2016-жылдын 16 ноябры № 1091-VI “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 1850-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

24-11-2016 12:22

2016-жылдын 16 ноябры № 1091-VI

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 1850-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 1850-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Ф. Бекманбетовдун Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары жеке өтүнүчү боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

 

2. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамынын мүчөлүгүнө бош кызмат ордуна сынак жарыялансын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 718