Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2016-жылдын 6-декабрынан тартып коомдук талкууга коюлат

06-12-2016
13:48

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты К.Иманалиев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-87-33

Каттоо  № 6-28947/16      05.12.2016

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

КЫРГЫЗРЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

«Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

1-берене

«Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, ст. 854)

  1. 20-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан террористтик деп таанылган уюмдардын (юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) жана өкүлчүлүктөрүнүн), алардын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын бирдиктүү тизмесин  жүргүзөт. Көрсөтүлгөн тизме расмий мамлекеттик мезгилдүү басылмаларга жарыялоого жатат.».

2-берене

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

       Президенти                                                                          А.Атамбаев

«Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

маалымкат-негиздеме

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жаш муунун радикалдык топторго тартуу коркунучун жарата турган ар түрдүү уюмдар, культтар, секталар, катышуучулар жайылып кетти.

Ушундан улам, жаш муундун арасында сырттан келүүчү радикалдык экстремисттик идеологиялардын таасирине каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан террористтик деп таанылган уюмдардын бирдиктүү тизмесин  жарыялоо сунушталып жатат. Бул уюмдар тууралуу, биринчи кезекте, Кыргыз Республикасынын өсүп келе жаткан мууну (мектеп окуучулары, студенттер ж.б.) билиши үчүн зарыл, муну менен жаш муундун ар кандай радикалдык топторго болгон терс кызыкчылыгын азайтуу мүмкүн.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында  дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан террористтик деп таанылган уюмдардын бирдиктүү тизмеси бар. Бирок бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын элине ушул уюмдар жөнүндө мамлекеттик расмий басылмалары аркылуу милдеттүү, мезгилдүү, расмий маалымдоосу караштырылган эмес. Бул маалымат Кыргыз Республикасынын элине өз убагында маалымдоо, ошондой эле террористтик уюмдар менен күрөшүү үчүн зарыл.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, «Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, анын  ичинде Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан террористтик деп таанылган уюмдардын бирдиктүү уюмдардын тизмесин киргизүү, ошондой эле бул тизмени мамлекеттик расмий басылмаларга жарыялоо жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү   сунушталып жатат.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине ылайык келет.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт жана терс социалдык, экономикалык, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Мыйзам долбоору гендердик, экологиялык, антикоррупциялык  жана башка экспертиза жүргүзүүгө жатпайт.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесине ылайык бул долбоор коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына жайгаштырылган.

Депутат                                                    К. Иманалиев

«Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

салыштырма таблица

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонуудагы редакциясы

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин сунушталуучу редакциясы

1

20-статья. Террористтик иштин алдын алуу

1. Террористтик иштин алдын алуу терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдар тарабынан саясий, социалдык-экономикалык, укуктук жана башка профилактикалык иш-чаралар комплексин жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- террористтик ишке катышы бар юридикалык жактарды, алардын бөлүмдөрүн (филиалдарын) жана өкүлчүлүктөрүн (анын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын) түзүүгө, каттоого (аккредитациялоого);

- терроризмди пропагандалоого байланышкан ишке;

- террористтик ишти жүзөгө ашыруу үчүн адамдарды үйрөтүүгө жана даярдоого;

- террористтик ишке катышкан же ага катышы бардыгы жагынан шек туудурган адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө, чыгып кетүүсүнө же транзит аркылуу өтүүсүнө;

- даярдалып жаткан же жасалган террористтик актылар жөнүндөгү маалыматтарды жана фактыларды жашырып-жабууга;

- террористтик иштин башка түрлөрүнө жанаформаларына.

3. Террористтик ишке катышы бар юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) жана өкүлчүлүктөрүнүн (анын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын) тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат жана жарыяланат.

4. Террористтик иш жөнүндө маалыматтарды топтоо, жалпылоо, талдоо жана болжолдоо, ошондой эле ага каршы аракеттенүү боюнча илимий жактан негизделген айрым иш чараларды иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борборунун базасында терроризмге каршы аракеттенүү проблемалары боюнча ведомстволор аралык маалыматтар банкы түзүлөт.

5. Террористтик актыларга шайкеш реакция кылуу жана каршы аракеттенүү, терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана оперативдүү өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында, ошондой эле террористтик мүнөздөгү маалыматты кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борборунун түзүмүндө тийиштүү имарат жайы, техникалык каражат менен жабдылган жана туруктуу кызматкерлеринен турган республикалык "кырдаал борбору" түзүлөт.

Кырдаал борбору жашыруун объект болуп саналат, ошондуктан ага кирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

6. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органына террорго каршы иш боюнча бардык болгон материалдарды өткөрүп беришет.

20-статья. Террористтик иштин алдын алуу

1. Террористтик иштин алдын алуу терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдар тарабынан саясий, социалдык-экономикалык, укуктук жана башка профилактикалык иш-чаралар комплексин жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- террористтик ишке катышы бар юридикалык жактарды, алардын бөлүмдөрүн (филиалдарын) жана өкүлчүлүктөрүн (анын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын) түзүүгө, каттоого (аккредитациялоого);

- терроризмди пропагандалоого байланышкан ишке;

- террористтик ишти жүзөгө ашыруу үчүн адамдарды үйрөтүүгө жана даярдоого;

- террористтик ишке катышкан же ага катышы бардыгы жагынан шек туудурган адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө, чыгып кетүүсүнө же транзит аркылуу өтүүсүнө;

- даярдалып жаткан же жасалган террористтик актылар жөнүндөгү маалыматтарды жана фактыларды жашырып-

жабууга;

- террористтик иштин башка түрлөрүнө жана формаларына.