Демилгечи: Жогорку Кенештин депутаты А.К.Назаров
Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-86-55
Каттоо № 6-29228/16 08.12.2016
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Кыргыз Республикасындагы баалоо ишижөнүндө
Ушул Мыйзам баалоо объекттеринин рыноктук же башка наркын белгилөө максатында баалоо ишин жүзөгө ашырууда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салып, баалоо ишинин субъекттеринин укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
1-глава.
Жалпы жоболор
1-берене. Баалоо иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Баалоо иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыКыргыз Республикасынын Конституциясына негизделип, Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамынан жана башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) баалоо–баалоообьектинин мүмкүн болуучу рыноктук же башка наркын аныктоо;
2) баалоого мамиле жасоо – баалоонун бир же бир нече усулдарын пайдалануу менен баалоообьектинин мүмкүн болуучу рыноктук же башка наркын аныктоонун ыкмасы;
3) баалоо усулу - баалоообьектинин рыноктук же башка наркын белгилөө үчүн пайдаланылуучу юридикалык, каржы-экономикалык жана уюштуруучулук-техникалык мүнөздөгү аракеттеринин жыйындысы;
4) баалоо датасы - баалоообьектинин мүмкүн болуучу рыноктук же башка наркы аныкталган убакыттын күнү же мезгили;
5) баалооиши – эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса, баалоо обьекттерине карата рыноктук же башка наркты белгилүү бир датага белгилөөгө багытталган баалоочулар жүзөгө ашыруучу ишкердик иш;
6) баалооиши жаатындагы ченемдик укуктук актылар – баалоо жөнүндөотчеттордун мамилесине жана усулдарына, мазмунуна жана түрүнө пайдаланылуучу баалоо жүргүзүүгө карата талаптарды белгилеген фактылар;
7) баалоонун стандарттары – анда баалоо иши жаатында жалпы жана көп жолу пайдалануу үчүн эрежелер, принциптер жана мүнөздөмөлөр белгиленген ченемдик документ;
8) баалоо жөнүндө отчет –заказчыга берилүүчү баалоо боюнча иштин натыйжалары жөнүндөбаалоочунун ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келген жазуу жүзүндөгү кабарлоосу;
9) баалоочу– баалоо ишин жүзөгө ашырууга лицензиясы бар жана милдеттүү түрдө баалоочулардын палаталарынын биринин мүчөсү болуп саналган жеке же юридикалык жак;
10) баалоочулар палатасы – баалоочулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлүүчү коммерциялык эмес уюмдун өз алдынча уюштуруучулук-укуктук түрү;
11) анык эмес баалоо – жокобъектиге же баалоо ишинин жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, баалоонун стандарттарынын талаптарын бузуп, баалоо обьектинин рыноктук же башка түрүн бурмалоого алып келүүчү анык эмес маалыматтарды баалоо жөнүндөотчетто пайдалануу менен жүзөгө ашырылган баалоо;
12) кайталап баалоо – баалоо ишинин субъекттеринин ортосунда баалоонун натыйжалары боюнча келип чыккан талаштардын айынан обьекттин рыноктук же башка наркын аныктоо;
13) рыноктук нарк–баалоо обьектижөнүндө бүткүл жеткиликтүү маалыматты алып бүтүмдүн тараптары атаандаштыктын шарттарында бүтүмдүн негизиндеал обьект ээлигинен ажыратылышы мүмкүн болгон, ал эми бүтүмдүн баасына төмөнкүдөй болгондо кандайдыр бир өзгөчө жагдайлар чагылдырылбаганэсептик акча суммасы:
бүтүмдүн тараптарынын бири баалоо обьектин ээлигинен ажыратууга милдеттүү эмес, ал эми башка тарап сатып алууга милдеттүү эмес болгондо;
бүтүмдүн тараптардын бүтүмдүн предмети жөнүндө жакшы маалыматтуу болгондо жана өз кызыкчылыктарындааракеттенгенде;
бүтүмдүн баасын баалоо обьекти үчүн акчалай сый акыга төп келгенде жана бүтүмдүн тараптарына карата бүтүм жасоого кандайдыр бир тараптын мажбурлоосу болбогондо;
14) башка нарк – баалоо обьектинин рыноктук нарктан тышкары башка наркы;
15) заказчы – баалоочунункызматтарын керектөөчү жеке же юридикалык жак;
16) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – баалоо иши жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуудагы жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
17) үчүнчү жактар – баалануучу мүлккө, баалоочунун баалоо ишине жана заказчынын заказына белгилүү бир мамилеси бар, баалоочулардын жана заказчылардын ичине кирбеген жактар.
3-берене. Баалоо ишинин негизги принциптери
Калыстык жана аныктык баалоо ишинин негизги принциптери болуп саналат.
4-берене. Баалоо ишинин субъекттери
1. Баалоочулар, заказчылар жана үчүнчү жактар баалоо ишинин субъекттери болуп саналат.
2. Баалоочулар – баалоо ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жак менен эмгек келишиминин негизинде же болбосо лицензиялоо жөнүндөКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген лицензиянын негизинде жеке ишкер катары өз алдынча баалоо ишин ушул Мыйзамга ылайык иштөөгө укуктуу жеке жактар.
3. Баалоочулар - лицензиялоо жөнүндөКыргыз Республикасын мыйзамдарына ылайыкберилген лицензиянын негизинде баалоо ишин иштөөгө укуктуу юридикалык жактар.
5-берене. Баалоо обьекттери
Баалоо ишинин обьекттерине төмөнкүлөр таандык кылынат:
1) айрым материалдык обьекттер (буюмдар) анын ичинде ээси, мураскору жок мүлк;
2) жактын мүлкүн түзүүнү буюмдардын жыйындысы, анын ичинде белгилүү бир түрдөгү мүлк (кыймылдуу жана кыймылсыз);
3) мүлккө же мүлктүн курамындагы айрым бумдарга менчик укугу жана башка мүлктүк укук;
4) милдеттенмени (карызды) талап кылуу укугу;
5) иштер, кызматтар, маалымат;
6) интеллектуалдык менчик укугунун обьекттери;
7) жарандык укуктун башка обьекттери.
6-берене. Баалоонун түрлөрү
1. Баалоонун түрлөрү милдеттүү жана демилгелик болуп саналат:
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларына ылайык милдеттүү баа берүү төмөнкүлөргө жүргүзүлөт:
1) жеке адамдардын ишкердик иште пайдаланылбаган кыймылсыз мүлкүнүн обьекттерине салык салуу үчүн, ошондой эле дыйкан же фермер чарбаларынын жер участокторуна кадастрдык (баалоочулук) наркын аныктоо үчүн;
2) менчиктештирүү, ишенимдүү башкарууга же болбосо ижарага (кийин сатып алуу менен ижарага) берүү үчүн;
3) ипотекалык кредиттөө үчүн: ипотека зайымын берүүдө, ошондой эле күрөө мүлкүн сатуу зарыл болгондо;
4) мамлекеттик муктаждыктар үчүн менчик ээсинен мүлктү сатып алуу жана алып коюу үчүн;
5) ал же өндүрүп алуучу соттук аткаруучу тарабынан жүргүзүлгөн баалоого каршы болгондо карызкордун мүлкүнүн наркын аныктоо үчүн;
6) мамлекеттик менчикке түшкөн мүлктүн наркын аныктоо үчүн;
7) баалоо обьектинин наркы жөнүндө, анын ичинде мүлктү улутташтырууда талаш пайда болгондо;
8) нике контракттарын түзүүдө жана ажырашып жаткан жубайлардын мүлкүн бөлүштүрүүдө тараптардын биринин же эки тараптын талабы боюнча ал мүлктүн наркы жөнүндө талаш келип чыкканда;
9) салык салынуучу базаны эсептөө жөнүндө талаш пайда болгон учурда салыктарды төлөөнүн тууралыгы үчүн контролдун максатында баалоо обьекттерине баалоо жүргүзүүдө;
10) башка учурларда.
3. Демилгелик баалоо баалоочу тарабынан баалоонун ар кандай обьекттеринбаалоонуКыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүү боюнча заказчынын эрк-ниетинин негизинде жүргүзүлөт.
Объектти баалоону жүргүзүүгө укук шартсыз болуп саналат жана мыйзамдарда белгиленген бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүзөгө ашыруунун тартибине көз каранды болбойт.
Бул укук баалоо обьекттин кайталап баалоо жүргүзүүгө да жайылтылат. Обьектти баалоо жүргүзүүнүн натыйжалары бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун маалыматтарына түзөтүү киргизүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
Обьектти баалоо жүргүзүүнүн натыйжалары ишке тиешеси бар жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
7-берене. Баалоонун стандарттары
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен стандарттык баалоолор Кыргыз Республикасында баалоонун стандарттары деп табылат.
Баалоо ишин жүзөгө ашырууда баалоочуларКыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген баалоо жаатындагы эл аралык стандарттарды пайдаланууга укуктуу.
2. Баалоо стандарттары баалоо ишинин бардык субъекттери үчүн жалпы милдеттүү болуп саналат жана колдонулушу Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтылат.
8-берене. Баалоо обьектинин рыноктук наркын белгилөө жөнүндө сунуш
Эгерде баалоонун кандайдыр бир обьектин милдеттүү баалоо жүргүзүү талабын камтыган ченемдик укуктук актыда же болбосо баалоо обьектин баалоо жөнүндө келишимде (мындан ары – келишим) баалоо обьектинин наркынын айкын түрү аныкталбаса, ал обьекттин рыноктук наркы белгиленүүгө жатат.
2-глава.
Баалоо ишин жүзөгө ашыруунун негиздери жана шарттары
9-берене. Баалоо жүргүзүүнүн негиздери
1. Баалоочу менен заказчынын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн баалоо жүргүзүүгө келишимбаалоо жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
Баалоо жүргүзүүгө келишим боюнча баалоочу баалоо обьекттеринин рыноктук же башка наркын белгилөө үчүн кызматтарды аткарууга милдеттенет, ал эми заказчы ал кызматтарга акы төлөөгө милдеттенет.
2. Мыйзамдык актыларда каралган учурларда обьекттин баасы, анын ичинде кайталап баалоо соттун же ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Сот же ыйгарым укуктуу органбаалоочуну тандап алууда өз алдынча болот.
10-берене. Баалоо жүргүзүүгө келишимге карата милдеттүү талаптар
1. Баалоо жүргүзүүгө келишим жөнөкөй жазуу жүзүндө түзүлөт.
2. Баалоо жүргүзүүгө келишим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) заказчынын жана баалоосунунреквизиттерин:
жеке жак үчүн – фамилияны, атты, атасынын атын (ал болгондо), жашаган жерин;
юридикалык жак үчүн – аталышты, турган жерин (почта дарегин, банкттыкреквизиттерди);
2) баалоо обьектинин (обьекттеринин) аталышын жана (же) турган жерин, аныкталуучу нарктын түрүн;
3) баалоонун түрүн;
4) баалоо обьектинин түрүн;
5) баалоо жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн;
6) баалоо жүргүзүүдө колдонула турган баалоо стандарттарына көрсөтүүнү;
7) көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн акынын шарттарын, тартибин жана өлчөмүн;
8) тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин;
9) баалоо обьектинезаказчынын менчик укугун ырастоочу документтин реквизиттерин же болбосо заказчыга баалоо жөнүндө келишим түзүүгө укук берүүчү башка негиздерди;
10) мүлктү баалоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиянын реквизиттерин (аны берген органды көрсөтүү менен лицензия берилген номер жана дата).
Баалоо жүргүзүүгө келишимде ушул пункт менен каралбаган башка шарттар да болушу мүмкүн.
3. Баалоо обьектинин наркын аныктоонун абалы боюнча дата баалоо обьектинин наркын аныктоонун датасы (баалоо жүргүзүүнүн датасы, баалоонун датасы) болуп саналат.
11-берене. Баалоо жөнүндө отчеттун мазмунуна карата талаптар
1. Баалоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча эки нускада баалоо жөнүндө отчет түзүлүп, алардын бири заказчыда, экинчиси баалоочуда сакталат. Баалоо жөнүндө отчеттун түрүнө жана мазмунуна карата талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
2. Отчет көп маанилүү чечмелөөгө же адаштырууга алып келүүгө жол бербөөгө тийиш. Отчетто баалоо обьектин баалоо жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу баалоо стандарттары, баалоо обьектинин баалоо жүргүзүүнүн максаттары жана милдеттери, ошондой элеотчетто чагылдырылган баалоо обьектине баалоо жүргүзүүнүн натыйжаларын толук жана бир мааниде чечмелөө үчүн зарыл болгон башка маалыматтар милдеттүү тартипте көрсөтүлөт.
3. Жеке ишкер болуп саналган баалоочу түзгөн отчетко ал коет жана анын жеке мөөрү менен ырасталат.
Баалоо ишин жүзөгө ашырууга лицензиясы бар юридикалык жактын отчетунабаалоочу – жеке жак кол коюп, юридикалык жактын жетекчиси же болбосо ал ыйгарым укук берген адам кол коет жана мөөр менен ырасталат.
4. Эгерде баалоо баалоонун ар кандай обьекттерибоюнча бир нече баалоочулар тарабынан жүргүзүлсө, отчетко өзү жүргүзгөн баалоо боюнча баалоо обьекттерин көрсөтүү менен ар бир баалоочу кол коет.
5. Баалоо жөнүндөотчетто төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) баалоочунун аталышы (фамилиясы, аты, атасынын аты (ал болгондо);
2) мүлктү баалоо боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугунан лицензиянын номери жана ал берилген дата;
3) аныкталуучу нарктын түрү;
4) отчетту түзүүнүн датасы жана баалоо датасы;
5) баалоо обьектинин (обьекттеринин) аталышы жана (же) турган жери жана баяндамасы;
6) баалоого карата мамилелер жана баалоо жүргүзүүдө пайдаланылуучу баалоо усулдары;
7) баалоо жүргүзүлүүдө пайдаланылуучу баалоо стандарттары;
8) аларды алуунун булагын көрсөтүү менен баалоо жүргүзүүдө пайдаланылуучу иш жүзүндөгү маалыматтар;
9) эсептөөнүн негиздемеси;
10) баалоонун натыйжалары;
11) жүргүзүлгөн баалоонун натыйжаларын толук жана бир түрдүү чечмелөө үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.
12-берене. Далилдик маанидеги маалыматтарды камтыган документ катары отчеттун аныктыгы
1. Ушул Мыйзам менен каралган негиздер боюнча жана тартипте түзүлгөн отчетто көрсөтүлгөн баалоо обьектинин рыноктук же башка наркынын жыйынтык чоңдугу, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте же сот тартибинде башка белгиленбесе, баалоо обьекти менен бүтүм жасоо максаты үчүн анык же сунушталууга болот деп табылат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды албаганда, отчетто аныкталган рыноктук нарк отчет түзүлгөн датадан тартып алты айдын ичинде бүтүм жасоо максаты үчүн сунушталуучу болуп саналат.
13-берене. Отчетто камтылган маалыматтардын талаштыгы
1. Отчотто белгиленген баалоо обьектинин рыноктук же башка наркынын чоңдугунун аныктыгы жөнүндө талаш болгон, анын ичинде ошол эле обьектти баалоо жөнүндө башка отчетто андай болгон учурда көрсөтүлгөн талаш белгиленген ведомстволук караштуулукка ылайык сот тартибинде же баалоо ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралууга жатат.
2. Сот бүтүмдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жасоонун милдеттүүлүгүнүн учурларында гана талашты соттук жыйналышта кароонун жүрүшүндө аныкталган баа боюнча бүтүм жасоону талаптарга милдеттендирүүгө укуктуу.
14-берене. Талаштарды кароо
Баалоо ишин жүзөгө ашырууда баалоочу менен заказчынын ортосунда келип чыккан талаштар сот тартибинде чечилет.
3-глава.
Баалоочунун, көз карандысыз баалоочунун укуктары жана милдеттери
15-берене. Баалоочунун укуктары
1. Баалоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) булакты көрсөтүү менен баалоонун стандарттарына жана (же) эл аралык стандарттарга ылайык баалоонун усулдарын жана баалоого мамиле жасоону өз алдынча колдонууга;
2) баалоо жүргүзүүдө заказчыданобьекке, ошондой эле баалоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтердин толук көлөмүнө жетүүнү камсыз кылууну заказчыдан талап кылууга;
3) баалоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү жана кошумча маалыматтарда заказчыдан алууга;
4) зарылдыгына жараша баалоо жүргүзүүгө катышууга башка баалоочуларды же болбосо башка адистерди келишимдик негизде тартууга;
5) эгерде заказчы келишимдин шарттарын бузса, баалоо обьекти жөнүндө зарыл маалыматты берүүнү камсыз кылбаса, баалоо жүргүзүүдөн баш тартууга;
6) мамлекеттик сырды, коммерциялык жана башка мыйзам менен сакталуучу жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды албаганда, баалоо жүргүзүү үчүн зарыл маалыматты үчүнчү жактардан жазуу жүзүндө же оозеки түрдө суратып алууга.
Эгерде көрсөтүлгөн маалыматты берүүдөн баш тартуу баалоонун натыйжалардын аныктыгына олуттуу түрдөр таасир көрсөтсө, баалоочу аны отчетто көрсөтөт.
16-берене. Баалоочунун милдеттери
Баалоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) баалоо ишин жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын, баалоонун стандарттарынын, ошондой элеКыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого;
2) баалоочулардын кесиптик этикасынын стандарттарын сактоого;
3) калыс баалоо жүргүзүүгө бөгөт болгон жагдайлар келип чыккандыгынын айынан баалоо жүргүзүүгө өзүнүн катышуусунун мүмкүн эместиги жөнүндөзаказчыга кабарлоого;
4) баалоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө заказчыдан жана үчүнчү жактардан алынуучу документтердин сакталышын жана купуялыгын камсыз кылууга;
5) ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн жана заказчынын талабы боюнча мүлктү баалоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензияны көрсөтүүгө;
6) мыйзамдык актыларда каралган учурларды албаганда, баалоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө заказчыдан жана үчүнчү жактардан алынган купуя маалыматты ачыкка чыгарбоого;
7) обьектти түздөн-түз текшерүүнү жүзөгө ашырууга жана заказчыга баалоо жөнүндө отчет берүүгө;
8) баалоо жүргүзүүгө номер коюлган келишимдерди көрсөтүү менен хронологиялык тартипте баалоо жүргүзүү отчетторунун китебин жүргүзүүгө;
9) баалоо жөнүндө түзүлгөн отчетторду беш жылдын ичинде сактоого;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда сакталып турган баалоо жөнүндөотчеттордункөчүрмөлөрүн же маалыматты алардын мыйзамдуу талабы боюнча мамлекеттик органдарга берүүгө.
17-берене. Баалоочунун жоопкерчилиги
Баалоочу төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) баалоо иши жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын, ошондой эле баа берүүнүн стандарттарын, кесиптик этиканын стандарттарын бузгандык;
2) мамлекеттик сырды, коммерциялык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаргандык;
3) анык эмес баалоо;
4) баалоо жүргүзүү үчүн өзүнө берилүүчү документтер менен башка маалыматтын сакталышы жана толуктугу;
5) баалоо жөнүндөотчеттордункөчүрмөлөрүн же маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларында белгиленген учурларда мамлекеттик органдарга бербегендик.
18-берене. Баалоочунун көз карандысыздыгы
1. Баалоо баалоочу тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн эмес, эгерде:
1) баалоонун обьектине карата баалоочу келишимден тышкары буюмдук же милдеттенмелик укуктарды алса;
2) баалоочу юридикалык жактын – зазакчынын акционери, уюштуруучусу, кызматкери, менчик ээси, катышуучусуболуп саналса, кредитору, дибитору, демөөрчүсү же болбосо баалоочу – жеке жак заказчы-жеке жак менен жакын тууган же кудалык байланышта болуп саналса;
3) анда жетекчи же болбосо ал ыйгарым укук берген адам заказчы-жеке жак менен жакын туугандык же кудалык байланышта болсо жана (же) юридикалык жактын жетекчиси же болбосо ал ыйгарым укук берген адам болсо.
2. Эгерде баалоо жүргүзүүнүн натыйжаларынын аныктыгына бул анын ичинде баалоо жүргүзүүдө аныкталууга жаткан маселелердин чөйрөсүн чектөөгөтерс таасир тийгизиши мүмкүн болсо, заказчынын же болбосо башка ишке тиешеси бар адамдардын баалоочунун ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
3. Баалоо жүргүзгөндүк үчүн баалоочуга акынын өлчөмү баалоо обьектинин аныкталуу наркына карата пайыздарда болушу мүмкүн эмес жана тараптардын макулдашуусу боюнча иштерди аткарууга чейин белгиленет.
4-глава.
Заказчынын укуктары жана милдеттери
19-берене. Закачынын укуктары
Заказчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) баалоо жүргүзүүгө тиешелүү мыйзамдардын талаптары жөнүндө толук маалыматты баалоочудан алууга;
2) баалоо жөнүндө отчет жана баалоочунун тыянактары негизделген ченемдик укуктук актылар менен таанышууга;
3) баалоо жүргүзүүнүн усулдары жөнүндө зарыл маалыматты баалоочудан алууга;
4) ал келишимдин шарттарын бузган учурда баалоочунун кызматынан баш тартууга.
20-берене. Заказчынын милдеттери
Заказчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) баа берүүнү келишимге ылайык өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү үчүн баалоочуга шарттарды түзүүгө;
2) баалоо жүргүзүү үчүн зарыл документтерди, толук жана анык маалыматты баалоочуга берүүгө, ошондой эле зарыл түшүндүрмөлөрдү берүүгө, баалоочунун баалоо обьектине жетишин камсыз кылууга;
3) эгерде бул баалоонун аныктыгына терс таасир тийгизсе, баалоочунун ишине кийлигишпөөгө;
4) баалоочунун талабы боюнча баалоо жүргүзүүгө зарыл болгон маалыматтыөзүнүн атынан алуу үчүн үчүнчү жактардын дарегине жазуу жүзүндөгү суроо-талап жиберүүгө.
5-глава.
Баалоо ишин жөнгө салуу
21-берене. Баалоо ишин жөнгө салуу
Баалоо ишин жана баалоочулар палатасынын ишин көзөмөл жана ченемдик укук жөнгө салуу бөлүгүндө мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ыйгарым укуктуумамлекеттик орган(мындан ары да - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
22-берене. Баалоо иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Ыйгарым укуктуумамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр таандык кылынат:
1) баалоо иши жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) өз компетенциясынын чектеринде ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү;
3) баалоонун стандарттарын иштеп чыгуу;
4) баалоо ишин лицензиялоо;
5) баалоо ишин иштөөгө талапкер адамдардын квалификациялык экзаменин өткөрүү;
6) баалоо иши жаатындагы адистерди кесиптик кайра даярдоо программаларын бекитүү;
7) баалоо иши жаатында мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу;
8) милдеттүү ведомстволук отчеттордун, текшерүү барактарынын, тобокелдик даражасын баалоонун критерийлеринин түрлөрүн иштеп чыгуу;
9) Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында, башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
23-берене. Баалоочулар палатасынын ишин контролдоо
Ыйгарымукуктуумамлекеттик орган баалоочулар палатасы тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.
24-берене. Кыргыз Республикасындагы баалоо ишин лицензиялоо
1. Баалоо ишин лицензиялоо лицензиялоожөнүндөКыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Баалоо ишин иштөө укугуна талапкер жеке жактар алардын квалификациялык деңгээлин аныктоо максатында квалификациялык экзаменден өтөт.
3. Квалификациялык экзаменди кабыл алуу үчүн квалификациялык комиссия түзүлүп, анын курамына беш адамдан кем эмес курамдагы мүчөлөрдүн так саны кирүүгө тийиш. Квалификациялык комиссиянын курамына баалоочулар палатасынын өкүлдөрү милдеттүү тартипте киргизилип, алардын саны комиссиянын курамынын жалпы санынын экиден биринин кем эмесинин түзүүгө тийиш.
Экзаменге “баалоо” адистиги боюнча жогорку билими бар жана (же) жогорку техникалык же экономикалык билими бар адамдарга жол берилет.
4. Экзаменден өткөн адамдар аны берген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде квалификациялык экзаменден өткөндүгү жөнүндөыйгарым укуктуумамлекеттик органдын чечимин алат.
Баалоо ишин иштөө укугуна талапкер адамдардын квалификациялык экзаменин жүргүзүүнүн эрежелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
25-берене. Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңеш
1. Баалоо ишин өнүктүрүүнү ыйгарым укуктуумамлекеттик органдын алдындагы Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңеш (мындан ары - Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңеш) жүзөгө ашырат.
2. Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңештин негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
-аткаруу бийлик органдарынын, илимий уюмдардын жана иштеп жаткан баалоочулардын баалоо ишинин маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
-баалоо ишинин маселелери боюнча мыйзамдык актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
-баалоо ишинин маселелери боюнча изилдөөлөрдүн жүргүзүүнү демилгелөө;
-баалоочуларды окутуунун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун программаларын жана усулдарын өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды даярдоо;
-чет өлкөлөрдүн өзүнө окшогон түзүмдөрү жана тиешелүү эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашыруу;
-Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңештин компетенциясына таандык кылынган маселелер боюнча сунуштарды, түшүндүрмөлөрдү жана корутундуларды даярдоо;
-айрым ченемдик усулдук документтерди иштеп чыгуу жана алардын экспертизасы үчүн жумушчу топторун түзүү;
-Кыргыз Республикасында баалоо ишин өнүктүрүү боюнча уюштуруучулук-усулдук иште келип чыгуучу, Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңештин компетенциясына таандык болгон башка маселелерди чечүү.
26-берене. Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңештин ыйгарым укуктары
Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңеш төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
-аткаруу бийлик органдарынан жана уюмдардан баалоо ишинин маселелери боюнча маалыматты, документтерди жана материалдарды суратып алууга;
-ал органдан кабыл алган, баалоо ишин контролдоону жана жөнгө салууну жүзөгө ашырууга тоскоол болгон чечимдерди токтотуу же болбосо жокко чыгаруу жөнүндө сунуштар менен аткаруу бийлик органдарына түздөн-түз кайрылууга;
-зарыл болгондо баалоо ишинин маселелерине тиешелүү мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда жана аларды экспертизалоодо көз карандысыз баалоочулардын жана баалоочу уюмдардын катышуусун камсыз кылууга;
-мүлктүн наркын баалоо жаатында тажрыйба алмашуу жана ага адистерди окутуу максатында эл аралык байланыштарды өнүктүрүүгө;
-баалоо ишин өнүктүрүүнүн жана башкаруунун айрым маселелерин чечүү үчүн убактылуу жана туруктуу жумушчу топторду уюштурууга;
-Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңештин иш-милдеттерин аткарууга багытталган башка аракеттерди жүзөгө ашырууга.
27-берене. Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңештин курамы
1. Кеңештин курамы баалоо ишинин жаатындагы компетенттүү адамдардан түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Кеңештин курамына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, мамлекеттик комиссиялардын, администрациялык ведомстволордун, ишке тиешеси бар уюмдардын өкүлдөрү, чет өлкөлүк адистер кирет.
2. Кеңештин мүчөлөрү өз иш-милдеттерин өндүрүштүк иштен ажыратылбастан, коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
3. Кеңештин мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда иш-милдеттерин уюштурууга жана жүзөгө ашырууга тиешелүү бардык зарыл документтерге жана маалыматка жетүүгө укуктуу.
28-берене. Баалоочулардын кесиптик окутуу
Баалоочулардын кесиптик окутуу бул максат үчүн атайын түзүлүүчү мамлекеттик же менчик окуу жайлары тарабынан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындай окутууну жүзөгө ашырууга укугу бар мамлекеттик же менчик окуу жайларынын факультеттеринин (бөлүмдөрүнүн, кафедраларынын) базасында жүзөгө ашырылат.
6-глава.
Баалоочулар палатасы
29-берене. Баалоочулар палатасы
1. Баалоочулар палатасы өз курамында баалоочуларды бириктирген коммерциялык эмес кесиптик өзүн-өзү каржылоочу уюм болуп саналат.
2. Баалоочулар палатасынын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, уюштуруу документтери жана устав менен жөнгө салынат.
Тиешелүү областтын, республикалык маанидеги шаардын аймагында баалоочулардын бир палатасы гана түзүлүшү жана иштеши мүмкүн.
3. Ал уюштуруу документтери менен палатанын уставын тааныганда жана баалоочулар палатасынын мүчөлүгүнө кирүүнүн шарттарын аткарганда баалоочуга палатанын мүчөлүгүнө кабыл алуудан баш тартуу мүмкүн эмес. Баалоочулар палатасынын мүчөлүгүнө кабыл алуудан баш тартуу сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
4. Баалоочулар палатасы ассоциациялар (бирликтер) түрүндө Баалоочулардын республикалык палатасына биригүүгө жана баалоочулардын эл аралык бирикмелерине кирүүгө укуктуу.
30-берене. Баалоочулар палатасынын иш-милдеттери
Баалоочулар палатасынын иш-милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) баалоочуларды окутуу жана кайра даярдоо;
2) палатанын мүчөлүгүнө кабыл алуунун жана андан чыгаруунун негиздерин көрсөтүү менен баалоочулар палатасынын эрежелерин жана анын мүчөлүгүнө кабыл алуунун шарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
3) алардын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен, ошондой эле баалоочулардын эл аралык кесиптик уюмдары менен мамилелеринде өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарына өкүл болуу;
4) өз мүчөлөрү тарабынан баалоо иши, баалоо стандарттары, кесиптик этиканын стандарттары жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
5) баалоо палатасынын мүчөлөрүнүн реестрин жүргүзүү жана ал реестрде камтылган маалыматты ишке тиешеси бар жактарга ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген тартипте берүү;
6) өз мүчөлөрүн маалыматтык жана усулдук камсыз кылууну уюштуруу;
7) палатанын баалоочуларынын, баалоо иши жаатындагы кызматтарды керектөөчүлөрдүн палатанын баалоочусуна кайрылууларын, өтүнүчтөрүн, даттанууларын кароо;
8) Кыргыз Республикасынын администрациялык укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык баалоочулар палатасынын мүчөсүнөадминистрациялык укук бузуу жөнүндө, анын лицензиясын токтотуу же андан ажыратуу жөнүндө иш козгоожөнүндө өтүнүчтү ыйгарым укуктуу органга берүү;
9) квалификациялык комиссиянын курамына киргизүү үчүн өкүлдөрдү жиберүү.
31-берене. Баалоочулардын республикалык палатасы
1. Баалоочулардын республикалык палатасыКыргыз Республикасынын аймагында катталган баалоочулар палатасынын жалпы санынын жарымынан көбүн өз курамында бириктирген коммерциялык эмес кесиптик өзүн-өзү каржылоочу уюм болуп саналат.
Баалоочулардын республикалык палатасы катары катталбаган юридикалык жактын аталышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык “баалоочулардын республикалык палатасы” деген сөздөр киргизилиши мүмкүн эмес.
2. Баалоочулардын республикалык палатасынын иши ушул Мыйзам, уюштуруу келишими жана устав менен жөнгө салынат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында бир Баалоочулардын республикалык палатасы түзүлөт.
4. Баалоочулардын республикалык палатасынын иш-милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) баалоо иши жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
2) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле эл аралык кесиптик уюмдарында баалоочулар палатасынын кызыкчылыктарына өкүл болуу;
3) баалоочулар палатасынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
4) баалоонун стандарттарын иштеп чыгууга катышуу;
5) баалоочуларды кесиптик кайра даярдоо программаларын иштеп чыгууга катышуу;
6) стажировкадан өтүүнүн тартиби жөнүндө сунуштамаларды иштеп чыгуу;
7) баалоочулар палатасынын, баалоо иши жаатындагы кызматтарды керектөөчүлөрдүн баалоочулар палатасына кайрылууларын, өтүнүчтөрүн, даттануулар кароо.
8) Баалоочулардын республикалык палатасынын мүчөлөрүнүн реестрин жүргүзүү жана ал реестрде камтылган маалыматты ыйгарым укуктуу орган белгилеген тартипте ишке тиешеси бар жактарга берүү.
6-глава.
Корутунду жоболор
32-берене. Баалоо иши жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Баалоо иши жөнүндө мыйзамдарды бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
“Кыргыз Республикасындагы баалоо иши жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
маалымкат-негиздеме
Бүгүнкү күндөКыргыз Республикасында Кыргыз Республикасындагы баалоо ишин жөнгө салуучу мыйзам жок.
КМШнын башка өлкөлөрүндө баалоо иши жөнүндөтиешелүү мыйзамдар кабыл алынгандыгын белгилей кетүү керек. Алсак, 1998-жылы Россия Федерациясында, 1994-жылы Өзбекстан Республикасында, 2000-жылы Казакстан Республикасында, 2006-жылы Тажикстан Республикасында тиешелүү мыйзамдар кабыл алынган.
Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы № 537 токтому менен бекитилген “Баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишинин убактылуу эрежелери” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен бир катар башка жоболор колдонулууда.
Ушул Мыйзамдын долбоору баалоо ишинин жүзөгө ашыруунун негиз болуучу принциптерин аныктоого, баалоо ишин жүзөгө ашырууда жана жөнгө салууда келип чыгуучу мамилелерди так укуктук жөнгө салууну белгилөөгө, ошондой эле баалоо укук мамилелеринин бардык катышуучуларынын даана укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилөөгө арналган.
Мыйзамдын долбоорунда баалоо ишинин обьекттери жана субъекттери, баалоонун түрлөрү, баалоо жүргүзүүнүн негиздери ж.б. сыяктуу түшүнүктөр ачып берилет.
Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу жана ишке ашыруу Кыргыз Республикасында баалоо жол-жоболоштуруну жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшөт, мунун өзү анын катышуучусу болуп мамлекет, жеке жана юридикалык жактар болгон рыноктук мамилелердин андан ары өнүгүшүнүн шарты болуп саналат.
“Кыргыз Республикасындагы баалоо иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте коомдук талкуулоо үчүн Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган.
Мыйзам долбоору социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге карабайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.
“Кыргыз Республикасындагы баалоо иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык сарптоолорго алып келбейт.
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Назаров