2016-жылдын 17-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору:
1. “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2016 - 2017-жылдардын күз - кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)
2016-жылдын 23-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
2. “2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтыгы жөнүндө 2002-жылдын 7-ноябрындагы макулдашууга Аткаруу протоколун ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.06.16дагы № 338 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
3. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.09.16дагы № 511 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
4. “Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында 2016-жылдын 9-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк - Түштүк (Балыкчы шаары - Жалал-Абад шаары) альтернативдүү автожолунун 159 - 183 км реконструкциялоо долбоору (№ KYR-0052 долбоору) боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.09.16дагы № 519 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
5. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 15.06.16дагы № 321 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
6. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Арапбаев А.А., Жапаров А.Ү., Жеенчороев М.К., Макеев Н.К., Мамашова А.Т.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
7. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Примов У.Б.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
8. “Пробация жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Скрипкина Г.А.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)
9. “Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак-Сай, Кудук-Сай жана Чүйүт-Сай айылдарын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгаруу жана аларды Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи - Өкмөт, 06.10.16дагы № 533 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)
10. “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.10.16дагы № 543 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)
11. “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.10.16дагы № 556 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)
12. “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.10.16дагы № 545 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)
13. “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 11.04.16дагы № 194 токтом) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)
14. “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Рыспаев К.Ж.) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)
2016-жылдын 24-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
15. “Паралимпиадалык спорт жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.10.15теги № 745 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
16. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Жарнак жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 18.01.16дагы № 13 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
17. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Пирматов И.А., Джакупова Ч.И., Жапаров А.Ү., Сулайманов А.Т., Бакиров М.И.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
18. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Мусабекова Ж.А., Акаев Ж.К.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
19. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Сабиров М.Э.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)
20. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (демилгечилер – Өкмөт, 22.06.16дагы № 345 токтом жана депутаттар Турсунбеков Ч.А., Акаев Ж.К., Кулбараков А.И.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)
21. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечи – Өкмөт, 08.09.16дагы № 489 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)