Демилгечи: Жогорку Кенештин депутаты А.Кодуранова
Сунуш-пикирлерди төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-92-71
konstit2012@mail.ru
Каттоо № 6-29152/16 07.12.2016
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
(«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына)
1-берене
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-берененин 1-бөлүгү «ошондой эле» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан башка,» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ((Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 51-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимин аткаруу үчүн Жогорку Кеӊештин депутаттары тарабынан демилгеленген конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору жооптуу комитет тарабынан корутунду алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Жогорку Кеӊештин жооптуу комитетине 30 күндөн кечиктирбестен мыйзам долбоору боюнча корутунду берилүүгө тийиш.».
2. 55-беренеде:
1) 10-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
«7) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлорун кароодо.»;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 14, 15 жана 16-бөлүктөр менен толукталсын:
«14. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору Жогорку Кеӊеш тарабынан кезексиз тартипте каралат жана четке кагылууга жатпайт.
15. Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын аталган долбоорлору аларды кабыл алууга талап кылынган добуштарды ала албай калышса, мындай долбоорлор алар кабыл алынганга чейин кайра добуш берүүгө жатат.
16. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору Конституциялык палатанын чечими менен гана келип чыгуучу ченемдерди камтууга тийиш.».
3-берене
1. Ушул Мыйзам ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
(«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына)
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Аталган мыйзам долбоору менен «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына толуктоолорду киргизүү парламент тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Конституциялык палата) чечиминен келип чыгуучу Мыйзам долбоорлорун кабыл алууда жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү максатында демилгеленген.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында ченемдик укуктук актылар күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзам долбоору укуктук жөнгө салууда кенемтенин бар экендигине, ченемдик укуктук актылар же ченемдик укуктук актылардын айрым ченемдери Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбегендиги (конституциялык эмес деп таанылышы) жөнүндө Конституциялык палатанын чечимдерине негизделет.
Мындай мыйзам долбоорлору укуктук жөнгө салууда кенемтелерди четтетүүгө жана колдонуудагы мыйзамдарды Конституциянын ченемдерине ылайык келтирүүгө багытталган, ошондуктан аларды киргизүү жана кабыл алуу жол-жоболору көп убакытты алууга тиийш эмес.
Ушуга байланыштуу, демилгечи тарабынан иштелип чыккан түзөтүү-толуктоолор парламент тарабынан Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу Мыйзам долбоорлорун кабыл алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрөт жана аны менен колдонуудагы мыйзамдарда жана укук колдонуу практикасында боло турган карама-каршылыктарды алып салат.
Сунуш кылынуучу түзөтүүлөргө ылайык, укуктук жөнгө салууда кенемтелерди четтетүү жана ченемдик укуктук актылар толугу менен күчүн жоготту деп таануу жөнүндө же алардын түзүмдүк элементтери конституциялык эмес деп таанылган мыйзам долбоорлору коомдук талкууга жатпайт, парламент тарабынан бир эле учурда үч окуу режиминде каралат жана кабыл алынат.
Бир эле учурда айтып кетүү зарыл, белгиленген долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоону талап кылбайт.
Аталган долбоордун ченемдери колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт жана долбоор ишкердик ишти жөнгө салууга багытталбагандыктан, жөнгө салуунун таасир этүүчү талдоо талап кылынбайт.
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору карата («Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы)
Салыштырма таблицасы
Мыйзамдын колдонуудагы редакциясы |
Мыйзам долбоору |
Мыйзамдын сунуш кылынуучу редакциясы |
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
|
||
22-берене. Коомдук талкууну уюштуруу 1. Жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынууга жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
|
1-берене «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-бер.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
22-берененин 1-бөлүгү «ошондой эле» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан башка,» деген сөздөр менен толукталсын.
|
22-берене. Коомдук талкууну уюштуруу 1. Жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан башка, ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынууга жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
|
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
|
||
51-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун биринчи окууга даярдоо 1. Жооптуу комитет ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбоору алынган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен аны алдын ала кароону жүзөгө ашырат.
55-берене. Мыйзамдардын долбоорлорун кароонун жалпы талаптары 10. Бардык фракциялардын, жооптуу жана тармактык комитеттердин оң корутундусу болгондо, Жогорку Кеңеш төмөнкү учурларда мыйзам долбоорун бир эле мезгилде үч окууда кабыл алууга укуктуу: 1) мыйзамдын ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүүдө; 2) колдонуудагы мыйзамды жаңы кабыл алынган мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүүдө; 3) мыйзамдын бир беренелерин ошол эле мыйзамдын башка беренелерине ылайык келтирүүдө; 4) мыйзамдын тексттинин грамматикалык каталарын оңдоодо; 5) мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзамдын тексттеринин ортосундагы дал келбестиктерди жоюуда; 6) кредиттик макулдашууларды кошпогондо, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кароодо.
11. Президенттин каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайтарылып берилген, макулдашуу тобу тарабынан даярдалган мыйзам ушул Регламенттин 77-беренесине ылайык кыскартылган жол-жобо боюнча кайра каралууга тийиш. 12. Мыйзам долбоору четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш аны кайра кароого четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес киришиши мүмкүн. 13. Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоору расмий өкүл болуп дайындалган министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же болбосо алардын биринчи орун басарларынын, статс-катчыларынын, орун басарларынын, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунушталат.
|
2-берене «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ((Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1. 51-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимин аткаруу үчүн Жогорку Кеӊештин депутаттары тарабынан демилгеленген конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору жоптуу комитет тарабынан корутунду алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Жогорку Кеӊештин жооптуу комитетине 30 күндөн кечиктирбестен мыйзам долбоору боюнча корутунду берилүүгө тийиш.».
2. 55-беренеде: 1) 10-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: «7) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлорун кароодо.».
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 14, 15 жана 16-бөлүктөр менен толукталсын: «14. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору Жогорку Кеӊеш тарабынан кезексиз тартипте каралат жана четке кагылууга жатпайт. 15. Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын аталган долбоорлору аларды кабыл алууга талап кылынган добуштарды ала албай калышса, мындай долбоорлор алар кабыл алынганга чейин кайра добуш берүүгө жатат. 16. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору Конституциялык палатанын чечименен гана келип чыгуучу ченемдерди камтууга тийиш.».
|
51-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун биринчи окууга даярдоо 1. Жооптуу комитет ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбоору алынган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен аны алдын ала кароону жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимин аткаруу үчүн Жогорку Кеӊештин депутаттары тарабынан демилгеленген конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору жоптуу комитет тарабынан корутунду алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Жогорку Кеӊештин жооптуу комитетине 30 күндөн кечиктирбестен мыйзам долбоору боюнча корутунду берилүүгө тийиш.
55-берене. Мыйзамдардын долбоорлорун кароонун жалпы талаптары 10. Бардык фракциялардын, жооптуу жана тармактык комитеттердин оң корутундусу болгондо, Жогорку Кеңеш төмөнкү учурларда мыйзам долбоорун бир эле мезгилде үч окууда кабыл алууга укуктуу: 1) мыйзамдын ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүүдө; 2) колдонуудагы мыйзамды жаңы кабыл алынган мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүүдө; 3) мыйзамдын бир беренелерин ошол эле мыйзамдын башка беренелерине ылайык келтирүүдө; 4) мыйзамдын тексттинин грамматикалык каталарын оңдоодо; 5) мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзамдын тексттеринин ортосундагы дал келбестиктерди жоюуда; 6) кредиттик макулдашууларды кошпогондо, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кароодо: 7) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлорун кароодо. 11. Президенттин каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайтарылып берилген, макулдашуу тобу тарабынан даярдалган мыйзам ушул Регламенттин 77-беренесине ылайык кыскартылган жол-жобо боюнча кайра каралууга тийиш. 12. Мыйзам долбоору четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш аны кайра кароого четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес киришиши мүмкүн. 13. Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоору расмий өкүл болуп дайындалган министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же болбосо алардын биринчи орун басарларынын, статс-катчыларынын, орун басарларынын, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунушталат. 14. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору Жогорку Кеӊеш тарабынан кезексиз тартипте каралат жана четке кагылууга жатпайт. 15. Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын аталган долбоорлору аларды кабыл алууга талап кылынган добуштарды ала албай калышса, мындай долбоорлор алар кабыл алынганга чейин кайра добуш берүүгө жатат. 16. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору Конституциялык палатанын чечименен гана келип чыгуучу ченемдерди камтууга тийиш.
|
|
3-берене
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 2. Ушул Мыйзам ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
|
3-берене
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 2. Ушул Мыйзам ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
|