2023-жылдын 6 - апрелинде каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору
2023-жылдын 6 - апрелинде каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
1. “2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 09.12.2022деги кир. № 6-24611/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган)
2. “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жана “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет караган)
3. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Чойбеков Б.К., 23.11.2022деги кир.№ 6-23328/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган)
4. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Бакасов У.Б., 21.09.2022деги кир.№ 6-18500/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган)
5. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, 01.11.2022деги кир.№ 6-21862/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган)
6. “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, 14.10.2022деги кир.№ 6-20608/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган)
7. “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 31.05.22деги кир. № 6-10829/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган)
8. “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 31.05.22деги кир. № 6-10829/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган)
9. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Акаев Ж.К., Алимжанова Н.Я., Алимжанов Ф.А., Айдарбеков Ч.А., Исираилов А.А., Молдобекова Г.С, Жамгырчиев Э.Э, 12.01.2023төгү кир.№ 6-262/23) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган)
10. “Медиация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 18.01.2023төгү кир.№ 6-641/23) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган)
11. “Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 08.12.2022деги кир. № 6-24505/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган)
12. “Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Айжигитов С.А., Кадырбеков Н.К., Мамасадыков З.Д., Раимбачаева В.К., Ашимова Д.А., Шакиев Н.Т., Маматалиев М.А., Толонов Д.Э., Темирбаева М.О., Малиев А.К., Нурбаев Ж.П., Ажибаев Ч.И., Айдарова А.А., Алимжанова Н.Я., Абдибаева А.Н., Маткеримов А.Т., Исатбек кызы А., Жакышов Р.Ш., Жамгырчиев Э.Э., Сарбагышев М.К., 01.12.2022деги кир. № 6-23940/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет караган)
13. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Айжигитов С.А., Сарбагышев М.К., 01.12.2022деги кир. №6-23943/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет караган)
14. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Айжигитов С.А., 01.12.2022деги кир. №6-23941/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган)