ММКФ каражаты көбөйтүлүүдө

08-12-2022 15:11

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 8-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулду.  Ошол эле фонддун "2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү такталды. Андан тышкары “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга бюджети жана 2024–2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланды. Аталган маселелердин маанилүүлүгүн баяндап, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов "Парламент" радиосунда болушту»»»