Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2016-жылдын 1-декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

01-12-2016
17:35

2016-жылдын 30-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Акматов А.Ж., Нышанов С.К.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2. “Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору) (демилгечи – Өкмөт, 30.06.16дагы № 360 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу”); 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган “Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу” долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну; 2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган “Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу” долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2015-жылдын 30-ноябрындагы Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 19.10.16дагы № 557 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

4. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду” даярдоо максатындагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.10.16дагы № 547 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

2016-жылдын 1-декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

5. “Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жылкыбаев У.К., Кодуранова А.С., Бакчиев Ж.А., Шадиев А.А., Сабиров М.Э., Алимбеков Н.К., Шыкмаматов А.Н.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин жана “Соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жылкыбаев У.К., Кодуранова А.С., Бакчиев Ж.А., Шадиев А.А., Сабиров М.Э., Алимбеков Н.К., Шыкмаматов А.Н.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.10.16дагы № 564 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Салык кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Мавлянова М.Э., Бабанов Ө.Т., Рыспаев К.Ж., Турсунбаев А.А., Жеенчороев М.К., Сабиров М.Э., Алтынбеков А., Жылкыбаев У.К., Нурматов К.С.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

9. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 03.08.16дагы № 427 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

10. “Бишкек шаарында 2016-жылдын 22-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Австрия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 25.10.16дагы № 561 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

11. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 26.09.16дагы № 509 токтом) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)