Демилгечи: Жогорку Кенештин депутаты А.К.Назаров
Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-86-55
Каттоо № 6-29231/16 08.12.2016
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Долбоор
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 5-статья төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
«Эскертүү: Ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүнүн жоболору ушундай административдик укук бузуулар фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарында катталган учурларда, транспорт каражаттарын пайдалануу менен жасалган, ушул Кодекстин 20-главасында каралган административдик укук бузууларга жайылтылбайт.”.
- Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 24-1-статья менен толукталсын:
“24-1-статья. Транспорт каражаттарынын менчик ээлеринин (ээлеринин) административдик жоопкерчилиги
1. Административдик укук бузуулар фото-жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарында катталган учурда жол кыймылы жаатындагы административдик укук бузууларыүчүн административдик жоопкерчиликке транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлери) тартылат.
2. Анын билдирүүсү же арызы боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө башка адамдардын укукка сыйбаган аракеттеринин натыйжасында аны башкара албай калса, ошол транспорт каражатынын катышуусу менен жасалган укук бузуулар үчүн транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) административдик жоопкерчиликтен бошотулат.
3. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) жарандык сот өндүрүшү тартибинде аталган адам тарабынан укук бузуулар жасалгандыгы үчүн төлөнгөн административдик айып пулдун суммасын чыныгы укук бузуучудан өндүрүп ала алат.”.
- 553-3-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
- 567-статьянын төртүнчү абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“Жол кыймылынын коопсуздугуна жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого шек келтирген, ошондой эле жол жүрүү үчүн жыйым төлөө эрежелерин бузуу менен байланышкан, ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузуу жасалганда, ал үчүн төмөнкүдөй администрациялык жазалардын бири: транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу, администрациялык камакка алуу, ошондой эле ушул кодекстин 20-главасында каралган мурда жасалган укук бузуулары боюнча транспорт каражатынын айдоочусу административдик айып пулду төлөбөгөндө, анын ичинде фото-жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарында катталган укук бузуулар боюнча колдонулушу мүмкүн болгондо - айдоочудан администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом аткарыла турган мөөнөткө айдоочунун күбөлүгү алып коюлат жана транспорт каражатын башкаруу укугуна убактылуу уруксат берилет, ал жөнүндө администрациялык укук бузуу тууралуу протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пункту менен каралган тартипте чыгарылган токтомдо жазылат. Транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтом сот тарабынан чыгарылган учурларда айдоочунун күбөлүгү кайра кайтарылбайт, ал эми убактылуу уруксаттын күчү даттанууну берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин же даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин узартылат.”.
- 637-статьянын 1-бөлүгүндөгү “чыгымдар” деген сөздөн кийин “, анын ичинде почта аркылуу жөнөтүү жана жеткирүү боюнча чыгымдар” деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (колдонууга киргизилген эмес, “Эркин Тоо” газетасынын 2016-жылдын 25-майындагы № 44-45-сандарына жарыяланган) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 46-берененин 2-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:
“9) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебинен коюлган фото-жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгилүү болгон жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузган административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүп алынган административдик айып пулдардын суммасы.”.
47-берененин отузунчу абзацындагы “каражаттар” деген сөздөн кийин “, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебинен коюлган фото-жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгилүү болгон жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузган административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүп алынган айып пулдар;” – деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Мыйзам долбоору жол жүрүү коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле фото-жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук, өлчөө техникалык каражаттарында (мындан ары – фото-видео каттоо системасы) каттоо максатында демилгеленген жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Мыйзам долбоорунда фото-видео каттоо системасын колдонуу менен катталган административдик укук бузуулар боюнча транспорт каражаттарынын менчик ээлеринин (ээлеринин) жоопкерчилигин кароону сунуш кылынат. Ошону менен Кодекстин 553-3-беренесинин жоболорун транспорт каражаттарынын менчик ээлерине (ээлеринин) административдик жоопкерчилиги түрүндө Кодекстин 4-главасында кароо сунуш кылынат. Ушул контекстте Кодекстин 5-беренесинде фото-видео каттоо системасында укук бузуулар катталганда административдик жоопкерчиликтин өзгөчөлүгүнө тийиштүү эскертүү киргизилет.
Жол кыймылы коопсуздугу бөлүмдөрүнүн иштерин автоматташтырууга байланыштуу, ошондой эле адам факторун четтетүүнүн зарылчылыгын эске алуу менен жана укук бузуучунун жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу адамдары менен контактта болушун жок кылуу максатында мыйзам долбоору менен мурда жасалган укук бузуулары боюнча, анын ичинде фото-видео каттоо системасын колдонуу менен катталган укук бузуулар боюнча, же болбосо жол кыймылынын коопсуздугун бузуу менен административдик укук бузуулар жасалган учурда гана транспорт каражатын айдоочулардан айдоочулук күбөлүгүн алып коюуну кароо сунуш кылынат, ал үчүн төмөндөгү административдик жазалардын бири колдонулат:
- автотранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу;
- административдик камакка алуу.
Кодекстин колдонуудагы редакциясында жол жүрүү коопсуздугун бузган административдик укук бузуунун бардык түрлөрүн жасаганда транспорт каражатынын айдоочусунун айдоочулук күбөлүгү алына тургандыгын, ал үчүн административдик айып салына тургандыгын белгилөө зарыл.
Кодекстин 637-беренесинин жоболорун кыйла кеңири баяндоо максатында мыйзам долбоору менен административдик укук бузуулар жөнүндө иштин аткарылышын кароо боюнча чыгымдардын ичине почта жөнөтүүлөрү жана жеткирүүлөрү боюнча чыгымдар кире тургандыгын жана ал административдик жаза колдонуу жөнүндө токтом чыгарылган адамга жүктөлө тургандыгын көрсөтүү сунуш кылынат.
Мындан тышкары, Кодекстин 614-беренесинин 4-пунктуна ылайык, фото-видео каттоо системасын колдонуу менен белгилүү болгон административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн алынуучу административдик айып пулдардын суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте түзүлөт жана пайдаланылат.
Республикалык бюджеттин баштан кечирип жаткан азыркы тартыштыгын эске алуу менен, фото-видео каттоо системасын кеңейтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин фото-видео каттоо системасын колдонуу менен белгилүү болгон административдик укук бузуулардын жасалгандыгы үчүн өндүрүп алынган административдик айып пулдардын суммасынын бир бөлүгүн жалпы мамлекеттик кирешеге чегерүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынат.
Мыйзам долбоору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык коомдук талкуулоону жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет, кабыл алынган учурда анын колдонулушу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча чыгымдарды бөлүүнү талап кылбайт, социалдык, экономикалык, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес, демек регулятивдүү таасир этүүнү талдоону жүргүзүүнү талап кылбайт.
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаты А. Назаров
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна
салыштырма таблица
№ |
Колдонуудагы редакция |
Сунуш кылынган редакция |
|
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси 5-статья. Жазыксыздык презумпциясы Өзүнө карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон жеке же юридикалык жак администрациялык укук бузуу боюнча өзүнүн күнөөлүүлүгү ушул Кодексте каралган тартипте далилденмейинче жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ишти караган соттун (судьянын), же органдын (кызмат адамынын) мыйзамдуу күчүнө кирген токтому менен белгиленмейинче күнөөлүү эмес деп эсептелет. Администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес.
|
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси 5-статья. Жазыксыздык презумпциясы Өзүнө карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон жеке же юридикалык жак администрациялык укук бузуу боюнча өзүнүн күнөөлүүлүгү ушул Кодексте каралган тартипте далилденмейинче жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ишти караган соттун (судьянын), же органдын (кызмат адамынын) мыйзамдуу күчүнө кирген токтому менен белгиленмейинче күнөөлүү эмес деп эсептелет. Администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес. Эскертүү: Ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүнүн жоболору ушундай административдик укук бузуулар фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарында катталган учурларда, транспорт каражаттарын пайдалануу менен жасалган, ушул Кодекстин 20-главасында каралган административдик укук бузууларга жайылтылбайт. |
|
4-глава Администрациялык жоопкерчилик
24-статья. Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын администрациялык жоопкерчилиги Дипломатиялык кол тийбестиктен (иммунитеттен) пайдаланган чет элдикжарандардантышкары, Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар жалпы негизде администрациялык жоопкерчиликке тартылат. Дипломатиялык кол тийбестиги бар (Кыргыз Республикасынын администрациялык юрисдикциясына ылайык иммунитетке ээ) жактарга ушул Кодекстин эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга карама-каршы келбеген бөлүгү колдонулат. Карама-каршылыктар пайда болгон учурда алар дипломатиялык жол менен чечилет.
|
4-глава Администрациялык жоопкерчилик
24-статья. Чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын администрациялык жоопкерчилиги Дипломатиялык кол тийбестиктен (иммунитеттен) пайдаланган чет элдикжарандардантышкары, КыргызРеспубликасынынаймагындагы чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар жалпы негизде администрациялык жоопкерчиликке тартылат. Дипломатиялык кол тийбестиги бар (Кыргыз Республикасынын администрациялык юрисдикциясына ылайык иммунитетке ээ) жактарга ушул Кодекстин эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга карама-каршы келбеген бөлүгү колдонулат. Карама-каршылыктар пайда болгон учурда алар дипломатиялык жол менен чечилет. “24-1-статья. Транспорт каражаттарынын менчик ээлеринин (ээлеринин) административдик жоопкерчилиги 1. Административдик укук бузуулар фото-жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарында катталган учурда жол кыймылы жаатындагы административдик укук бузуулары үчүн административдик жоопкерчиликке транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлери) тартылат. 2. Анын билдирүүсү же арызы боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө башка адамдардын укукка сыйбаган аракеттеринин натыйжасында аны башкара албай калса, ошол транспорт каражатынын катышуусу менен жасалган укук бузуулар үчүн транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) административдик жоопкерчиликтен бошотулат. 3. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) жарандык сот өндүрүшү тартибинде аталган адам тарабынан укук бузуулар жасалгандыгы үчүн төлөнгөн административдик айып пулдун суммасын чыныгы укук бузуучудан өндүрүп ала алат
|
|
553-3-статья. Укук бузуу атайын техникалык каражаттарда катталганда администрациялык жоопкерчиликтин өзгөчөлүктөрү 1. Администрациялык укук бузуу тастыкталган атайын көзөмөлдөөчү-өлчөөчү техникалык каражаттарда жана шаймандарда катталган учурда, жол кыймылы жагындагы администрациялык укук бузуу үчүн администрациялык жоопкерчиликке транспорт каражаттарынын менчик ээлери (ээлик кылуучулары) тартылат. 2. Эгерде анын билдирүүсү же арызы боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө, укук бузуу катталган учурда, ал ээлигинде турган адам, же, бул ал башка адамдардын укукка каршы аракеттеринин натыйжасында анын ээлигинен чыгып кеткени аныкталса, транспорт каражатынын менчик ээси (ээлик кылуучусу) бул транспорт каражатынын катышуусу менен жасалган администрациялык укук бузуу үчүн жоопкерчилигинен бошотулат. 3. Транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) көрсөтүлгөн адам тарабынан жасалган укук бузуу үчүн төлөнгөн администрациялык айыптын суммасын жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде иш жүзүндөгү укук бузуучудан өндүрө алат.
|
|
|
567-статья. Буюмдарды жана документтерди алып коюу Жол кыймылынын коопсуздугуна жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого шек келтирген, ошондой эле жол жүрүү үчүн жыйым төлөө эрежелерин бузуу менен байланышкан, ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузуу жасалганда, ал үчүн төмөнкүдөй администрациялык жазалардын бири: айып, транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу, администрациялык камакка алуу колдонулушу мүмкүн болгондо - айдоочудан администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом аткарыла турган мөөнөткө айдоочунун күбөлүгү алып коюлат жана транспорт каражатын башкаруу укугуна убактылуу уруксат берилет, ал жөнүндө администрациялык укук бузуу тууралуу протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пункту менен каралган тартипте чыгарылган токтомдо жазылат. Транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтом сот тарабынан чыгарылган учурларда айдоочунун күбөлүгү кайра кайтарылбайт, ал эми убактылуу уруксаттын күчү даттанууну берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин же даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин узартылат.
|
567-статья. Буюмдарды жана документтерди алып коюу Жол кыймылынын коопсуздугуна жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого шек келтирген, ошондой эле жол жүрүү үчүн жыйым төлөө эрежелерин бузуу менен байланышкан, ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузуу жасалганда, ал үчүн төмөнкүдөй администрациялык жазалардын бири: транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу, администрациялык камакка алуу, ошондой эле ушул кодекстин 20-главасында каралган мурда жасалган укук бузуулары боюнча транспорт каражатынын айдоочусу административдик айып пулду төлөбөгөндө, анын ичинде фото-жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарында катталган укук бузуулар боюнча колдонулушу мүмкүн болгондо - айдоочудан администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом аткарыла турган мөөнөткө айдоочунун күбөлүгү алып коюлат жана транспорт каражатын башкаруу укугуна убактылуу уруксат берилет, ал жөнүндө администрациялык укук бузуу тууралуу протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пункту менен каралган тартипте чыгарылган токтомдо жазылат. Транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтом сот тарабынан чыгарылган учурларда айдоочунун күбөлүгү кайра кайтарылбайт, ал эми убактылуу уруксаттын күчү даттанууну берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин же даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин узартылат.
|
|
637-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча чыгымдардын ордун толтуруу 1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти аткарууну кароо боюнча чыгымдар ага карата жаза-чара көрүү жөнүндө токтом чыгарылган адамга жүктөлөт.
|
637-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча чыгымдардын ордун толтуруу 1. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти аткарууну кароо боюнча чыгымдар, анын ичинде почта аркылуу жөнөтүү жана жеткирүү боюнча чыгымдарага карата жаза-чара көрүү жөнүндө токтом чыгарылган адамга жүктөлөт |
|
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси 46-берене. Жалпы мамлекеттик кирешелер 1. Жалпы мамлекеттик кирешелер - чегерүүнүн белгиленген ченемдери боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүгө жаткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген бюджеттердин кирешелери. 2. Жалпы мамлекеттик кирешелерге төмөнкүлөр таандык: 1) киреше салыгы; 2) сатуулардан салык; 3) жер казынасын пайдалануу үчүн салык; 4) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык; 5) милдеттүү патенттин негизиндеги салык; 6) салык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча бирдиктүү салык; 7) жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн төлөмдөр; 8) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдүрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр.
|
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси 46-берене. Жалпы мамлекеттик кирешелер 1. Жалпы мамлекеттик кирешелер - чегерүүнүн белгиленген ченемдери боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүгө жаткан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген бюджеттердин кирешелери. 2. Жалпы мамлекеттик кирешелерге төмөнкүлөр таандык: 1) киреше салыгы; 2) сатуулардан салык; 3) жер казынасын пайдалануу үчүн салык; 4) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык; 5) милдеттүү патенттин негизиндеги салык; 6) салык алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча бирдиктүү салык; 7) жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн төлөмдөр; 8) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдүрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр. 9) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебинен коюлган фото-жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгилүү болгон жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузган административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүп алынган административдик айып пулдардын суммасы.
|
|
47-берене. Республикалык бюджеттин кирешелери 29) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айыптарды, санкцияларды, компенсацияларды, зыяндын ордун толтуруунун суммаларын кошпогондо, соттун чечими боюнча айыптарды, санкцияларды, компенсацияларды, зыяндын ордун толтуруунун суммаларын кошуп алганда, мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук караштуулугундагы мекемелер тарабынан материалдык, администрациялык жана жазык жоопкерчилиги чараларын колдонуунун натыйжасында алынуучу каражаттар;
|
47-берене. Республикалык бюджеттин кирешелери 29) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айыптарды, санкцияларды, компенсацияларды, зыяндын ордун толтуруунун суммаларын кошпогондо, соттун чечими боюнча айыптарды, санкцияларды, компенсацияларды, зыяндын ордун толтуруунун суммаларын кошуп алганда, мамлекеттик органдар, алардын ведомстволук караштуулугундагы мекемелер тарабынан материалдык, администрациялык жана жазык жоопкерчилиги чараларын колдонуунун натыйжасында алынуучу каражаттар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебинен коюлган фото-жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгилүү болгон жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузган административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүп алынган айып пулдар;
|