Депутат Алтынбек Сулайманов: «Кыйчалыш кырдаалда Өкмөт өз күчүн көрсөтүп, түзүлгөн жагдайга көз карашын так билдириши керек, эл дагы ошого жараша түзөлөт»

20-03-2020 11:40

Бүткүл, дүйнөдө каатчылык башталды, андан Кыргызстан деле четте калбайт. Каатчылык канчага созулат. Айрым эксперттер экономика бара-бара калыбына келиши мүмкүн, бирок анын кесепети ондогон жылдарга созуларын айтышууда. Ошондуктан, биз азыртан кризистин алдын алуу чараларын көрүүгө тийишпиз. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин көпчүлүк коализациясында Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди.

Депутат каатчылык ири көлөмдөгү каражатты талап кыларын, каржы тартыштыгы азыртан байкала баштагынын өкмөт башынын эсине салып, ушул маселени биринчи кезекте чечүү зарылдыгын баса белгиледи. «Мына, жугуштуу коронавирус илдети жайыла баштады, коңшу өлкөлөр чек арасын жаап жатат, доллардын куну кескин өстү. Улуттук банк сомдун кунун кармоо үчүн кыска мезгил аралыгында эле 200 млн доллар сатып салды. Эми, эмне кылыш керек. Ушу тапта Россия фондунда 500 млн доллар турат, ошону алыш керек», - деди Алтынбек Сулайманов.

Депутат бүткүл дүйнө адамзат башына капыс түшкөн апааттан улам келип чыккан каатчылыкка даярдана баштаганын белгиледи. «Каатчылыкты ар кандай жаман жосундар коштойт, анын ичинде криминалдык чөйрө баш көтөрөт. Америкалыктардын жапырт курал-жарак сатып алып, өз жанын коргоого даярданып жатканы эле мунун айкын мисалы. Мындай кыйчалыш кырдаалда Өкмөт өз күчүн көрсөтүп, түзүлгөн жагдайга карата туткан көз карашын так билдириши керек, эл дагы ошого жараша түзөлөт», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, коронавирус илдети (Covid-19) дүйнөнүн 180 өлкөсүнө жайылып, анын кесепетинин 8 миңден ашуун адам набыт болду. Ал эми Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 6 адам каталды. Алар Сузак жана Ноокат райондорунун тургундары болуп саналат. Ал аймактарда өзгөчө кырдаал жарыяланып, жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алуу чаралары көрүлүүдө.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы