Салянова Аида Женишбековна

"Ата Мекен" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-87-29

1972-жылы 6-августта Нарын облусунун Нарын шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1991-жылы Фрунзе соода техникумунун “укук жөнүндө илим” бөлүмүн аяктаган. 1992-жылдан 1996-жылга чейин Бишкектин коммерциялык колледжинде мугалим болгон. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин юридикалык факультетин аяктаган, адиси – юрист, укук таануучу.

1996-1997-жылдары Чүй жана Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттеринде окутуучу болуп иштеген.

1997-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эксперттик-юридикалык бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенген.

2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекет түзүлүшү жана соттук-укуктук реформа боюнча бөлүмдүн башчысы болгон.

2008-2010-жылдары – Юстиция министрлигинин стас-катчысы;

2010-жылдын 14-июлунан -2010-жылдын 20 –декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

2010 –жылдын 20-декабрынан -2011 жылдын 31-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;

2011-жылдын 14-апрелинен -2015 жылдын 22-январына чейин – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;

2015-жылдын 4-октябрында “Ата Мекен” саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кызы бар.

3 класстагы Юстициянын мамлекеттик кеңешчиси;

Кыргыз Республикасынын Юстициясынын отличниги;

2000-жылы Юридика илимдердин кандидаттыгын жактаган, доцент.

2007-жылы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2014-жылы II тепкичтеги “Манас” ордени менен сыйланган.