Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2016-жылдын 9-декабрынан тартып коомдук талкууга коюлат

09-12-2016
11:33

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты Э.Байбакпаев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсеӊиздер болот: (0312) 63-88-30

Каттоо  № 6-29196/16      07.12.2016

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 212-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

«12) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электрдик жана жылуулук энергиясынын, газдын жана энергиянын газ түрү абалындагы кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун өндүрүүчүлөрүн пайда ала баштаган учурдан тартып беш жыл ичинде.»;

2) 259-берененин 2-бөлүгүндө:

- «8504,» деген цифра «8501-8504,» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- «8530,» деген цифрадан кийин «8541,» деген цифра менен толукталсын.

2-берене.

«Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1111-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Өзгөчө жеңилдиктерди караган ушул Мыйзамдын жобосу реконструкциялоонун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздери ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылгандан жана такталгандан кийин, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен, ошондой эле иштеп жаткан курулмалардын жана негизги генератордук жабдуулардын балансалык наркынын элүү пайыздан ашыгын алмаштыруу менен кайрадан киргизилген объекттерге жайылтылат.».

2) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү, жыйырма төртүнчү, жыйырма бешинчи абзацтар менен толукталсын:

«жеңилдетилген мезгил – мыйзамда белгиленген жогорулатуучу коэффициенттерди колдонуу менен ЭКБны пайдалануу боюнча орнотуу үчүн атайын тарифти колдонуу мөөнөтүнүн жеткен чеги

инвестор –менчик, зайымдык же тикелей инвестициялар формасында тартылган каражаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу инвестициялык иштин субъектиси.

конкурстук тандоо – атаандаштык, акыйкаттык, жана натыйжалуулук принциптеринде, белгиленген мөөнөттө алдын ала жарыяланган шарт боюнча конкурстар, торуктар, тендерлер, аукциондор түрүндө кудуреттүү катышуучулардын сунуштарын тандоонун атаандаштык формасы.».

3) 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«8-берене. ЭКБ жаатындагы мамлекеттик башкаруу

ЭКБ жаатындагы мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын функцияларына ылайык төмөнкү каражаттар аркылуу жүзөгө ашырылат:

- тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;

- каржылоонун ички жана тышкы булактарын кароочу ЭКБ тармагындагы жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана аткаруу;

- ЭКБнын потенциалын пайдаланууну эске алуу менен энергетикалык тармакты реформалоо;

- ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүүгө жана ЭКБнын жабдууларын өндүрүүгө түрткү берүүчү укуктук механизмдерди, ошондой эле ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- ЭКБнын энергиясынын потенциалын жана пайдаланылышын баалоо;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруунун планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участокторун берүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоо;

- кайра жаралуучу энергия жана отун тармагындагы ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу энергетикалык кайра жаралуучу ресурстарды баалоону жана субъекттердин реестрин жүргүзүүнү статистикалык эсепке алууну камсыздоо;

- анын максаттуу арналыштарын бузуу менен жер участогун пайдаланган учурда же болбосо үч жыл ичинде ЭКБны пайдалануу менен объектини куруу үчүн берилген жер участогун пайдаланбоо жер учатогун пайдалануу укуктарын токтотуу (жокко чыгаруу);

- ЭКБны өнүктүрүү тармагындагы окууну уюштуруу жана илимий-техникалык прогресске көмөк көрсөтүү;

- эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты, ЭКБны пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык программаларга катышууну камсыздоо;

- ЭКБны өздөштүрүү процессине коомдук жана илимий-техникалык уюмдарды тартууга көмөк көрсөтүү;

- 10 жыл ичинде ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун жеңилдетилген мезгилинин колдонулушун белгилөө.».

4) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын:

«8-1-берене. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы

Ыйгарым укуктуу орган:

- ЭКБны пайдаланууну колдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

- ЭКБны өнүктүрүү жана пайдалануу программасын иштеп чыгат;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруунун планын (программасын) бекитет;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди курууда инвестициялоо ниети жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу үчүн жер участогун резервдөөгө укуктуу;

- жер комиссиясынын ишин демилгелөөгө укуктуу, ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди курууга жер участокторун берүү маселесин кароодо ага катышат;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу укугуна конкурс жарыялайт;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди курууга конкурс өткөрүүдө кепилдик милдеттенмелерди аткарууну инвесторлор тарабынан сакталышына контролду жүзөгө ашырат;

- ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлорго бөлүнгөн жер участокторун максаттуу пайдаланганы үчүн мониторинг жана контролдоо маселелери боюнча мамлекеттик суу администрациясы жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенет;

- анын максаттуу арналыштарын бузуу менен жер участогун пайдаланган учурда же болбосо үч жыл ичинде ЭКБны пайдалануу менен объектини куруу үчүн берилген жер участогун пайдаланбоо жер учатогун пайдалануу укуктарын токтотуунун (жокко чыгаруунун) жол-жоболорун демилгелөөгө укуктуу;

- мамлекеттик органдарда ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруунун долбоорлорунун макулдашуу жол-жоболорун өткөрүүдө инвесторлорго юридикалык жана уюштуруучулук жардамдарды жүзөгө ашырууга укуктуу;

- электрэнергетика жаатындагы мыйзамдарга ылайык энергия берүүчү уюмдардын электр жана (же) жылуулук тармактарына ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди туташтырууга мониторингди жана контролду жүзөгө ашырат;

- энергиянын кайра жаралуучу булактарынын энергетикалык потенциалын, аларды өздөштүрүүнүн деңгээлин жана Кыргыз Республикасында энергияны өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө электр жана жылуулук энергияны өндүрүүнүн үлүшүн эсептөө жана талдоо, - максаттуу көрсөткүчтөргө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергияны өндүрүүнүн көлөмүнүн ылайык келишин аныктоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген  тартипте энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун мониторингин жана контролун жүзөгө ашырат;

- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жаатында эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат.».

5) 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«12-берене. ЭКБны пайдаланууга өбөлгө түзүүнүн экономикалык жана уюштуруу-укуктук механизмдери

ЭКБны пайдалануу аркылуу иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр жана ушул энергияны пайдалануучулар төмөнкүдөй жеңилдиктерге ээ:

- ЭКБнын негизинде иштеген техникалык каражаттарды жана түзүлүштөрдү өндүргөн же кайра жабдыган жеке жана юридикалык жактар үчүн жеңилдиктер берилет;

- (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 3-августундагы N 148 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- өндүрүштө пайдалануучу технологиялык жабдуулар (анын ичинде комплектөөчү жана камдык тетиктер) же болбосо энергиянын кайра жаралуучу булактарынан өндүрүлгөн энергияны кабылдагычтар, кайра түзүүлөр, топтоштуруулар жана (же) өткөргүчтөр бажы алымдарынан бошотулат;

- Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулат:

- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясынын өндүрүүчүлөрү пайда ала баштаган учурдан тартып беш жыл ичинде пайдага салыктан бошотулат;

- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан, орнотмонун ээси тарабынан өздүк муктаждыктарына пайдаланылбаган жана келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сатылбаган бардык электр энергиясы, ЭКБны пайдалануу боюнча ушул орнотмо кайсы электр энергетикалык компаниясынын тармагына кошулганына карабастан, ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмо жайгашкан администрациялык-аймактык түзүлүштөгү эң ири бөлүштүргүч ишканалар тарабынан сатылып алынууга тийиш;

- эгерде газ жана газ түрүндөгү кайра жаралуучу отун газ түтүктөрдүн жана жылуулук тармактардын стандарттарына жана талаптарына ылайык келсе, газ түтүктөр жана жылуулук тармактар менен иштеген уюмдар аларды өздөрүнүн системасына кошууга тийиш;

- улуттук стандартка ылайык келген суюк биологиялык отун уюмдардын отун сатуу системасына киргизилиши керек;

- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергияны берүү жана төлөө жеңилдик мезгилдин колдонуу мөөнөтүнө түзүлгөн электр энергияны берүү келишимине ылайык артыкчылык тартибинде жүзөгө ашырылат. Берүү келишиминин типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;

- жеңилдик мезгилдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгылган электр энергиясына тариф акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифти ушул берененин тогузунчу абзацында аныкталган тиешелүү коэффициентке көбөйтүү жолу менен белгиленет;

- бардык жеңилдик мезгил ичинде ЭКБнын ар бир түрү боюнча акыркы керектөөчү үчүн электр энергиясына максималдуу тарифке коэффициенттер төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:

суу энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,1ге барабар;

күн энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 3,5ке барабар;

биомасса энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,75ке барабар;

шамал энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,5ке барабар;

жер энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 3,35ке барабар;

- акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына максималдуу тарифтин чоңдугу электр энергиясына болгон тарифтик саясатка жараша өзгөрөт;

- жеңилдик мезгил бүтүшү менен ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергияга тариф акыркы керектөөчү үчүн максималдуу тарифтин деңгээлинде белгиленет;

- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын сатып алууга бөлүштүрүүчү ишканалардын кошумча сарптоолорун компенсациялоо, акыркы керектөөчү үчүн электрэнергияга жалпы улуттук тарифти эсептөөдө жана белгилөөдө эске алынат;

- электр энергетикалык компаниянын тармагына кошконго чейинки электр берүү чубалгыларын куруу боюнча бардык сарптоолорду ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмонун ээси көтөрөт;

- ЭКБны пайдалануучу объекттерди кошуу үчүн иштеп жаткан электр жана жылуулук тармактарын кеңейткен жана реконструкциялаган учурда энергетикалык компаниялар ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмолордун ээлерине материалдарды сатып алуу, орнотуу жана энергетикалык компаниялардын балансасында турган энергожабдууларды оңдоо боюнча материалдык чыгымдардын ордун жабууга милдеттүү;

- тиешелүү чыгымдар жылуулук-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте энергетикалык компаниялардын тарифине кошулат;

- ал белгиленген стандарттарга ылайык келген шартта тармакка өздөрү иштеп чыккан электр энергияны берүү үчүн бардык электр энергетикалык компаниялар ЭКБны пайдалануу менен электр энергияны өндүрүүчүлөрдүн өздөрүнүн тармактарына басмырлоосуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуулары тийиш;

- ЭКБны пайдалануучу орнотмону кошуу тармактарга кошуу боюнча сарптоолору эң аз болгон ошол бөлүштүргүч ишканалардын тармактарына карата жүргүзүлүшү керек;

- улуттук электр тармактары жана бөлүштүргүч ишканалар ЭКБны өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө чейин электр энергиясынын тоскоолдуксуз транзитин камсыз кылышат.

- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү электр энергетикалык тутумунун электр тармагындагы электр энергияны керектөөнү – жеткирип берүүлөрдүн диспетчердик графиктерин түзүүдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу объекттеринен берүүлөр аларга артыкчылык тартибинде кирет.».

3-берене.

«Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьянын тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Чакан электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 30 МВтга чейинки кубаттуулуктагы электр жана жылуулук станциялар;».

2) 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«19-статья. Конкурстук тандоону өткөрүү

Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана магистралдык электр тармактарынын участокторун кошпогондо, энергетикалык орнотмолорду куруу конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.».

3) 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«20-статья. Конкурстук тандоону өткөрүү тартиби

Конкурстук тандоону өткөрүүнүн жана жеңүүчүнү анктоонун тартиби жана критерийи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунда аныкталат жана расмий басылма органдарда жарыяланат.».

4-берене.

«Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 16-берененин төртүнчү абзацындагы «өндүрүштүк объекттерди» деген сөздөрдөн мурун «оң мамлекеттик экологиялык экспертиза болгон учурда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын»;

2) 21-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «мамлекеттик жаратылыш» деген сөздөрдөн мурун «оң мамлекеттик экологиялык экспертиза болгон учурда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын»;

3) 23-берененин экинчи абзацындагы «комплекстүү өзгөчө» деген сөздөрдөн мурун «оң мамлекеттик экологиялык экспертиза болгон учурда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын».

5-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

32-глава төмөнкүдөй мазмундагы 449-1-статья менен толукталсын:

«449-1-статья. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну колдоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну колдоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын сатып алуу боюнча милдеттерди аткарбоо жана (же) талаптагыдай эмес аткаруу,-

юридикалык жакка - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, кызмат адамына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».

6-берене.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1) 66-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

«8) анын максаттуу арналыштарын бузуу менен жер участогун пайдаланган учурда же болбосо үч жыл ичинде ЭКБны пайдалануу менен объектини куруу үчүн берилген жер участогун пайдаланбаса жер учатогун пайдалануу укуктарын токтотсо (жокко чыгарса).».

7-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

Кыргыз Республикасынын

Президенти

«Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Маалымкат-негиздеме

Бул мыйзамдолбоордун максаты энергетика чөйрөсүндөгү экономикалык жана уюштуруучулук укук мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн укуктук негиздерди белгилөө, кайра жаралуучу энергетика чөйрөсүнө тикелей инвестицияларды тартуу, бул секторду мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун арттыруу, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын, чакан энергетика чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашырууда энергетика субъекттеринин укуктарын жана милдеттерин аныктоо жана тактоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2016-жылдын 31.05теги чечими менен Энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) жана республиканын чакан гидроэнергетикасын өнүктүрүү чөйрөсүндө сунуштарды даярдоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн, анын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Байбакпаев шайланган. Анын курамына Кыргыз Республикасынын ЭКБ Ассоциациясынын (Э.Г.Казакова), мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун (В.И.Липкин) өкүлдөрү, потенциалдуу инвесторлор (Р.Томас, Asia Capital Energy Solutions, “Тегирмен ГЭС” ЖЧК Н.Ирсалиев) киришкен. Мыйзамдолбоор атамекендиктер үчүн кандай болсо, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн да ошондой, анын ичинде чакан энергетика чөйрөсүндө ЭКБ тармагына инвестициялык жагымдуулукту арттырууга багытталган.

Ушул мыйзамдолбоордо Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Жер кодексине, «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» (мындан ары – ЭКБ Ж), «Электр энергетикасы жөнүндө», «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор сунушталат.

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү (мындан ары – ЭКБ) күн, суу, шамал, жылуулук, жер жана биомасса энергетиканын дүйнөдө эң бир тез өсүп жаткан багыттарынын бири болуп саналат жана өзүнө илимий изилдөөчүлүк жана ишке киргизүүчүлүк иштерди, анын ичинде инженердик жабдууларды орнотууну, банктык жана консультациялык иштерди жана башкаларды камтыйт. ЭКБ энергиясын өздөштүрүү боюнча долбоор чоң масштабга айланууда, ал эми технологияга болгон баа барган сайын төмөндөөдө, аларды өндүрүү бир кыйла жеткиликтүү болууда. ЭКБ өндүрүүнүн эл аралык тажрыйбасынын талдоосу энергиянын кайра жаралуучу булактарынан иштелип чыккан энергияга болжолдуу баалардын түшүшүн жана келечекте анын натыйжалуулугун көрсөтүп отурат.

Биздин республикада ЭКБны өнүктүрүүнү тездетүүнүн максатка ылайыктуулугу электр энергиянын түзүлгөн тартыштыгы, кайра жаралуучу булактарда иштелип чыккан энергияны республиканын экономикалык өнүгүүсүнө жана отун балансысына кошуу зарылчылыгы менен шартталган, натыйжада калктын социалдык абалын жакшыртуу, республиканын энергетикалык жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлөт. Саналып өткөндөрдөн тышкары төмөнкү жагдайларды да эсепке алуу зарыл:

- 2015-жылы импорттолгон электрэнергиянын көлөмү 5,2 млрд. сомдон ашык жалпы суммадагы 1,18 млрд. кВтс көптү түзгөн;

- Кыргызстандын энергосекторунун жогорку көз карандылыгы аба ырайына жана климаттык шарттарга (жаан-чачынга, кургакчылык мезгилге, дайранын тартыштыгына) Токтогул ГЭСинин суу сактагычынын толушуна;

- электр энергиясынын тартыштыгынын ар жылкы өсүүсүнүн темпи (7-10%), 2014-2015-жылдардага ар жылкы тартыштык 1 млрд. кВтс тегерегинде;

- экономикалык жана инфратүзүмдүк өсүүнү чектөөчү кубаттуулуктун тартыштыгы экономиканын бардык реалдуу секторунун өсүшүнө терс таасирин тийгизет;

- Борбордук Азияга Электрэнергияны берүү жана сатуу долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттемелерин аткарбоо тобокелдиги – 2020-жылдагы Түштүк Азияга САSA-1000 жана айыптык санкцияны коюу (1300 МВт кубаттуулукту берүү милдеттемеси);

- иштеп жаткан орнотмолордун кубаттулугун көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши, колдонуудагы энергетикалык орнотмолор менен жабдуулардын моралдык жана физикалык эскириши;

- ЭКБ чөйрөсүнө инвестицияларды дүйнөлүк рынокто тартууда эл аралык атаандаштыктын жогорку деңгээли;

- экологиялык коопсуздук маселелери жана зыяндуу чыгарууларды кыскартуу боюнча эл аралык талаптар.

ЭКБны кеңири өнүктүрүү ошондой эле иш менен камсыз кылууну, республиканын айылдагы калктуу конуштарынын жашоо турмушун жана энергия менен камсыз болуу шарттарын жакшыртууга, айыл чарба өндүрүшүн энергия менен камсыз кылууну жогорулатууга, айыл жеринде жакырчылыктын деңгээлин кыскартууга, билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле республиканын региондорунда жаңы өндүрүштөрдү жана заманбап технологияларды ишке киргизүүгө көмөктөшөт.

Бүгүнкү күндө ЭКБнын негизинде энергетикалык кубаттуулуктардын ири өндүрүш объектиси сыяктуу эле, чакан объектилеринде жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү проблемасы курч коюлууда.

Бүгүнкү күндүн энергетикасы энергиянын кайра жаралуу булактарына эмес, нефтиге, газга, көмүргө, ядролук энергия ж.б.у. 80% ашык негизделген. Бирок казып алынуучу отундун түрлөрүнүн дүйнөлүк запастарынын кыскарышын эске алсак, келечекте энергетикалык коопсуздукту жана көз карандысыздыкты камсыз кылуу зарылчылыгы соңку он жылдыкта бүткүл дүйнөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын кеңейтүү тенденциясын күчтөндүрүүнү талап кылууда.

Дүйнөлүк тажрыйба. Дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсү энергетикадагы “жашыл энергетика” индустриясын артыкчылыктуу багыт катары карап жатышат жана ЭКБны мыйзамдык деңгээлде өнүктүрүүнү колдошууда. Маселен, 2016-жылы чакан гидроэнергетикага дүйнөлүк инвестициянын суммасы 6 млрд. АКШ долларын түзгөн. Швецарияда ЧГЭС электр энергиясын өндүрүүнүн үлүшү 8,3%, Испанияда – 2,8%, Швецияда – 3%, Австрияда – 10% түзгөн. ЧГЭС кубаттуулугунун жыйындысы боюнча алдыңкы орунда Кытай – 47 ГБт, Япония – 4 ГБт, АКШ – 3,4 ГБт түзөт.

Эгерде Кытай Эл Республикасынын тажрыйбасын алсак, ал жерде чакан ГЭСтерге 1 ден 50 МБт кубаттуулуктагылар түзөт, алар айыл райондорун электр энергиясы менен камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт: 45 миң чакан гидрокурулмалар 300 млн. айыл тургундары үчүн 70 млрд. кВт. саат иштеп чыгат. Жыл сайын 300 ЧГЭС ашык ишке киргизилет. Чакан ГЭС Кытайдын айыл чарба керектөөлөрүнүн 35% чейинкисин камсыз кылат. Чакан гидроэнергетиканы пайдаланууну кеңейтүү планын көздөө менен, Кытай жакынкы жылдарда аны өнүктүрүү үчүн 16,5 млрд. америка долларын инвестициялоодо. Натыйжада мындай объектилер курулуучу уезддердин саны 300дөн 782ге чейин өсүп жатат. Алардын көпчүлүк бөлүгү ирригациялык курулмалар менен комплексте иштеп жатат. Өлкөдө чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү жана бул жаатта Кытайда тажрыйбаны таркатуу боюнча өлкөнүн өкмөтү тарабынан түзүлгөн ЧГЭС эл аралык борбору, Ханчжоудагы (Чыгыш кытай, Чжезян провинциясы) ЮНИДО жана ПРООН көмөктөшүп жатат. Электрификация программасынын алкагында 2005-жылга чейин Кытайда 1000 кыштакчага электрификация жүргүзүлгөн, булар чакан гидроэлектрстанцияларды куруунун натыйжасында жасалган. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу чөйрөсүндө өлкө акырындап дүйнөдө алдыңкы позицияны ээлеп жатат. Чакан гидроэлектрстанциялары үчүн жабдууларды өндүрүү борбору акырындап Кытайга өтүүдө, ал мындай жабдууларды дүйнөлүк чыгаруунун олуттуу үлүшүн камсыз кылат.

Казакстандын тажрыйбасы. Казакстанда 2007-2010-жылдарда 5 чакан ГЭС ишке киргизилген (жалпы кубаттуулугу 20 МБт), 100 кВт кубаттуулуктагы 10 шамал электр станциясы (мындан ары ШЭС), 2 күн энергиясынын электр станциясы (3 Вт) ишке киргизилген. Казакстанда 2015-жылы жалпы кубаттуулугу 120 МВт жакын энергиянын кайра жаралуучу булактарынын 14 долбоору ишке киргизилген. 2020-жылга чейин республикада энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу 34 объектини ишке киргизүү жүргүзүлүүдө. Жаңы электр станцияларынын жалпы кубаттуулугу 1362,34 мегаватты түзөт. 13 шамал электр станциялары энергияны баарынан көп өндүрүп чыгарат – 1081 мегаватт. 17 ГЭС 205,45 мегаватт кубаттуулукту берсе, күн энергиясынын электр станциясы 76 мегаватты берет. Чыгыш Казакстанда жана Түштүк Казакстан областында шамал электр станциясын ишке киргизүү пландаштырылууда, Ерементау (Акмоло областы) шаарына жакын жерде шамалдын энергиясын эки станцияда пайдалануу пландаштырылып жатат. Алма-Ата областында 2015-жылга чейин 3 шамал электр станциясы пайда болот, анын экөөсү Шелекке дагы бирөөсү атактуу Жунгар дарбазасында курулмакчы. Гидро электро станцияларынын негизги потенциалы Алма-Ата областында топтолгон. 2020-жылга чейин бул жерде бардыгы болуп 11 ГЭС куруу пландаштырылууда. Алардын ичинен кубаттуулугу 60,8 мегаватты түзгөн ГЭС Шелек суусунда курулмакчы. Мындан тышкары, Чыгыш Казакстан, Жамбыл жана Түштүк Казакстан областтарында ГЭСтер иштей баштайт. Электр энергиясын өндүрүү үчүн күн энергиясын пайдалануу Алма-Ата, Жамбыл жана Кызыл-Ордо областтарында жүрүзүлмөкчү. Жамбыл областында 24 мегаватт кубаттуулуктагы эң кубаттуу электр станциясын куруу пландаштырылууда.

Арменияда ЭКБнын кыйла келечектүү багыты болуп гидроэнергетика, анын ичинде чакан ГЭСтер саналат. 2011-жылдын 8-сентябрында Армения Республикасынын Өкмөтү тарабынан Армения Республикасынын гидроэнергетикалык тармагын өнүктүрүүнүн стратегиялык программасы кабыл алынган. 2013-жылдын 1-январындагы абал боюнча электр энергиясын 137 чакан ГЭС иштеп чыгууда, анын белгиленген кубаттуулугунун жалпы көлөмү 218 МВт жакынды түзөт жана электр энергиясын иштеп чыгуу болжол менен 600 млн. кВт саатты түзөт. 77 чакан ГЭС курулушуна лицензия берилген. Армениянын энергетика министрлигинин божомолу боюнча 2017-жылга чакан ГЭСтерден электр энергиясын өндүрүү жылына 850–960 млн. кВт саатка жетет.

Кыргызстандагы ЭКБ сектору, өнүктүрүү проблемасы.

Азыркы учурда Кыргызстанда ЭКБ энергетикалык потенциалы кыйла кеңири иликтенген. Маселен, күн энергетикасынын запастары боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүндө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Жылына орточо өлчөмдө Кыргызстандын аймагына 670 млн. тонна шарттуу отун түрүндөгү күн энергиясынын эквиваленти түшүп турат. Шамал энергетикасынын ресурстары боюнча да – 245 млн. тонна шарттуу отун түрүндө ири потенциал бар. Биомассаны кайра иштетүүнүн негизинде республикада орточо эсеп менен жылына 1,6 млрд. куб. м. жакын метандын күйүүчү газын алууга болот. Суу күчүнүн жалпы кубаттуулугу 1,6 млн. кВт бааланууда. Республиканын отун-энергетикалык комплексинин энергияны пайдалануу өлчөмүнүн салыштырма талдоосу параметрлеринин эсептери боюнча ЭКБнын потенциалы пайдалануучу энергияны 51% чейин алмаштырышы мүмкүн, ал техникалык жактан 20% ишке ашырылышы мүмкүн.

Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күнү Кыргызстанда кайра жаралуучу технологияны реалдуу ишке киргизүү жөнүндө айтуу эртелик кылат. ЭКБ боюнча кыйла ресурстарга ээ болуу менен Кыргызстан болгону анын 1% гана пайдаланат, ал эми соңку жылдарда энергоресурстардын тартыштыгы байкалууда жана электр энергиясын импорттоого муктаж болууда. Жогоруда белгиленгендей, бүгүнкү күндө республикада эксперттик баа берүүлөргө ылайык жыл сайын 1 млрд. кВт саат электр энергиясынын тартыштыгынын жаралуу коркунучу бар (суунун аз болуу кесепетинен), 2017-жылдан тартып электр энергиясынын жылдык тартыштыгы 2-3 млрд. кВт саат болушу мүмкүн.

Совет мезгилиндеги Кыргызстандын тажрыйбасын иликтей келсек, индустрилизацияга жана өндүрүштүн өсүшүнө байланыштуу 1970-жылдары Нарын суусунда ГЭС каскаддары жана энергетиканын флагманы болгон Токтогул ГЭСи ишке киргизилген (кубаттуулугу 1200 МБт), ал энергияга болгон муктаждыкты аздыр-көптүр жаап турган. Акырындап чакан энергетика объектилерин колдоо, жаңылоо жана өнүктүрүү зарылчылыгы басаңдай баштаган. 1930-1950-жылдардын аралыгында Кыргызстанда 150дөн ашык чакан гидроэлектрстанциялар долбоорлонгон/курулган (Чүй областында – 42/42, Ысык-Көл областында – 37/33, Нарын областында – 10/7, Талас областында 10/5, Ош областында – 42/37, Жалал-Абад областында – 20/17), алар электр энергиясын өндүрүү менен өлкөнүн шаарларында жана айылдарында жарандардын турмуш деңгээлин өстүрүүнүн, республикада өнөр жайын жана айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизи болуп саналган.

Азыркы учурда республика боюнча бардыгы болуп 13 ЧГЭС иштеп жатат, алар: “Чакан ГЭС” ААК (9 чакан ГЭС), анын ичинде Аламүдүн каскадындагы 8 ГЭС (29,7 МВт), Быстровка ГЭСи (8,7 МБт) жана Ысык-Ата ЧГЭС (1,6 МБт кубаттуулуктагы, 2008-жыл) жана Калинин (1,4 МБт), Ак-Суу (0,5 МБт), Кыргызата (0,25 МБт).

Азыркы учурда республикалык бюджеттин каражаттарынын тартыштыгынан улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жаңы ЧГЭС курууга жана иштебей тургандарын калыбына келтирүүгө инвестиция бөлүү үчүн финансылык ресурстарды берүүгө мүмкүнчүлүгү жок.

Колдонуудагы мыйзамдардын таасирин жана республиканын ыйгарым укуктуу органдарынын күч аракеттерин иликтөө укуктук, уюштуруучулук, институттук мүнөздөгү кеңири проблемалардын бар экендигин көрсөттү, аларды чечпей туруп жакынкы келечекте энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүн өнүктүрүүнү алдыга жылдыруу мүмкүн эмес.

2008-жылдын 31-декабрында “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 2-майындагы УП № 155 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясы уюштурулган. Жогоруда аталган мыйзам колдонууга киргизилген учурдан баштап чакан гидроэнергетика чөйрөсүндө Ысык-Ата (белгиленген кубаттуулугу 1,6 МБт, 2008-жыл), Калинин (1,4 МБт), Ак-Суу (0,5 МБт) чакан электростанциялары реконструкцияланган. Бирок жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоо чараларына карабастан, 2009-жылдан баштап азыркы учурга чейин жеке муктаждыктар үчүн курулган бир нече микро-ГЭСтерди эсепке албаганда, бир дагы олуттуу чакан электр станциясы курулган жок. Энергиянын кайра жаралуучу башка түрлөрү – шамал, күн, биомасса, жердин энергиясы жана башка түрлөрү боюнча ушундай эле кырдаал түзүлгөн. Азыркы учурда жогоруда аталган дирекциянын укуктук статусу аныктала электигин белгилөө зарыл, ушундай шартта жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жокко чыгарыла элек.

Өткөрүлгөн талдоого ылайык ЭКБ чөйрөсүндө төмөндөгүдөй көйгөйлөр бар:

- башка өлкөлөрдө практикаланып жаткан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик структура жок;

- азыркы учурда акыркы керектөөчүлөр үчүн тарифтердин төмөн болушунан улам 8 жылдын аралыгында ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча долбоорлордун өзүн-өзү актоосуна жетишүү кыйла деңгээлде оор;

- ЭКБ иштеп чыккан жана пайдаланган электр энергиясын сатып алууга бөлүштүрүүчү ишканалардын чыгымдарын жабуу боюнча финансылык механизм жок;

- ЭКБ жөнүндө мыйзамдар менен Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын ортосунда нормалардын көп коллизиялары бар;

- энергиянын кайра жаралуучу объектилерин потенциалдуу куруучу жерлерди сапаттуу иликтөө боюнча бирдиктүү мамиле жана күч аракеттер жок, мындай иштерди республикалык бюджеттен каржылоо жокко эсе;

- энергиянын кайра жаралуучу объектилерин курууга жерлерди бөлүштүрүү жол-жоболору бюрократташтырылган, узак мөөнөттү, өзгөчө чакан ГЭСтер үчүн талап кылат;

- ЭКБ пайдалануу боюнча долбоорлор үчүн бөлүнгөн мыйзамсыз ээленген жана пайдаланылбай жаткан жер участокторун кайра алуунун механизми иштелип чыккан эмес жана жооптуу орган аныкталган эмес;

- ЭКБ чөйрөсүндө мыйзам алдындагы актыларды бекитүү боюнча иштер аякталган эмес;

- ЭКБ чөйрөсүндө тышкы жана ата мекендик инвесторлор менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттери, аларды тартуунун механизмдери, ошондой эле ЭКБ пайдалануу боюнча объектилерди куруу укугун конкурстук тандоо механизми иштелип чыккан эмес;

- бөлүштүрүүчү ишканалардын тармагында берилген энергия үчүн кепилдендирилген акы төлөөнүн механизми жок;

- ЭКБ пайдалануу менен жабдууларды ишке киргизүүнүн баштапкы чыгымдары жогору (маселен, 2008-жылы ЧГЭС курулушуна инвестициялык чыгымдар белгиленген кубаттуулуктун кВт үчүн (10 МБт кем эмес) 1750дөн 6250 АКШ долларында бааланган, 1 кВт үчүн орточо эсепте 4000 доллар; шамал станцияларына чыгымдар – 1000-1500 АКШ доллары).

Мыйзам долбоору менен күн энергиясы боюнча коэффициентти 6,0дөн 3,5ге төмөндөтүү сунуш кылынууда, анткени колдонуудагы коэффициент акыркы керектөөчү үчүн максималдуу тарифтин азыркы өсүшүн эске алсак, республикада күн электр станциясы боюнча реалдуу долбоорду ишке ашырган учурда, мындай энергияны сатып алуу үчүн бөлүштүрүүчү компаниялардын финансылык жактан төлөмдөрүн кескин жогорулатат, анткени 1 кВт үчүн сатып алуу 13 сомду түзөт.

ЭКБ/ЧГЭС институттук мүнөздөгү өнүгүүсүнүн төмөндөгү көйгөйлөрү белгилүү болду:

- жогоруда белгиленгендей, башка өлкөлөрдө (Перу, Армения, Казакстан, Грузия, Венесуэла) практикаланып жаткандай, ЭКБ/ЧГЭС өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жок;

- ЭКБ/ЧГЭС объектилерин куруу боюнча жерлерди бөлүштүрүүнүн жол-жоболору бюрократташтырылган, жеткиликтүү деңгээлде регламенттештирилген эмес, ченемдик актылар азыркы өзгөрүштөргө ылайык келтирилген эмес. коррупциялык мүнөздөгү тобокелчиликтер бар. Узак мөөнөттү, өзгөчө чакан ГЭСтер үчүн (3-4 жыл) талап кылат;

- ЭКБ/ЧГЭС куруу үчүн жерлерди сапаттуу иликтөө жана даярдоо боюнча бирдиктүү мамлекеттик мамиле жок (маселен, ЭКБ үчүн потенциалдуу жерлер боюнча маалыматтар чачкын (МЭКР, АПИ    МЭКР, ПРООН);

- ЭКБ үчүн жер тилкелерин болүп берүүдө мониторинг жана долбоорлооо алдындагы даярдыктар жок;

- ЭКБ чөйрөсүндө тийиштүү энергетикалык саясат жоктугу жана ЭКБ/ЧГЭС долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү жана аларды даярдоо максаттарына республикалык бюджеттен жетиштүү өлчөмдө каражаттар бөлүнгөн эмес.

Жумушчу тобуна потенциалдуу инвесторлордон кайрылуу келип түшкөн. Маселен, ата мекендик инвестор, ишкер Н. Усубалиев 4 жылдан ашык мезгилден бери ЧГЭС курулушу үчүн Кемин районунан жер ала албай жүрөт. Проблеманы иликтей келгенде, ал төмөндөгүлөрдү көрсөттү:

  • - ЭКБ (жер жана суу ресурстарын пайдалануу укуктарын алуу, курулуш долбоорлорун макулдашуу жана айлана-чөйрөгө таасир этүүнү баалоону өткөрүү) долбоорлорун колдоо боюнча бирдиктүү ыйгарым укуктуу орган жок;
  • - мөөнөттөр боюнча мамлекеттик органдар үчүн так нормалар жана жерлерди берүүдө жооптуулар жок;
  • - ишти создуктургандыгы үчүн административдик жана башка жоопкерчилик каралган эмес;
  • - ЧГЭС долбоорлору үчүн жерлерди, суу фонддорун бөлүштүрүүнүн көп баскычтуу жол-жоболору өтө татаал: ЖӨБО- (РМА) райондук бийлиги – областтардагы КРӨ өкүлчүлүгү – КР Өкмөтү;
  • - жердин жана ээлик кылуучунун статусу жөнүндө маалымат алуунун жол-жоболорунун татаалдыгы (эреже катары ЧГЭС үчүн жерлерди бөлүүдө суу фондусунун, өзгөчө корголуучу аймактардын, жайыттардын ж.б. жерлери кошулат) – жерлердин жана ээлик кылуучулардын структуралары боюнча маалыматтарды тактоого көп убакыт кетет;
  • - жерлерди мыйзамсыз ээлеген учурлар сыяктуу эле суу боюндагы жерлерди алуу/мурда берилген чечимдерди анык эмес деп таануу боюнча жол-жоболорду өткөрүү зарыл болгондо түзүлгөн кырдаалды укуктук жактан жөнгө салуунун нормалары жок (суу фондусунун жерлерине кол салынган учурда КРӨ чечиминин болушу же жок болушу), ошондой эле пайдаланылбаган учурда/максатсыз пайдаланганда – муну менен ким алектене тургандыгы белгиленген эмес)
  •             Жогорудагы жагдайлар ЭКБ өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын функцияларын тактаган нормаларды (жаңы берене сунуш кылынууда) киргизүү жолу менен чечүү сунуш кылынат, ошондой эле ЭКБ долбоору үчүн бөлүнгөн жерлерге мониторинг жүргүзүү жана аны натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөө маселеси боюнча мамлекеттик суу администрациясы менен башка ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттери жөнүндө функцияны киргизүү сунуш кылынат.

Жогоруда аталгандардан тышкары сунушталган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна ылайык төмөнкү жоболор сунушталат:

- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электрдик жана жылуулук энергиясынын, газдын жана энергиянын газ түрү абалындагы кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун өндүрүүчүлөрүн пайда ала баштаган учурдан тартып беш жыл ичинде салык салуудан бошотууну киргизүү;

- өндүрүштө пайдалануучу импорттолгон товарларды, технологиялык жабдууларды (анын ичинде комплектөөчү жана камдык тетиктерди) же болбосо энергиянын кайра жаралуучу булактарынан өндүрүлгөн энергияны кабылдагычтарын, кайра түзүүлөрүн, топтоштурууларын жана (же) өткөргүчтөрүн КНСтен бошотуу;

- ЭКБны пайдалануу менен, ошондой эле иштеп жаткан курулмалардын жана негизги генератордук жабдуулардын балансалык наркынын элүү пайыздан ашыгын алмаштыруу менен кайрадан киргизилген объекттерге жеңилдиктерди берүү;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруунун планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- ЭКБны пайдалануучу объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участокторун берүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоо;

- 10 жыл ичинде ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун жеңилдетилген мезгилинин колдонулушун белгилөө.

«ЭКБ Ж» КР Мыйзамына  төмөнкү жаңы түшүнүктөр сунушталат:

жеңилдетилген мезгил – мыйзамда белгиленген жогорулатуучу коэффициенттерди колдонуу менен ЭКБны пайдалануу боюнча орнотуу үчүн атайын тарифти колдонуу мөөнөтүнүн жеткен чеги

инвестор –менчик, зайымдык же тикелей инвестициялар формасында тартылган каражаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу инвестициялык иштин субъектиси.

конкурстук тандоо – атаандаштык, акыйкаттык, жана натыйжалуулук принциптеринде, белгиленген мөөнөттө алдын ала жарыяланган шарт боюнча конкурстар, торуктар, тендерлер, аукциондор түрүндө кудуреттүү катышуучулардын сунуштарын тандоонун атаандаштык формасы.

Ошентип «өзүн-өзү актоо мөөнөтүнүн жеткен чеги» деген түшүнүктү «жеңилдетилген мезгил» деген түшүнүккө алмашуу сунушталат.

Ошондой эле ЭКБны пайдаланууда кызыктыруунун төмөнкү экономикалык жана уюштуруучулук-укуктук механизмдерин киргизүү сунушталат:

- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергияны берүү жана төлөө жеңилдик мезгилдин колдонуу мөөнөтүнө түзүлгөн электр энергияны жеткирип берүү келишимине ылайык артыкчылык тартибинде жүзөгө ашырылат. Жеткирип берүү келишиминин типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;

- жеңилдик мезгилдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгылган электр энергиясына тариф акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифтин деңгээлинде белгиленет;

- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгылган электр энергиясын сатып алууга бөлүштүрүүчү ишканалардын кошумча сарптоолорун компенсациялоо, акыркы керектөөчү үчүн электрэнергияга жалпы улуттук тарифти эсептөөдө жана белгилөөдө эске алынат;

- ЭКБны пайдалануучу объекттерди кошуу үчүн иштеп жаткан электр жана жылуулук тармактарын кеңейткен жана реконструкциялаган учурда энергетикалык компаниялар ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмолордун ээлерине материалдарды сатып алуу, орнотуу жана энергетикалык компаниялардын балансасында турган энергожабдууларды оңдоо боюнча материалдык чыгымдардын ордун жабууга милдеттүү;

- тиешелүү чыгымдар жылуулук-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте энергетикалык компаниялардын тарифине кошулат;

- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү электр энергетикалык тутумунун электр тармагындагы электр энергияны керектөө - жеткирип берүүлөрдүн диспетчердик графиктерин түзүүдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу объекттеринен жеткирип берүүлөр аларга артыкчылык тартибинде кирет.

- кубаттуулуктун төмөнкү чегин көрсөтпөстөн чакан электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 30 МВтга чейин аныкталат.

Сунушталган Мыйзам долбоор ЭКБны пайдаланууну кошумча экономикалык жана укуктук кызыктырууга багытталган жана ЭКБнын өнүгүшүнө шарттарды түзөт, ал келечекте төмөнкү натыйжаларга алып келет:

- ЭКБдан энергияны пайдалануунун эсебинен өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жогорулатууга жана жылдын күз-кыш мезгилинде энергия менен жабдууну жакшыртууга;

- электрэнергиянын импортун азайтуу жана экспортту көбөйтүү эсебинен өлкөнүн соода-экономикалык балансасын жакшыртууга;

- чакан жана орто ГЭСтерди, шамал жана күн энергиясын кошуп алганда ЭКБнын заманбап технологиясын кеңири жайылтууга;

- өлкөнүн энергетикалык балансасына кайра жаралуучу булактардын үлүшүн жогорулатууга;

- ЭКБ, ЭКБны пайдалануу, тейлөө, жабдууларды өндүрүү жана сатуу боюнча объекттерди иштеп чыгууда, курууда жумушчу орундарын түзүүгө.

Андан тышкары мыйзамдолбоорду кабыл алган учурда төмөнкүлөр күтүлөт:

- ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорду даярдоодо уруксат жол-жоболоруна алектенүүгө инвестордун убактысы жана акча чыгымы кыскарат;

- ЭКБ чөйрөсүндө инвесторлор менен иштөөдө “Бирдей терезе” принциби;

- коррупциялык тобокелдиктер кыскарат, анткени уруксат жол-жоболордун жөнөкөй жана түшүнүктүү эрежеси сунушталат;

- ЭКБ долбооруна бөлүнгөн жерлерди максаттуу пайдалануу үчүн мониторинг жана контроль жакшырат;

- 5 жылда ЭКБ/ЧГЭС куруунун жана реконструкциялоонун 10дон кем эмес долбоорлорун ишке ашыра баштаганда инвестициялык климаттын жакшырышы күтүлөт;

- жаңы жумушчу орундар жана республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салык базасы кеңейет;

- электр энергияны кошумча иштеп чыгат, 2020-жылга чейин 40-70МВт кем эмес ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмолорду пайдаланууга киргизет.

Бул мыйзамдолбоордун колдонулушу терс укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбестигин белгилөө керек.

Сунушталган чаралар ЭКБ тармакты жөнгө салуусун кыскартуу максатында (децентрализации), келечекте жаңы инвестицияларды тартууга жана ЭКБ индустриясынын бардык багыттарынын инвестициялык жагымдуулугун арттырууга багытталганын, ал эми салыктык бошотуу жаңыдан гана курулган чакан шамал, гидро жана электрстанциялардын башка түрлөрүнө (иштеп жаткан өндүрүүчүлөргө салыктык жеңилдиктер жайылтылбайт) тийиштүүлүгүн эске алуу менен, тактап айтканда укуктук жөнгө салуу жаңы чакан электрстанцияларды курууга жана жаңы энергетикалык кубаттуулуктарды киргизүүгө инвестицияларды тартууну кызыктырууга багытталган, регулятивдик таасир этүү талдоосун жүргүзүү талап кылынбайт.

Сунушталган мыйзамдолбоор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана башка ченемдик укуктук актылардын нормаларына ылайык келет, энергетика чөйрөсүндөгү тармактык мыйзамдардын жоболоруна каршы келбейт.

Мыйзамдолбоор өзү менен кошо республикалык бюджеттин киреше болүгүнө төмөндөөсүнө алып келбейт, анткени салыктык жеңилдиктер азыркы учурда иштеп жаткан кайра жаралуучу булактарынын негизинде чыгарылган энергия өндүрүүчүлөрүнө жайылтылбайт.

Коомдук талкууну камсыз кылуу үчүн бул мыйзамдолбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (www.kenesh.kg) расмий сайтына жайгаштырылды.

Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу сунушталган мыйзамдолбоорду колдоону Жогорку Кеңештин депутаттарынан өтүнөбүз.

Депутат                                                                                                       Э.Байбакпаев

«Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

Колдонуудагы редакциясы

Сунушталган редакциясы

Кыргыз Республикасынын Салык кодекси

212-берене. Салыктан бошотуу

1. Төмөнкүлөрдүн пайдалары салык салуудан бошотулат:

1) кайрымдуулук уюмдардын;

2) I жана II топтогу майыптардын коомдорунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын, алардагы иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин майыптар, азиздер жана дүлөйлөр түзгөн жана алардын эмгек акылары жалпы эмгек акы фондунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөндө. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

3) айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдүн;

4) Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин;

5) айыл чарба товардык-сервистик кооперативдеринин;

6) (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) кредиттик союздар;

8) айыл чарба продукциясын (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануудан тышкары) өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын. Ишканалардын тизмеси жана ага киргизүү үчүн тандоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

9) лизингдик компаниялар.

10) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчаларынын);

11) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелердин.

2. Пайда салыгын төлөөдөн бошотуу пайда салыгы боюнча декларацияны берүү милдетинен бошотпойт.

12) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электрдик жана жылуулук энергиясынын, газдын жана энергиянын газ түрү абалындагы кайра жаралуучу отундун, суюк биологиялык отундун өндүрүүчүлөрүн пайда ала баштаган учурдан тартып беш жыл ичинде.

2. Пайда салыгын төлөөдөн бошотуу пайда салыгы боюнча декларацияны берүү милдетинен бошотпойт.

259-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу негизги каражаттарды КНС төлөөдөн бошотуу

1. КНС төлөөчү катары катталган чарбакер субъекттер өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүчү негизги каражаттар, КНС төлөөдөн бошотулат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, бошотуу товардык позицияда квалификацияланган ТНЭД 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8504, 8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 9018, 9022, 9027, 9406003100 негизги каражаттарына жайылтылат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, айыл чарбалык товар өндүрүүчү жана айыл чарбалык товардык-сервистик кооператив өзүнүн өндүрүштүк максаты үчүн жана товардык-сервистик кооперативдин мүчөлөрү үчүн импорттоочу жана/же чарбакер субъект финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча импорттоочу негизги каражаттар ал чарбакер субъект КНС төлөөчү катары катталган фактысына карабастан КНС төлөөдөн бошотулат.

4. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы N 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы N 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Ушул берененин максаттары үчүн негизги каражат - бул ишкердик жүргүзүүдө пайдаланууга арналган актив, өзүнүн наркын бара-бара аны менен түзүлүүчү товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө өткөрөт, аны пайдалануу же эксплуатациялоо мөөнөтү бир жылдан ашык болот жана бажылык наркы 200000 сомдон кем эмести түзөт.

7. Ушул берененин максаттарында негизги каражаттарды ажыратуу каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берим болуп саналбайт.

259-берене. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу негизги каражаттарды КНС төлөөдөн бошотуу

1. КНС төлөөчү катары катталган чарбакер субъекттер өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүчү негизги каражаттар, КНС төлөөдөн бошотулат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, бошотуу товардык позицияда квалификацияланган ТНЭД 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 8449-8465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8501-8504, 8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8541, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 9018, 9022, 9027, 9406003100 негизги каражаттарына жайылтылат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, айыл чарбалык товар өндүрүүчү жана айыл чарбалык товардык-сервистик кооператив өзүнүн өндүрүштүк максаты үчүн жана товардык-сервистик кооперативдин мүчөлөрү үчүн импорттоочу жана/же чарбакер субъект финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча импорттоочу негизги каражаттар ал чарбакер субъект КНС төлөөчү катары катталган фактысына карабастан КНС төлөөдөн бошотулат.

4. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы N 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР 2014-жылдын 29-декабрындагы N 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Ушул берененин максаттары үчүн негизги каражат - бул ишкердик жүргүзүүдө пайдаланууга арналган актив, өзүнүн наркын бара-бара аны менен түзүлүүчү товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө өткөрөт, аны пайдалануу же эксплуатациялоо мөөнөтү бир жылдан ашык болот жана бажылык наркы 200000 сомдон кем эмести түзөт.

7. Ушул берененин максаттарында негизги каражаттарды ажыратуу каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды берим болуп саналбайт.

«Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2-берене. Бул Мыйзамды жөнгө салуу объекттери

Бул Мыйзамдын жөнгө салуу объекттери жылуулукту, электр энергиясын жана энергиянын кайра жаралуу булактарын пайдалануу менен отунду өндүрүү, керектөө жана сатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында энергиянын кайра жаралуу булактары тармагындагы жабдууларды жана технологияларды өндүрүү жана берүү болуп эсептелет.

Өзгөчө жеңилдиктерди караган ушул Мыйзамдын жобосу реконструкциялоонун долбоорунун техникалык-экономикалык негиздери ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылгандан жана такталгандан кийин, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен, ошондой эле иштеп жаткан курулмалардын жана негизги генератордук жабдуулардын балансалык наркынын элүү пайыздан ашыгын алмаштыруу менен кайрадан киргизилген объекттерге жайылтылат.

3-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

биомасса - байкоо жүргүзүү мезгилинде биогеоценоздо болгон өсүмдүк жана жаныбарлар организмдеринин жыйынды массасы;

кайра жаралуучу энергия - энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу аркылуу, анын ичинде кайра жаңылоочу отундан алынган экологиялык жактан таза энергия;

энергиянын кайра жаралуучу булактары - энергиянын үзгүлтүксүз кайра жаралуучу түрлөрүнүн булактары:

- күндүн, Жердин энергиялары, ваакумдун энергиясы, шамалдын энергиясы, суу энергиясы;

- кенсиз жана көмүртексиз жаралган энергиянын булактары, бардык органикалык калдыктардын жана/же материалдардын биомассасынын таралуу (ачыган) энергиясы;

- жылуулуктун калдык энергиясы (градирнилер, трансформатор подстанциялары, башка өнөр жай түзүлүштөрү жана агрегаттары, алардын иштөөсүнүн натыйжасында жылуулуктун калдык энергиясы чыгат);

кайра жаралуучу отун - кайра жаралуучу булактардан, биомассадан жана органикалык же жаратылыштык сырьедон жана/же ар түрдүү булактан алынган отун;

энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу - кайра жаралуучу энергияны кайра өзгөртүп түзүүгө, топтоого, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө багытталган иш-аракеттердин жыйындысы, ошондой эле ошол иш-аракеттерди материалдык-техникалык камсыздоо;

күндүн энергиясы - күндүн радиациясын пайдалануудан алынган энергия;

тармак (электр жана/же жылуулук, газ) - электр жана жылуулук энергиясын ташуу жана/же бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүү боюнча техникалык каражаттардын жыйындысы;

биогаз түзүлүшү - газды, андан чыккан жылуулукту жана органикалык жер семирткичтерди өндүрүү үчүн органикалык калдыктарды жана ыплас агындыларды анаэробдук ачытуучу жабдуулар системасы;

энергиянын кайра жаралуучу булактарынан өндүрүлгөн электр энергия- сы - жалаң гана энергиянын кайра жаралуучу булактарынан алынган электр энергиясы;

шамалдын энергиясы - шамалдын энергетикалык мүмкүнчүлүгүнөн алынган энергия;

гидроэнергия - суунун энергиясын пайдалануу менен гидроэнергетикалык агрегаттардан өндүрүлгөн энергия;

адаттагы энергия - кайра жаралбоочу энергетикалык ресурстардан алынган энергия, атап айтканда көмүртектин сырьесунан алынчу (көмүр, мунай, газ) жана 30 жана андан ашык мегаватт менен белгиленген гидроэлектр станциялардын энергиясы;

күн нуруна орнотмо - күндүн энергиясын пайдаланып жылуулук же электр энергиясын алуу үчүн орнотулган жабдуу тутуму;

ылайык сертификаты - сертификаттоо укугунун базасында берилген жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана отунду керектүү түрдө идентификациялоонун стандарттарына же башка ченемдик документтерге ылайык келгенин тастыктап көрсөтүүчү документ;

кайра жаралуучу энергияны керектөөчү - кайра жаралуу булактарын өздөштүрүү жолу менен алынган энергиянын негизинде техникалык каражаттарды жана түзүлүштөрдү пайдаланып иш алып баруучу юридикалык же жеке жак;

энергиянын кайра жаралуучу булактарын долбоорлоодогу, өндүрүүдөгү,  монтаждоодогу жана эксплуатациялоодогу жеңилдиктер - энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө алектенген юридикалык жана жеке жактарга салыктарды төмөндөтүү, бажы алымдарынан, төлөмдөрдөн бошотуу, мамлекет тарабынан жана даректүү мүнөздө болгон пайдалуу кредиттерди берүү формасындагы жеңилдиктерди берүү;

энергиянын кайра жаралуучу булактарын диверсификациялоо - энергиянын кайра жаралуучу булактарында анын жаңы түрлөрүн өздөштүрүүнүн эсебинен өндүрүштүн ишмердүүлүгүн кеңитүү;

(жыйырма экинчи абзац КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 136 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана жабдуулардын келтирилген тизмеси толук деп эсептелбейт жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана энергетикалык натыйжалуулуктук тармагындагы илим жана технологиялар өркүндөгөн сайын тизме кеңейе бериши мүмкүн.

жеңилдетилген мезгил – мыйзамда белгиленген жогорулатуучу коэффициенттерди колдонуу менен ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмолор үчүн атайын тарифти колдонуу мөөнөтүнүн жеткен чеги

инвестор – менчик, зайымдык же тикелей инвестициялар формасында тартылган каражаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу инвестициялык иштин субъектиси.

конкурстук тандоо – атаандаштык, акыйкаттык, жана натыйжалуулук принциптеринде, белгиленген мөөнөттө алдын ала жарыяланган шарт боюнча конкурстар, торуктар, тендерлер, аукциондор түрүндө кудуреттүү катышуучулардын сунуштарын тандоонун атаандаштык формасы.

Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана жабдуулардын келтирилген тизмеси толук деп эсептелбейт жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана энергетикалык натыйжалуулуктук тармагындагы илим жана технологиялар өркүндөгөн сайын тизме кеңейе бериши мүмкүн.

8-берене. ЭКБ тармагындагы мамлекеттик башкаруу

ЭКБ тармагындагы мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын функцияларына ылайык төмөнкү каражаттар аркылуу ишке ашырылат.

- тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;

- каржылоонун ички жана тышкы булактарын кароочу ЭКБ тармагындагы жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана аткаруу;

- ЭКБнын потенциалын пайдаланууну эске алуу менен энергетикалык тармакты реформалоо;

- ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүүгө жана ЭКБнын жабдууларын өндүрүүгө түрткү берүүчү укуктук механизмдерди, ошондой эле ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- ЭКБ энергиясынын потенциалын жана пайдаланылышын баалоо;

- кайра жаралуучу энергия жана отун тармагындагы ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу энергетикалык кайра жаралуучу ресурстарды баалоону жана субъекттердин реестрин жүргүзүүнү статистикалык эсепке алууну камсыздоо;

- ЭКБны өнүктүрүү тармагындагы окууну уюштуруу жана илимий-техникалык прогресске көмөк көрсөтүү;

- эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты, ЭКБны пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык программаларга катышууну камсыздоо;

- ЭКБны өздөштүрүү процессине коомдук жана илимий-техникалык уюмдарды тартууга көмөк көрсөтүү;

- ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун өзүн-өзү актоосунун чектик мөөнөтүн 8 жылдан ашык эмес белгилөө.

8-берене. ЭКБ жаатындагы мамлекеттик башкаруу

ЭКБ жаатындагы мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын функцияларына ылайык төмөнкү каражаттар аркылуу жүзөгө ашырылат.

- тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;

- каржылоонун ички жана тышкы булактарын кароочу ЭКБ тармагындагы жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана аткаруу;

- ЭКБнын потенциалын пайдаланууну эске алуу менен энергетикалык тармакты реформалоо;

- ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүүгө жана ЭКБнын жабдууларын өндүрүүгө түрткү берүүчү укуктук механизмдерди, ошондой эле ченемдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- ЭКБ энергиясынын потенциалын жана пайдаланылышын баалоо;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруунун планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участокторун берүүнүн шарттарын жана тартибин аныктоо;

- кайра жаралуучу энергия жана отун тармагындагы ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу энергетикалык кайра жаралуучу ресурстарды баалоону жана субъекттердин реестрин жүргүзүүнү статистикалык эсепке алууну камсыздоо;

- анын максаттуу арналыштарын бузуу менен жер участогун пайдаланган учурда же болбосо үч жыл ичинде ЭКБны пайдалануу менен объектини куруу үчүн берилген жер участогун пайдаланбоо жер учатогун пайдалануу укуктарын токтотуу (жокко чыгаруу);

- ЭКБны өнүктүрүү тармагындагы окууну уюштуруу жана илимий-техникалык прогресске көмөк көрсөтүү;

- эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты, ЭКБны пайдалануу жана өнүктүрүү боюнча эл аралык программаларга катышууну камсыздоо;

- ЭКБны өздөштүрүү процессине коомдук жана илимий-техникалык уюмдарды тартууга көмөк көрсөтүү;

- 10 жыл ичинде ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлордун жеңилдетилген мезгилинин колдонулушун белгилөө.

Мындай берене каралган эмес

8-1-берене. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы

Ыйгарым укуктуу орган:

- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну колдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

- энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана пайдалануу программасын иштеп чыгат;

- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруунун планын (программасын) бекитет;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди курууда инвестициялоо ниети жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу үчүн жер участогун резервдөөгө укуктуу;

- жер комиссиясынын ишин демилгелөөгө укуктуу, ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди курууга жер участокторун берүү маселесин кароодо ага катышат;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруу укугуна конкурс жарыялайт;

- ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди курууга конкурс өткөрүүдө кепилдик милдеттенмелерди аткарууну инвесторлор тарабынан сакталышына контролду жүзөгө ашырат;

- ЭКБны пайдалануу боюнча долбоорлорго бөлүнгөн жер участокторун максаттуу пайдаланганы үчүн мониторинг жана контролдоо маселелери боюнча мамлекеттик суу администрациясы жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенет;

- анын максаттуу арналыштарын бузуу менен жер участогун пайдаланган учурда же болбосо үч жыл ичинде ЭКБны пайдалануу менен объектини куруу үчүн берилген жер участогун пайдаланбоо жер учатогун пайдалануу укуктарын токтотуунун (жокко чыгаруунун) жол-жоболорун демилгелөөгө укуктуу;

- мамлекеттик органдарда ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди куруунун долбоорлорунун макулдашуу жол-жоболорун өткөрүүдө инвесторлорго юридикалык жана уюштуруучулук жардамдарды жүзөгө ашырууга укуктуу;

- электрэнергетика жаатындагы мыйзамдарга ылайык энергия берүүчү уюмдардын электр жана (же) жылуулук тармактарына ЭКБны пайдалануу боюнча объекттерди туташтырууга мониторингди жана контролду жүзөгө ашырат;

- энергиянын кайра жаралуучу булактарынын энергетикалык потенциалын, аларды өздөштүрүүнүн деңгээлин жана Кыргыз Республикасында энергияны өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө электр жана жылуулук энергияны өндүрүүнүн үлүшүн эсептөө жана талдоо, - максаттуу көрсөткүчтөргө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергияны өндүрүүнүн көлөмүнүн ылайык келишин аныктоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген  тартипте энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун мониторингин жана контролун жүзөгө ашырат;

- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жаатында эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат.

12-берене. ЭКБны пайдаланууга өбөлгө түзүүнүн экономикалык жана уюштуруу-укуктук механизмдери

ЭКБны пайдалануу аркылуу иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр жана ушул энергияны пайдалануучулар төмөнкүдөй жеңилдиктерге ээ:

- ЭКБнын негизинде иштеген техникалык каражаттарды жана түзүлүштөрдү өндүргөн же кайра жабдыган жеке жана юридикалык жактар үчүн жеңилдиктер берилет;

- (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 3-августундагы N 148 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- ЭКБ үчүн жабдууларды, түзүлүштөрдү жана комплекттөөчү буюмдарды импорттоодо жана экспорттоодо бажы алымдарынан бошотулат;

- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан, орнотмонун ээси тарабынан өздүк муктаждыктарына пайдаланылбаган жана келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сатылбаган бардык электр энергиясы, ЭКБны пайдалануу боюнча ушул орнотмо кайсы электр энергетикалык компаниясынын тармагына кошулганына карабастан, ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмо жайгашкан администрациялык-аймактык түзүлүштөгү эң ири бөлүштүрүүчү электр энергетикалык компаниясы тарабынан сатылып алынууга тийиш;

- эгерде газ жана газ түрүндөгү кайра жаралуучу отун газ түтүктөрдүн жана жылуулук тармактардын стандарттарына жана талаптарына ылайык келсе, газ түтүктөр жана жылуулук тармактар менен иштеген уюмдар аларды өздөрүнүн системасына кошууга тийиш;

- улуттук стандартка ылайык келген суюк биологиялык отун уюмдардын отун сатуу системасына киргизилиши керек;

- долбоордун өзүн-өзү актоо мезгилинде ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгылган электр энергиясына тариф акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифти ушул берененин тогузунчу абзацында аныкталган тиешелүү коэффициентке көбөйтүү жолу менен белгиленет;

- өзүн-өзү актоо мезгилинде ЭКБнын ар бир түрү боюнча акыркы керектөөчү үчүн электр энергиясына максималдуу тарифке коэффициенттер төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:

суу энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,1ге барабар;

күн энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 6,0гө барабар;

биомасса энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,75ке барабар;

шамал энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,5ке барабар;

жер энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 3,35ке барабар;

- акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына максималдуу тарифтин чоңдугу электр энергиясына болгон тарифтик саясатка жараша өзгөрөт;

- долбоордун өзүн-өзү актоо мезгили аяктагандан кийин ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгылган электр энергиясына тарифтер электр энергиясын иштеп чыгууга негиздүү сарптоолорду жана адилет пайданын элементи эске алынган эсептөөлөрдүн негизинде, отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ар бир станция үчүн өзүнчө белгиленет. ЭКБны пайдалануу менен өндүрүлүүчү электр энергиясына жаңыдан белгиленген тарифтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жыл сайын индексацияланууга жатат;

- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгылган электр энергиясын сатып алууга бөлүштүрүүчү электр энергетикалык компаниялардын кошумча сарптоолорун компенсациялоо, электр энергетикалык компаниялар үчүн энергиянын салттуу булактарынан электр энергиясына тарифти эсептөөдө жана белгилөөдө эске алынат;

- электр энергетикалык компаниянын тармагына кошконго чейинки электр берүү чубалгыларын куруу боюнча бардык сарптоолорду ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмонун ээси көтөрөт;

- ал белгиленген стандарттарга ылайык келген шартта тармакка өздөрү иштеп чыккан электр энергияны берүү үчүн бардык электр энергетикалык компаниялар ЭКБны пайдалануу менен электр энергияны өндүрүүчүлөрдүн өздөрүнүн тармактарына басмырлоосуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуулары тийиш;

- ЭКБны пайдалануучу орнотмону кошуу тармактарга кошуу боюнча сарптоолору эң аз болгон ошол электр энергетикалык компаниялардын тармактарына карата жүргүзүлүшү керек;

- улуттук электр тармактары жана бөлүштүрүүчү электр энергетикалык компаниялар ЭКБны өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө чейин электр энергиясынын тоскоолдуксуз транзитин камсыз кылышат.

12-берене. ЭКБны пайдаланууга өбөлгө түзүүнүн экономикалык жана уюштуруу-укуктук механизмдери

ЭКБны пайдалануу аркылуу иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр жана ушул энергияны пайдалануучулар төмөнкүдөй жеңилдиктерге ээ:

- ЭКБнын негизинде иштеген техникалык каражаттарды жана түзүлүштөрдү өндүргөн же кайра жабдыган жеке жана юридикалык жактар үчүн жеңилдиктер берилет;

- (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 3-августундагы N 148 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- өндүрүштө пайдалануучу технологиялык жабдуулар (анын ичинде комплектөөчү жана камдык тетиктер) же болбосо энергиянын кайра жаралуучу булактарынан өндүрүлгөн энергияны кабылдагычтар, кайра түзүүлөр, топтоштуруулар жана (же) өткөргүчтөр бажы алымдарынан бошотулат;

- Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулат:

- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясынын өндүрүүчүлөрү пайда ала баштаган учурдан тартып беш жыл ичинде пайдага салыктан бошотулат;

- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан, орнотмонун ээси тарабынан өздүк муктаждыктарына пайдаланылбаган жана келишимдик негизде башка керектөөчүлөргө сатылбаган бардык электр энергиясы, ЭКБны пайдалануу боюнча ушул орнотмо кайсы электр энергетикалык компаниясынын тармагына кошулганына карабастан, ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмо жайгашкан администрациялык-аймактык түзүлүштөгү эң ири бөлүштүргүч ишканалар тарабынан сатылып алынууга тийиш;

- эгерде газ жана газ түрүндөгү кайра жаралуучу отун газ түтүктөрдүн жана жылуулук тармактардын стандарттарына жана талаптарына ылайык келсе, газ түтүктөр жана жылуулук тармактар менен иштеген уюмдар аларды өздөрүнүн системасына кошууга тийиш;

- улуттук стандартка ылайык келген суюк биологиялык отун уюмдардын отун сатуу системасына киргизилиши керек;

- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергияны берүү жана төлөө жеңилдик мезгилдин колдонуу мөөнөтүнө түзүлгөн электр энергияны берүү келишимине ылайык артыкчылык тартибинде жүзөгө ашырылат. Берүү келишиминин типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;

- жеңилдик мезгилдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгылган электр энергиясына тариф акыркы керектөөчүлөр үчүн максималдуу тарифти ушул берененин тогузунчу абзацында аныкталган тиешелүү коэффициентке көбөйтүү жолу менен белгиленет;

- бардык жеңилдик мезгил ичинде ЭКБнын ар бир түрү боюнча акыркы керектөөчү үчүн электр энергиясына максималдуу тарифке коэффициенттер төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:

суу энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,1ге барабар;

күн энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 3,5ке барабар;

биомасса энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,75ке барабар;

шамал энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 2,5ке барабар;

жер энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн коэффициент 3,35ке барабар;

- акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына максималдуу тарифтин чоңдугу электр энергиясына болгон тарифтик саясатка жараша өзгөрөт;

- жеңилдик мезгил бүтүшү менен ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергияга тариф акыркы керектөөчү үчүн максималдуу тарифтин деңгээлинде белгиленет;

- ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгылган электр энергиясын сатып алууга бөлүштүрүүчү ишканалардын кошумча сарптоолорун компенсациялоо, акыркы керектөөчү үчүн электрэнергияга жалпы улуттук тарифти эсептөөдө жана белгилөөдө эске алынат;

- электр энергетикалык компаниянын тармагына кошконго чейинки электр берүү чубалгыларын куруу боюнча бардык сарптоолорду ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмонун ээси көтөрөт;

- ЭКБны пайдалануучу объекттерди кошуу үчүн иштеп жаткан электр жана жылуулук тармактарын кеңейткен жана реконструкциялаган учурда энергетикалык компаниялар ЭКБны пайдалануу боюнча орнотмолордун ээлерине материалдарды сатып алуу, орнотуу жана энергетикалык компаниялардын балансасында турган энергожабдууларды оңдоо боюнча материалдык чыгымдардын ордун жабууга милдеттүү;

- тиешелүү чыгымдар жылуулук-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте энергетикалык компаниялардын тарифине кошулат;

- ал белгиленген стандарттарга ылайык келген шартта тармакка өздөрү иштеп чыккан электр энергияны берүү үчүн бардык электр энергетикалык компаниялар ЭКБны пайдалануу менен электр энергияны өндүрүүчүлөрдүн өздөрүнүн тармактарына басмырлоосуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуулары тийиш;

- ЭКБны пайдалануучу орнотмону кошуу тармактарга кошуу боюнча сарптоолору эң аз болгон ошол бөлүштүргүч ишканалардын тармактарына карата жүргүзүлүшү керек;

- улуттук электр тармактары жана бөлүштүргүч ишканалар ЭКБны өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө чейин электр энергиясынын тоскоолдуксуз транзитин камсыз кылышат.

- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү электр энергетикалык тутумунун электр тармагындагы электр энергияны керектөөнү – жеткирип берүүлөрдүн диспетчердик графиктерин түзүүдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу объекттеринен берүүлөр аларга артыкчылык тартибинде кирет.

«Электр энергетикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2-статья. Аныктамалар

Бул Мыйзамда төмөндө саналып өткөн терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ:

Турмуш-тиричилик абоненти - энергия менен жабдуу келишими боюнча өз турмуш-тиричилик муктаждыгы үчүн энергияны пайдаланган жаран;

Турмуш-тиричилик керектөөчүсү - контракттын шарттарына ылайык электр энергиясын турмуш-тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануучу жеке жак.

Электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу - энергетикалык ресурстардан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү;

Электр энергиясын иштеп чыгаруучу ишкана - электр энергиясын өндүрүү жана электр станцияларды эксплуатациялоо боюнча иш жүргүзгөн ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак;

Гидроэлектростанция - суунун энергиясын пайдалануу аркылуу электр энергиясын чыгаруучу ар кандай станция жана мындай өндүрүш менен байланышкан гидротехникалык курулуштар, жабдуулар;

Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 30 Мвт жогорку кубаттуулуктагы гидроэлектростанциялар, жылуулук станциялар;

Магистралдык электр тармак - электр энергиясын өндүрүүчүдөн жергиликтүү (локалдык) тармакка кошуучу пунктка чейин жеткизүүгө дайындалган электр тармагы;

Чакан электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 1 МВтдан 30 МВтга чейинки кубаттуулуктагы гидроэлектростанциялар, жылуулук электр станциялар;

2-статья. Аныктамалар

Бул Мыйзамда төмөндө саналып өткөн терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ:

Турмуш-тиричилик абоненти - энергия менен жабдуу келишими боюнча өз турмуш-тиричилик муктаждыгы үчүн энергияны пайдаланган жаран;

Турмуш-тиричилик керектөөчүсү - контракттын шарттарына ылайык электр энергиясын турмуш-тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануучу жеке жак.

Электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгаруу - энергетикалык ресурстардан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү;

Электр энергиясын иштеп чыгаруучу ишкана - электр энергиясын өндүрүү жана электр станцияларды эксплуатациялоо боюнча иш жүргүзгөн ар кандай мамлекеттик, жеке менчик юридикалык же жеке жак;

Гидроэлектростанция - суунун энергиясын пайдалануу аркылуу электр энергиясын чыгаруучу ар кандай станция жана мындай өндүрүш менен байланышкан гидротехникалык курулуштар, жабдуулар;

Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 30 Мвт жогорку кубаттуулуктагы гидроэлектростанциялар, жылуулук станциялар;

Магистралдык электр тармак - электр энергиясын өндүрүүчүдөн жергиликтүү (локалдык) тармакка кошуучу пунктка чейин жеткизүүгө дайындалган электр тармагы;

Чакан электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктар - 30 МВтга чейинки кубаттуулуктагы электр жана жылуулук станциялар;

19-статья. Тендер өткөрүү жөнүндө жарыялоо

Компетенттүү мамлекеттик органдар, ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктардан жана магистралдык электр тармактары участкаларынан тышкары, энергетикалык орнотмолорду курууга тендер өткөрүү жөнүндө жарыялайт.

19-статья. Конкурстук тандоону өткөрүү

Ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана магистралдык электр тармактарынын участокторун кошпогондо, энергетикалык орнотмолорду куруу конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.

20-статья. Тендер өткөрүү тартиби

Тендер өткөрүү тартиби, сунуштарды тандап алуу критерийлери жана жеңүүчүнү аныктоо жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен аныкталат жана официалдуу басма сөз органдарында жарыяланат.

20-статья. Конкурстук тандоону өткөрүү тартиби

Конкурстук тандоону өткөрүүнүн жана жеңүүчүнү анктоонун тартиби жана критерийи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунда аныкталат жана расмий басылма органдарда жарыяланат.

«Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

16-берене. Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын буфердик зонасын пайдалануунун режими

Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын буфердик зонасында биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктүн абалына терс таасирди болтурбоо үчүн төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

- жаңы конуштарды түзүүгө;

- аймакты аңчылык кылуу, аңчылык чарбаларды уюштуруу жана аңчылык базаларды жайгаштыруу үчүн берүүгө;

- өндүрүштүк объекттерди курууга, жайгаштырууга жана эксплуатациялоого;

- пайдалуу кендерди чалгындоого жана казууга;

- илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча иргелме-санитардык кыюудан тышкары кыюулардын бардык түрлөрүнө;

- өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн кое берүүгө (климатташтырууга);

- коруктун гидрологиялык режимин өзгөртүүчү аракеттерге жана жалпы экосистемага таасир этиши мүмкүн болгон башка иштерге;

- жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин абалына коркунуч келтирген чарбалык жана башка иштерге.

16-берене. Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын буфердик зонасын пайдалануунун режими

Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын буфердик зонасында биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктүн абалына терс таасирди болтурбоо үчүн төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

- жаңы конуштарды түзүүгө;

- аймакты аңчылык кылуу, аңчылык чарбаларды уюштуруу жана аңчылык базаларды жайгаштыруу үчүн берүүгө;

- оң мамлекеттик экологиялык экспертиза болгон учурда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди кошпогондо, өндүрүштүк объекттерди курууга, жайгаштырууга жана эксплуатациялоого;

- пайдалуу кендерди чалгындоого жана казууга;

- илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча иргелме-санитардык кыюудан тышкары кыюулардын бардык түрлөрүнө;

- өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн кое берүүгө (климатташтырууга);

- коруктун гидрологиялык режимин өзгөртүүчү аракеттерге жана жалпы экосистемага таасир этиши мүмкүн болгон башка иштерге;

- жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин абалына коркунуч келтирген чарбалык жана башка иштерге.

21-берене. Мамлекеттик жаратылыш парктарын пайдалануунун режими

1. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймактарында алардын жаратылыштык, тарыхый-маданий жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен коргоонун дифференцияланган өзгөчө режими белгиленет.

2. Мамлекеттик жаратылыш парктары төмөнкүдөй зоналарга бөлүнөт:

- корук режиминдеги;

- экологиялык турукташтыруу;

- туристтик жана рекреациялык иш;

- чектелген чарбалык иштин.

3. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын корук режиминдеги зоналарында мамлекеттик коруктар үчүн каралган режим белгиленет.

4. Экологиялык турукташтыруу зонасында жөнгө салынуучу экологиялык туризмден жана бузулган жаратылыш комплекстерин жана объекттерин калыбына келтирүү боюнча иштерди кошпогондо, чарбалык жана рекреациялык иштерге тыюу салуу менен коруу режими белгиленет.

5. Туристтик жана рекреациялык иш зонасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин сакталышын камсыз кылуучу коргоо режими белгиленет, алардын аймактарында рекреациялык күч келүү ченемдерин эске алып жөнгө салынуучу туристтик жана рекреациялык ишке, анын ичинде туристтик маршруттарды, жолдорду, конуштарды жана кароочу аянттарды уюштурууга жол берилет.

6. Чектелген чарбалык иш зонасында администрациялык-чарбалык арналыштагы объекттер жайгаштырылат, мамлекеттик жаратылыш паркын коргоону жана иштетилишин, ага келгендерди тейлөөнү камсыз кылуу үчүн керектүү чарбалык иш жүргүзүлөт, мейманканаларды, кемпингдерди, музейлерди жана туристтерди тейлөөчү башка объекттерди куруу жана эксплуатациялоо жүзөгө ашырылат.

7. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймагында корукка алынган жаратылыш комплекстерине жана башка объекттерге зыяндуу таасир этүүчү ишкердиктин бардык түрлөрүнө тыюу салынат, атап айтканда:

- гидрологиялык режимдин өзгөрүшүнө алып келүүчү аракеттерге;

- мамлекеттик жаратылыш парктарынын ишине байланышы жок өндүрүштүк жана башка объекттерди курууга жана эксплуатациялоого;

- геологиялык чалгындоо жумуштарына жана пайдалуу кендерди иштетүүгө;

- негизги пайдалануу катары токойду кыюуга;

- жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн киргизүүгө (климатташтырууга);

- мамлекеттик жаратылыш парктарынын жаратылыштык, илимий, маданий жана эстетикалык маанилерин төмөндөтүүчү иштин башка түрлөрүнө.

- оң мамлекеттик экологиялык экспертиза болгон учурда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди кошпогондо, мамлекеттик жаратылыш парктарынын ишине байланышы жок өндүрүштүк жана башка объекттерди курууга жана эксплуатациялоого;

- геологиялык чалгындоо жумуштарына жана пайдалуу кендерди иштетүүгө;

- негизги пайдалануу катары токойду кыюуга;

- жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн киргизүүгө (климатташтырууга);

- мамлекеттик жаратылыш парктарынын жаратылыштык, илимий, маданий жана эстетикалык маанилерин төмөндөтүүчү иштин башка түрлөрүнө.

23-берене. Мамлекеттик өзгөчө коруктарды пайдалануу режими

Мамлекеттик өзгөчө коруктардын аймагында айрым жаратылыш объекттерине жана комплекстерге зыян тийгизиши мүмкүн болгон иштин бардык түрлөрүнө тыюу салынат, атап айтканда:

- комплекстүү өзгөчө коруктарда - жаратылыш комплекстеринин сакталышына коркунуч туудурган чарбалык иштерге;

- зоологиялык өзгөчө коруктарда - аңчылыкка, жапайы жаныбарларды ар кандай жолдор менен алууга, жапайы жаныбарлардын уяларын жана жатактарын бузууга, жумурткаларын алууга, ошондой эле жаныбарлардын жабыркашына же өлүшүнө алып келиши мүмкүн болгон башка иштерге;

- ботаникалык өзгөчө коруктарда - мал жаюуга, чөп чабууга, гүлдөрдү терүүгө, өсүмдүктөрдүн тамырларын, түптөрүн жана чанактарын казып алууга, от жагууга, транспорт каражаттарынын киришине, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүн жабыркоого же куурашына алып келиши мүмкүн болгон башка иштерге;

- токойлук өзгөчө коруктарда - мал жаюуга, чөп чабууга, кыюунун бардык түрлөрүнө (санитардык кыюудан тышкары), ал райондо табигый өспөгөн бак-дарактын түрлөрүн себүүгө жана тигүүгө. Токойлук өзгөчө коруктарда санитардык кыюулар илимий мекемелерге макулдашуу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча жүргүзүлөт;

- геологиялык өзгөчө коруктарда - таш, шагыл, кум жана башка пайдалуу кендерди казып алууга, үңкүрлөрдү бузууга, өзгөчө коруктун жаратылыш комплексин өзгөртүүгө же бузууга байланышкан, ошондой эле табигый гидрологиялык режимди өзгөртүшү мүмкүн болгон жер иштетүү жумуштарын жана башка аракеттерди жүргүзүүгө;

- сезондук өзгөчө коруктарда - жер которуп же кыштап жаткан куштардын жана сүт эмүүчүлөрдүн болушунун салыштырмалуу чектелген мезгилинде адамдардын барышына же чарбалык иштерди жүргүзүүгө.

23-берене. Мамлекеттик өзгөчө коруктарды пайдалануу режими

Мамлекеттик өзгөчө коруктардын аймагында айрым жаратылыш объекттерине жана комплекстерге зыян тийгизиши мүмкүн болгон иштин бардык түрлөрүнө тыюу салынат, атап айтканда:

- оң мамлекеттик экологиялык экспертиза болгон учурда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди кошпогондо, комплекстүү өзгөчө коруктарда - жаратылыш комплекстеринин сакталышына коркунуч туудурган чарбалык иштерге;

- зоологиялык өзгөчө коруктарда - аңчылыкка, жапайы жаныбарларды ар кандай жолдор менен алууга, жапайы жаныбарлардын уяларын жана жатактарын бузууга, жумурткаларын алууга, ошондой эле жаныбарлардын жабыркашына же өлүшүнө алып келиши мүмкүн болгон башка иштерге;

- ботаникалык өзгөчө коруктарда - мал жаюуга, чөп чабууга, гүлдөрдү терүүгө, өсүмдүктөрдүн тамырларын, түптөрүн жана чанактарын казып алууга, от жагууга, транспорт каражаттарынын киришине, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүн жабыркоого же куурашына алып келиши мүмкүн болгон башка иштерге;

- токойлук өзгөчө коруктарда - мал жаюуга, чөп чабууга, кыюунун бардык түрлөрүнө (санитардык кыюудан тышкары), ал райондо табигый өспөгөн бак-дарактын түрлөрүн себүүгө жана тигүүгө. Токойлук өзгөчө коруктарда санитардык кыюулар илимий мекемелерге макулдашуу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча жүргүзүлөт;

- геологиялык өзгөчө коруктарда - таш, шагыл, кум жана башка пайдалуу кендерди казып алууга, үңкүрлөрдү бузууга, өзгөчө коруктун жаратылыш комплексин өзгөртүүгө же бузууга байланышкан, ошондой эле табигый гидрологиялык режимди өзгөртүшү мүмкүн болгон жер иштетүү жумуштарын жана башка аракеттерди жүргүзүүгө;

- сезондук өзгөчө коруктарда - жер которуп же кыштап жаткан куштардын жана сүт эмүүчүлөрдүн болушунун салыштырмалуу чектелген мезгилинде адамдардын барышына же чарбалык иштерди жүргүзүүгө.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси

Мындай статья каралган эмес.

449-1-статья. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну колдоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну колдоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын сатып алуу боюнча милдеттерди аткарбоо жана (же) талаптагыдай эмес аткаруу,-

юридикалык жакка - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, кызмат адамына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси

66-статья. Жер участогун алып коюунун негиздери

1. Төмөндөгү учурларда жер участогун алып коюга жол берилет:

1) жер участогунун максаттуу багытын бузуп пайдалануу;

2) ушул главага ылайык мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу);

3) айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген жер участогун же жер участогунун бир бөлүгүн үч жылдын ичинде пайдаланбоо;

4) айыл чарбасынан башка өндүрүш үчүн берилген жер участогун 5 жыл бою пайдаланбоо;

5) жер салыгын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төкпөсө;

6) "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларынын тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде камсыздандыруу акыларын төгүп бербөө.

7) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардагы жер казынасын пайдалануу укуктарын жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган токтотсо (жокко чыгарса).

66-статья. Жер участогун алып коюунун негиздери

1. Төмөндөгү учурларда жер участогун алып коюга жол берилет:

1) жер участогунун максаттуу багытын бузуп пайдалануу;

2) ушул главага ылайык мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу);

3) айыл чарба өндүрүшү үчүн берилген жер участогун же жер участогунун бир бөлүгүн үч жылдын ичинде пайдаланбоо;

4) айыл чарбасынан башка өндүрүш үчүн берилген жер участогун 5 жыл бою пайдаланбоо;

5) жер салыгын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төкпөсө;

6) "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларынын тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде камсыздандыруу акыларын төгүп бербөө.

7) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардагы жер казынасын пайдалануу укуктарын жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган токтотсо (жокко чыгарса);

8) анын максаттуу арналыштарын бузуу менен жер участогун пайдаланган учурда же болбосо үч жыл ичинде ЭКБны пайдалануу менен объектини куруу үчүн берилген жер участогун пайдаланбаса жер учатогун пайдалануу укуктарын токтотсо (жокко чыгарса).