Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 14-декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

15-12-2016
08:22

2016-жылдын 14-декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жеенчороев М.К., Бабанов Ө.Т., Казакбаев Р.А., Өмүркулов И.Ш., Аманкулов М.А., Алтынбеков А., Акматов А.Ж., Бакиров М.И., Жунус уулу А., Мавлянова М.Э., Мамашова А.Т., Масабиров Т.А., Никитенко Н.В., Сыдыков Б.Ү., Султанбекова Ч.А., Строкова Е.Г., Чолпонбаев У.С., Жамангулов А.Ж., Исаева Д.Ш., Байбакпаев Э.Ж.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Узакбаев А.О., Бакиров М.И., Зулпукаров Т.З., Бокоев К.С.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 477 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.07.15теги № 518 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер - депутаттар Бокоев К.С., Никитенко Н.В., Кыдыралиев У.Т.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Төлөм системасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) (демилгечи – Өкмөт, 02.08.16дагы № 425 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.01.16дагы № 39 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Граждандык кодекске, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Икрамов Т.И., Никитенко Н.В., Өмүрбекова А.С., Строкова Е.Г., Иманалиев К.К., Шыкмаматов А.Н.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

9. “2016-жылдын 24-июунунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 08.12.16дагы № 649 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үч окууда кабыл алынсын)

 

10. “2016-жылдын 24-июунунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окуу)

 

11. “2016-жылдын 24-июунунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Индия Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)

 

12. “2016-жылдын 24-июунунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Пакистан Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 08.12.16дагы № 650 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үч окууда кабыл алынсын)

 

13. “2016-жылдын 24-июунунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Пакистан Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окуу)

 

14. “2016-жылдын 24-июунунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Пакистан Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)

 

15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 5-октябрындагы № 940-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 24.06.15теги № 405 токтом)