Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

​​​​​​​2023-жылдын 12 - апрелинде каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору

14-04-2023
10:38

2023-жылдын 12 - апрелинде каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 29.11.2022деги кир. № 6-23754/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган)

 

2. “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 03.06.22деги кир. № 6-11218/22) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет караган)

 

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 31.05.2022деги кир. № 6-10825/22) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет караган)

 

4. “Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 30.01.2023төгү кир.№ 6-1327/23) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет караган)

 

5. “Жаныбарларды коргоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 09.01.2020дагы кир.№ 6-178/20) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет четке кагууну сунуштайт)

 

6. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 26.01.23төгү кир. № 6-1149/23) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган)

 

7. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 09.01.2023деги кир.№ 6-4/23) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган)

 

8. “Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 01.02.23төгү кир.№ 6-1508/23) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган)

 

9. “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 08.09.2022деги кир.№ 6-17507/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет караган)

 

10. 2022-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган)