Жогорку Кеңеште коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу багытында Президент чыгарган жарлыкка байланыштуу токтом кабыл алынды

24-03-2020 15:26

Бүгүн, 24-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү” жарлыктарын бекитүү максатында Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулду.

Алгач Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев чыгарылган үч жарлык тууралуу учкай маалымат берип, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында төмөндөгүдөй токтом кабыл алынганын билдирди:

Ушундай эле маанидеги чечим Ош, Жалал-Абад шаарларынын, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарда да белгиленгени айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 5, 9 жана 10-беренелерине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 27-пунктуна, 120-беренесинин 2,4,5 жана 6-бөлүктөрүнө ылайык  аталган үч жарлыкты бекитүүнү толук колдоо менен атайын токтом кабыл алышты. Андан тышкары, Жогорку Кеңештин 19-марттагы токтомуна өзгөртүүлөр киргизилип, депутаттар 15-апрелге чейин өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы