2016-жылдын 17 ноябры № 1094-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

24-11-2016 14:44

2016-жылдын 17 ноябры № 1094-VI

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. Төмөнкүлөр чыгарылсын:

КСДП парламенттик фракциясынан Исаков Музаффар Ахматходжаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин курамынан;

“Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Назаров Айтмамат Кошоевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамынан.

2. Төмөнкүлөр киргизилсин:

КСДП парламенттик фракциясынан Исаков Музаффар Ахматходжаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин курамына;

“Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Назаров Айтмамат Кошоевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин курамына;

КСДП парламенттик фракциясынан Баяхунов Нурмухаммед Баяхунович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин курамына.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                      Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 809