Демилгечи: Жогорку Кенештин депутаты А.Салянова
Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-87-29
Каттоо № 6-29797/16 15.12.2016
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Долбоор
«Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
1-берене
«Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 5, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
25-статьянын 21-пунктуна төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана/же дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын коюулган жери табылган учурда, анын үй-бүлөсү (жакын туугандары) (бирок, аларды коштоого зарыл болгон эки кишиден ашык эмес) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин каражаттарынын эсебинен көмүлгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу. Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын жакын туугандары (аларды коштогон адам), эгерде алар социалдык жактан аярлуу калктын катмарына таандык болсо, көмүлгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу.
Аскер кызматчысы өлгөн учурда анын үй-бүлөсү тандаган жаӊы жашай турган жерге (аскер кызматчысынын өлгөн күнүнөн тартып алты айдын ичинде) анын үй-бүлөсү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин каражаттарынын эсебинен барууга укуктуу.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
«Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Ушул Мыйзам долбору 1941-1945-жылдары Улуу Ата мекендик согушта өлгөн (дайынсыз жоголгон) катышуучулардын үй-бүлөлөрүнө социалдык кепилдиктер менен байланышкан маселелерди жөнгө салуунун алкагында жана ушул чөйрөдөмыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбоору менен «дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын, анын Улуу Ата мекендик согушта дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын көмүлгөн жерине жакындарына жана туугандарына акысыз барууну Ушул Мыйзамдын камсыз кылуу бөлүгүнүн колдонулушу жайылтылган адамдардын так чөйрөсүн белгилеген «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү каралат.
Белгилүү болгондой, Улуу Ата мекендик согуштун кесепеттери бүгүнкү күнгө чейин өзүн билдирет. Биздин көптөгөн мекендештерибиз ушул күнгө чейин согуш учурунда өздөрүнүн курман болгон туугандарын жана жакындарын издеп жана алардын мүрзөлөрүн табууда.
Мунун алкагында, ыйгарым укуктуу органдарга туугандарынын бейитине барууну ниет кылган, калктын социалдык жактан аярлуу катмарындагы бирок финансылык мүмкүнчүлүктөрү болбогон өзүбүздүн жарандарыбызга «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бул максаттарга каралган каражттардын эсебинен барууну уюштуруу жолу менен көмөк көрсөтүү зарылдыгы келип чыгат. Бирок аталган Мыйзам 1996-жылы кабыл алынгандыгына карабастан, бир дагы аскер кызматчысынын үй-бүлөсү өзүнүн Улуу Ата мекендик согушта дайынсыз жоголгон тууганынын көмүлгөн жерине баруу укугу менен пайдаланбаган. Мунун себеби каражаттардын жоктугунда гана эмес, бул жерде аталган ченемдин туура эмес чечмеленишинде турат. Ушул Мыйзамдын аткарылышы жүктөлгөн ыйгарым укуктуу органдары бул мыйзам азыркы учурдагы аскер кызматчыларына гана тийиштүү деп эсептешет. Бүгүн көмүлгөн жерлери издечүү отряддар менен табылып, ушул учурда туугандарына белгилүү болгон аскер кызматыларынын көмүлгөн жерине баруу тууралуу сөз болуп жатат. Мында өздөрүнүн ата-бабаларынын бейитине барууну каалагандардын бардыгына каржылоо сунуш кылынбайт, сунуш калктын социалдык жактан аярлуу катмарындагы аскер кызматчысынын жакындарына жана туугандарына кылынат.
Мыйзамдын колдонулушу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо кесепеттери Улуу Ата мекендик согушта курман болгон (дайынсыз жоголгон) катышуучуларынын өй-бүлөлөрүнө кепилдикти даректүү камсыз кылуусунда билдирилет, жана артынан кандайдыр бир терс кесепеттерди алып келбейт.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн Жогорку Кеӊештин расмий сайтында жайгаштырылган. Сунуш жана сын-пикирлер түшкөн жок.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбейт, бирок белгилеп кетүү керек, аталган Мыйзамдын карама-каршы чечмелөөсү ушул мыйзам долбоорун демилгелөөгө алып келди.
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт, анткени, ал мыйзам долбоору «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын көрсөтүлгөн ченемине ылайык колдонулушу жайылтылган адамдардын чөйрөсүн тактооого багытталган.
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеӊешинин депутаты Аида Салянова
«Согушутун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
Салыштырма таблицасы
«Согушутун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуудагы редакциясы
|
«Согушутун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу сунушталуучу редакциясы
|
25-статья. Курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө берилүүчү социалдык гарантиялар (Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Курман болгон (дайынсыз жок болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар белгиленет: 1. Курман болгон жоокерлердин ата-энесине жана экинчи никеге турбаган жесирлерге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамын майрамдоого карата эсептешүү көрсөткүчүнүн 2 өлчөмүндө жыл сайын пособие төлөнөт. 1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө. 2. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 3. Курман болгон жоокерлердин ата-энесинен жана экинчи никеге турбаган жесирлерден мурастын абалынын суммасына карабастан мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк берилгендиги үчүн мамлекеттик акчалай жыйым 5 сом өлчөмүндө алынат. 4. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө. 5. Пенсияга чыккан учурда алар мурда иштеген мезгилде көрүнгөн баштапкы деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдарын пайдаланат. 6. Иштеген жери боюнча санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен камсыз болууга артыкчылык укугунан пайдаланат. 7. Афганистанда интернационалдык парызын аткаруу учурунда алган жаракатынын, контузиясынын, мертинүүнүн же оорунун натыйжасында курман болгон же болбосо өлгөн аскер кызматчыларынын аялдары, же болбосо ушул аскер кызматчыларынын балдарын багып жаткан башка адамдар иштеген жери боюнча эс алуу үйлөрүнө жана пансионаттарга балдар менен чогуу эс алуу үчүн жолдомолорду алууга, ошондой эле аталган аскер кызматчыларынын балдары үчүн балдарды дарылоо мекемелерине жолдомолорду алууга болгон артыкчылык укугунан пайдаланышат. 8. Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондор биринчи кезекте турак жай аянты менен камсыз кылынат. 9. Курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү, курман болгон жоокерлердин экинчи никеге турбаган жесирлери ошого барабар башка турак жай аянтын бербестен туруп алар ээлеп турган кызматтык турак жай бөлмөлөрүнөн сот тартибинде чыгарылышы мүмкүн эмес. 10. Мамлекеттик жана коомдук турак жай фондуларынын үйлөрүндөгү өздөрү ээлеп турган турак үйлөрдү жана квартираларды жеке менчикке акысыз алышат. 11. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 12. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 13. Турак жай-курулуш кооперативине кирүүгө артыкчылык (биринчи кезекте) укугу берилет. 14. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 15. Биринчи кезектеги тартипте өзүмдүк турак жай куруу жана үйдү (квартираны) капиталдык оңдоо үчүн жергиликтүү курулуш материалдарын сатып алууга укуктуу. 16.Өзүмдүк үйлөрдү жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен капиталдык оңдоого укуктуу. 17. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 18. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 19. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 20. (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы N 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 21. Аскер кызматчысы өлгөн учурда анын үй-бүлөсү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин каражаттарынын эсебинен (бирок үч кишиден ашык эмес) аны көмгөн жерге барууга жана кайра келүүгө, ошондой эле үй-бүлө тандап алган жаңы жашай турган жерге барууга (аскер кызматчысы өлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде) укуктуу. 22. Жыл сайын өргүүгө чыгууну өзүнө ыңгайлуу болгон мезгилде пайдаланат, ошондой эле жылына эки жумага чейинки мөөнөткө эмгек акысын сактабастан кошумча өргүүгө чыгат. 23. Курман болгон жоопкерлердин экинчи никеге турбаган жубайлары квартирасына кезексиз телефон койдурууга укуктуу. 24. Кары-картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө биринчи кезекте кабыл алынууга, ошондой эле социалдык жардам көрсөтүү бөлүмдөрү тарабынан үйүндө артыкчылык берүү менен тейленүүгөукуктуу.
|
«21.Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жана / же дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын коюулган жери табылган учурда анын үй-бүлөсү (жакын туугандары) (бирок, аларды коштоого зарыл болгон эки кишиден ашык эмес) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин каражаттарынын эсебинен көмүлгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу. Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон аскер кызматчысынын жакын туугандары (аларды коштогон адам), эгерде алар социалдык аярлуу калктын катмарына таандык болсо, көмүлгөн жерге барууга жана кайра келүүгө укуктуу. Аскер кызматчысы өлгөн учурда анын үй-бүлөсү тандаган жаӊы жашай турган жерге (аскер кызматчысынын өлгөн күнүнөн тартып алты айдын ичинде) анын үй-бүлөсү Кыргыз Республикасынын Коргооминистрлигинин каражаттарынын эсебинен барууга укуктуу.».
|