Түз
эфир
Жаңырган жылдын маанилүү даталарынын бири - кыргыз адабиятынын залкары, дүйнөлүк адабияттын алпы Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааркесин өткөрүү иш чарасы менен байланыштуу. Мындай мааркелик маанилүү милдетти утурлап кыргыз-казак интеллигенцияларынын эл аралык форуму уюштурулат. Анын алкагында көрүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу алгачкылардан болуп "Парламент" радиосуна маалымат берип, студияда "Манас" улуттук театрынын директору Азиз Биймырза уулу жана коңшулаш Казакстан жергесинен келген кыргыз-казак эл аралык айтыш сынактарынын жеңүүчүсү, Тууганбай Абдиев атындагы сыйлыктын лауреаты, жаш төкмө акын Нурлыбек Курманов кызыктуу маек куруп беришти»»»