2016-жылдын 16 ноябры № 1092-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

24-11-2016 12:29

2016-жылдын 16 ноябры № 1092-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” № 43-VI  токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы “Европа Бирлигинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” № 32-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-Скрипкина Галина Анатольевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;

-Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна “Европа Бирлигинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы “Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” № 35-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-Ишенбеков Урмат Ишенбекович - Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы “Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө”
№ 38-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-Султанов Акылбек Шакирович жана Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;

-Исаков Музаффар Ахматходжаевич Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин;

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы “Европа Бирлиги-Кыргызстан” Парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” № 42-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-Өмүркулов Иса Шейшенкулович “Европа Бирлиги-Кыргызстан” Парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын жана көрсөтүлгөн Комитеттеги тең төрагалык кызмат ордунан бошотулсун;

-Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович “Европа Бирлиги-Кыргызстан” Парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” № 40-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-Халикова Ашэр Леджебовна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынан чыгарылсын;

-Саматов Жыргалбек Алимбаевич Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын;

-Строкова Евгения Григорьевна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин;

-Эгембердиев Максатбек Бакирович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын контролдук-бюджеттик комиссиясынын курамына жиберилсин.

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы “Калктын саны жана өнүктүрүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна калктын саны жана өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин Улуттук комитетин түзүү жөнүндө” № 41-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин;

-Эсенбаева Бакыт Үсөнбековна калктын саны жана өнүктүрүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна калктын саны жана өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин Улуттук комитетинин курамынан чыгарылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы “Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” № 36-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-Мадеминов Мурадыл Ганыевич Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын социалдык-экономикалык жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жиберилсин;

-Карамушкина Ирина Юрьевна Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын коргоо жана коопсуздук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жиберилсин.

 

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 973