2016-жылдын 16 ноябры № 1088-VI “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

24-11-2016 12:13

2016-жылдын 16 ноябры № 1088-VI

“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.К. Жеенчороев, Ө.Т. Бабанов, Р.А. Казакбаев, И.Ш. Өмүркулов, М.А. Аманкулов, А. Алтынбеков, А.Ж. Акматов, М.И. Бакиров, А. Жунус уулу, М.Э. Мавлянова, А.Т. Мамашова, Т.А. Масабиров, Н.В. Никитенко, Б.Ү. Сыдыков, Ч.А. Султанбекова, Е.Г. Строкова, У.С. Чолпонбаев, А.Ж. Жамангулов, Д.Ш. Исаева жана Э.Ж. Байбакпаев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрага                                                                                 Ч.А. Турсунбеков



Көрүүлөрдүн саны : 827