Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2016-жылдын 8-декабрынан тартып коомдук талкууга коюлат

08-12-2016
15:59

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты А.Кодуранова

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-92-71

konstit2012@mail.ru

Каттоо  № 6-29152/16      07.12.2016

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

         1-берене

         «Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 532-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:    

1. 32-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2.Тараптар өз ишин жеке же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу алып барышы мүмкүн. Тараптардын ар бири үчтөн ашык эмес өкүлгө ээ болушу мүмкүн (жогорку юридикалык билими бар).

Өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары  Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде каралган тартипте  жол-жоболоштурулат.»;

2. 45-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Конституциялык палатанын, жыйналыштын катышуучуларынын беделин коргоо жана конституциялык сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн тиешелүү тартибин камсыз кылуу максатында, Конституциялык палата тарабынан адамдарды сот жыйналышынын залынан чыгарууга же төмөнкүдөй тариздердин биринде билдирилүүчү ар бир укук бузгандык үчүн администрациялык жоопкерчиликке тарттууга жол берилет:»;

3. 52-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«52-берене. Конституциялык палатанын актыларын аткаруу

1. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары ченемдик укуктук актылары кароонун предмети болгон тараптарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын расмий басылмаларында,"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына", Конституциялык палатанын расмий сайтында, ошондой эле, зарыл болгондо жана башка басылмаларда жарыяланат.

2. Конституциялык палатанын чечими менен конституциялык мыйзам, кодекс же мыйзам  Конституцияга толугу менен же жарым-жартылай карама-каршы деп таанылган учурда, же болбосо  Конституциялык палатанын чечиминен укуктук жөнгө салууда кенемтени чететтүүсү келип чыкса, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Конституциялык палатанын анын расмий сайтында чечими жарыялангандан кийин төрт айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине көрсөтүлгөн чечимден келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын же мыйзамдын долбоорун киргизет. Аталган мыйзам долбоорлору кезексиз тартипте Жогорку Кеӊеш тарабынан кароого жатат.

Конституциялык палатанын чечиминен келип чыгуучу мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары тарабынан демилгелениши мүмкүн. Мындай долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу болгондо жана кезексиз тартипте Жогорку Кеӊеш тарабынан кароого жатат.

Мыйзамдарга ылайык ченем жаратуучу иш-милдеттерге ээ болгон мамлекеттик бийлик органдары өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын жокко чыгарат, жаӊы ченемдик укуктук актыларды кабыл алат же болбосо Конституциялык палатанын чечими жарыяланган күндөн тартып анын расмий сайтында үч айдан кечиктирилбестен анын бөлөк бөлүгү конституциялык эмес деп таанылган ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизет.

3. Аткарбагандык, талапка ылайык эмес аткаруу же болбосо  конституциялык палатанын актыларын аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле Конституциялык палатанын ишине кийлигишүү мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.».

2-берене

1. Ушул конституциялык Мыйзам ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна карата

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Аталган конституциялык мыйзам долбоору (мындан ары - долбоор) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  Конституциялык палатасынын ишин оптималдаштыруу, ошондой мыйзамдардагы кенемтелерди четтетүү максатында иштелип чыкты.

Конституциялык палата конституциялык контролду жүзөгө ашыруу алкагында укук маселелерин чечкендигин эске алып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүгүнө конституциялык сот өндүрүшүндө өкүл катары жогорку юридикалык билими бар адамдар боло алат деген сунуш кылынат. Мындай чара сотто тараптардын кызыкчылыктарын  кесипкөйлүк менен өкүлчүлүк кылууга багытталган.  Мында өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде каралган тартипте жол-жоболоштурууга жатат.

Мындан тышкары, администрациялык жазалар Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө  мыйзамдарында каралган учурда жана тартипте сот тарабынан салынганын эске алып, долбоордо айып салууну администрациялык жоопкерчиликке тартууга алмаштырууну караган конституциялык Мыйзамдын 45-беренесинин 1-бөлүгү жаӊы редакцияда баяндалышы сунуш кылынат.

Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу тартиби мыйзам менен регламенттелген эмес, анын кесепетинен Конституциялык палатанын чечимдеринде камтылган тапшырмалар жетиштүү түрдө эркин ишке ашырылууда.

Ушуга байланыштуу, аталган укуктук кенемтени  калыбына келтирүү максатында долбоордо Конституциялык палатанын чечимдеринде толугу менен же бир бөлүгү Конституцияга карама-каршы деп таанылган ченемдик укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча конкреттүү чараларды жана мөөнөттөрдү көрсөтүлүшү менен же чечимде четтетүүгө жатуучу укуктук жөнгө салууда кенемтенин бар экендиги көрсөтүлгөн Конституциялык палатанын чечимдерин аткаруу механизмдери каралган.

Бир эле учурду айтып кетүү зарыл, белгиленген долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоону талап кылбайт.

Аталган долбоордун ченемдери  колдонуудагы  башка ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт жана долбоор ишкердик ишти жөнгө салууга багытталбагандыктан, жөнгө салуунун таасир этүүчү талдоо талап кылынбайт.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу» Кыргыз  Республикасынын  конституциялык  Мыйзам долбооруна карата

Салыштырма таблицасы

Мыйзамдын колдонуудагы редакциясы

Мыйзам долбоору

Мыйзамдын сунуш кылынуучу редакциясы

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга

32-берене. Тараптар жана алардын өкүлдөрү

2. Кызмат орду боюнча, мыйзам боюнча өкүлдөр, адвокаттар тараптардын өкүлдөрү боло алышат. Ар бир тарап үчтөн көп эмес өкүлгө ээ болушу мүмкүн. Тараптар бир эле маселе боюнча ишти жүргүзүүнү алардын бирөөсүнө тапшырууга укуктуу.

Тараптардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары жарандык процесстик мыйзамдарда каралган тартипте таризделет.

1-берене

         «Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамга (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 532-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 32-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2.Тараптар өз ишин жеке  же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу алып барышы мүмкүн. Тараптардын ар бири үчтөн ашык эмес өкүлгө ээ болушу мүмкүн (жогорку юридикалык билими бар).

Өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары  Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде каралган тартипте  таризделет.».

32-берене. Тараптар жана алардын өкүлдөрү

2.Тараптар өз ишин жеке  же өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу алып барышы мүмкүн. Тараптардын ар бири үчтөн ашык эмес өкүлгө ээ болушу мүмкүн (жогорку юридикалык билими бар).

Өкүлдөрдүн ыйгарым укуктары   Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде каралган тартипте  таризделет.

45-берене. Процесстик коргоо чараларын колдонуу

1. Конституциялык палатанын, жыйналыштын катышуучуларынын беделин коргоо жана конституциялык сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн тиешелүү тартибин камсыз кылуу максатында, Конституциялык палата тарабынан төмөнкүдөй тариздердин биринде билдирилүүчү ар бир укук бузгандык үчүн адамдарды сот жыйналышынын залынан чыгарууга же аларга эсептик көрсөткүчтүн беш эселенген өлчөмүнө чейин айып салууга жол берилет:

1) соттун процесстик ишине кийлигишкендик, судьяга таасир көрсөткөндүк;

2) ишти даярдоо жана кароо процессинде Конституциялык палатанын талаптарын жүйөөлүү себептерсиз аткарбай койгондук же өз убагында аткарбагандык;

3) Конституциялык палатага жүйөөлүү себептерсиз келбей койгондук же келбей коюунун себептери жөнүндө билдирбегендик;

4) Конституциялык палатанын жыйналышынын тартибин бузгандык, Конституциялык палатанын судьяларына баш ийбегендик, Конституциялык палатада кабыл алынган жол-жоболорду жана этикеттин эрежелерин этибарга албагандык;

5) жыйналыштын катышуучуларынын чыгып сүйлөөсүнүн ырааттуулугун өз алдынча бузгандык;

6) мазактоочу сөздөрдү колдонгондук.

2. 45-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Конституциялык палатанын, жыйналыштын катышуучуларынын беделин коргоо жана конституциялык сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн тиешелүү тартибин камсыз кылуу максатында, Конституциялык палата тарабынан адамдарды сот жыйналышынын залынан чыгарууга же төмөнкүдөй тариздердин биринде билдирилүүчү ар бир укук бузгандык үчүн администрациялык жоопкерчиликке тарттууга жол берилет:».

45-берене. Процесстик коргоо чараларын колдонуу

1. Конституциялык палатанын, жыйналыштын катышуучуларынын беделин коргоо жана конституциялык сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн тиешелүү тартибин камсыз кылуу максатында, Конституциялык палата тарабынан адамдарды сот жыйналышынын залынан чыгарууга же төмөнкүдөй тариздердин биринде билдирилүүчү ар бир укук бузгандык үчүн администрациялык жоопкерчиликке тарттууга жол берилет:

1) соттун процесстик ишине кийлигишкендик, судьяга таасир көрсөткөндүк;

2) ишти даярдоо жана кароо процессинде Конституциялык палатанын талаптарын жүйөөлүү себептерсиз аткарбай койгондук же өз убагында аткарбагандык;

3) Конституциялык палатага жүйөөлүү себептерсиз келбей койгондук же келбей коюунун себептери жөнүндө билдирбегендик;

4) Конституциялык палатанын жыйналышынын тартибин бузгандык, Конституциялык палатанын судьяларына баш ийбегендик, Конституциялык палатада кабыл алынган жол-жоболорду жана этикеттин эрежелерин этибарга албагандык;

5) жыйналыштын катышуучуларынын чыгып сүйлөөсүнүн ырааттуулугун өз алдынча бузгандык;

6) мазактоочу сөздөрдү колдонгондук.

52-берене. Конституциялык палатанын актыларын аткаруу

1. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары ченемдик укуктук актылар кароонун предмети болгон тараптарга, мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт жана мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына", ал эми зарыл болгондо жана башка басылмаларда жарыяланат.

2. Конституциялык палатанын соттук актыларын аткарбоо, талапка ылайык эмес аткаруу, же аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле Конституциялык палатанын ишине кийлигишүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

3. 52-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«52-берене. Конституциялык палатанын актыларын аткаруу

1. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары ченемдик укуктук актылары кароонун предмети болгон тараптарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын расмий басылмаларында,"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына", Конституциялык палатанын расмий сайтында, ошондой эле, зарыл болгондо жана башка басылмаларда жарыяланат.

2. Конституциялык палатанын чечими менен конституциялык мыйзам, кодекс же мыйзам  Конституцияга толугу менен же жарым-жартылай карама-каршы деп таанылган учурда, же болбосо  Конституциялык палатанын чечиминен укуктук жөнгө салууда кенемтени чететтүүсү келип чыкса, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Конституциялык палатанын анын расмий сайтында чечими жарыялангандан кийин төрт айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине көрсөтүлгөн чечимден келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын же мыйзамдын долбоорун киргизет. Аталган мыйзам долбоорлору кезексиз тартипте Жогорку Кеӊеш тарабынан кароого жатат.

Конституциялык палатанын чечиминен келип чыгуучу мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары тарабынан демилгелениши мүмкүн. Мындай долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу болгондо жана кезексиз тартипте Жогорку Кеӊеш тарабынан кароого жатат.

Мыйзамдарга ылайык ченем жаратуучу иш-милдеттерге ээ болгон мамлекеттик бийлик органдары өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын жокко чыгарат, жаӊы ченемдик укуктук актыларды кабыл алат же болбосо Конституциялык палатанын чечими жарыяланган күндөн тартып анын расмий сайтында үч айдан кечиктирбестен анын бөлөк бөлүгү конституциялык эмес деп таанылган ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизет.

3. Аткарбагандык, талапка ылайык эмес аткаруу же болбосо  конституциялык палатанын актыларын аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле Конституциялык палатанын ишине кийлигишүү мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.».

 «52-берене. Конституциялык палатанын актыларын аткаруу

1. Конституциялык палатанын чечимдери жана корутундулары ченемдик укуктук актылары кароонун предмети болгон тараптарга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын расмий басылмаларында,"Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына", Конституциялык палатанын расмий сайтында, ошондой эле, зарыл болгондо жана башка басылмаларда жарыяланат.

2. Конституциялык палатанын чечими менен конституциялык мыйзам, кодекс же мыйзам  Конституцияга толугу менен же жарым-жартылай карама-каршы деп таанылган учурда, же болбосо  Конституциялык палатанын чечиминен укуктук жөнгө салууда кенемтени чететтүүсү келип чыкса, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Конституциялык палатанын анын расмий сайтында чечими жарыялангандан кийин төрт айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине көрсөтүлгөн чечимден келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын же мыйзамдын долбоорун киргизет. Аталган мыйзам долбоорлору кезексиз тартипте Жогорку Кеӊеш тарабынан кароого жатат.

Конституциялык палатанын чечиминен келип чыгуучу мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары тарабынан демилгелениши мүмкүн. Мындай долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу болгондо жана кезексиз тартипте Жогорку Кеӊеш тарабынан кароого жатат.

Мыйзамдарга ылайык ченем жаратуучу иш-милдеттерге ээ болгон мамлекеттик бийлик органдары өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын жокко чыгарат, жаӊы ченемдик укуктук актыларды кабыл алат же болбосо Конституциялык палатанын чечими жарыяланган күндөн тартып анын расмий сайтында үч айдан кечиктирбестен анын бөлөк бөлүгү конституциялык эмес деп таанылган ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизет.

3. Аткарбагандык, талапка ылайык эмес аткаруу же болбосо  конституциялык палатанын актыларын аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле Конституциялык палатанын ишине кийлигишүү мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.».

2-берене

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

2. Ушул Мыйзам ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.