Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 1-декабры № 1155-VI “Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары” ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө

14-12-2016
12:45

2016-жылдын 1-декабры № 1155-VI

“Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары” ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө

 

 

“Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары” ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 221-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. “Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары” ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу боюнча чыгымдардын аудитин толук жана ар тараптуу жүргүзүү үчүн аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык көз карандысыз эл аралык аудиторду тартуу боюнча чараларды көрсүн;

“Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары” ЖАКсынын уставдык капиталындагы “РусГидро” ААКсынын тиешелүү үлүшүн “Электрстанциялары” ААКсынын балансына кабыл алууну – өткөрүп берүүнү Макулдашууда белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы көз карандысыз эл аралык аудиттин жыйынтыктары боюнча “Жогорку-Нарын
 

гидроэлектростанциялары” ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышы боюнча аракеттерге укуктук баа берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2 айлык мөөнөттө аудитордук текшерүүнү жүргүзсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                      Н.К. Алимбеков