2022-жылдын 1 - декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору
02-12-2022 13:55
2022-жылдын 1 - декабрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:
1. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Маматалиев М.А., 29.09.22деги кир. № 6-19318/22.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган)
2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Акционердик коомдор жөнүндө”, “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 31.05.22деги кир. № 6-10828/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет караган)
3. “Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.22деги кир. № 6-16796/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Социалдык саясат боюнча комитет караган)
4. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Сыдыгалиев Н.Ө., Исатбек кызы А., Маткеримов А.Т., Матраимов И.И., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Алиев М.К., Омурзаков С.А., Жакышов Р.Ш.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган)
5. “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.05.2022деги кир. № 6-10257/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган)
6. “Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – VI чакырылыштын депутаты Байбакпаев Э.Дж.) (Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет четке кагууну сунуштайт)
7. “2022-жылдын 24-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 655-VII токтому менен түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.М. Бакировдун кызматтык иш бөлмөсүнө байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору