Бүгүн, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет, “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору каралууда. Бул багытта көз караштары менен бөлүшүп, Жогорку Кеңеш депутаты Султанбай Айжигитов "Парламент" радиосунда болду.