белгиленет.

32-статья. Жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү

 

2. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери, жайыттарды кошпогондо, ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына аны өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн акысыз берилиши мүмкүн.

 

32-статья. Жер участогун менчикке же пайдаланууга акысыз берүү

 

2. Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери, жайыттарды кошпогондо, ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына аны өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн акысыз берилиши мүмкүн.

2.1. Айылдардагы асылдуулугу төмөн жайыттар айыл чарба өндүрүшүн өздөштүрүү жана жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына узак мөөнөттүү пайдаланууга берилиши мүмкүн.

73-статья. Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун максаттары

2. Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке же пайдаланууга берилген жана калк жашаган пункттан жөө барууга алыс болгон айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн айыл чарба жерлеринде пайдаланууга жарактуу болбогон жер участокторун же түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлеринде имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участокторун менчикке же пайдаланууга берүүгө жол берилет. Имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участогун берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

 

73-статья. Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун максаттары

2. Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке же пайдаланууга берилген жана калк жашаган пункттан жөө барууга алыс болгон айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн айыл чарба жерлеринде пайдаланууга жарактуу болбогон жер участокторун же түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлеринде имараттарды жана курулуштарды,  ошондой эле жайыт жерлерде жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планына киргизилген жеңил конструкциядагы курулуштарды  куруу үчүн жер участокторун менчикке же пайдаланууга берүүгө жол берилет. Имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участогун берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

2

«Жайыттар жөнүндө»

КР Мыйзамы

15-берене. Жайыттарды ижаралоого тыюу салуу

 

Жайыттарды ижарага жана субижарага берүүгө жол берилбейт.

15-берене. Жайыттарды ижаралоого тыюу салуу

Айыл жанындагы асылдуулугу төмөн жайларды эске албаганда, жайыттарды ижарага берүүгө жол берилбейт.