2022-жылдын 3-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору

04-11-2022 17:19

2022-жылдын 3-ноябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 18.05.22деги кир. № 6-9498/22) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кылмыш-жаза-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 19.05.2022деги кир.№ 6-9626/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 17.06.2022деги кир.№ 6-12778/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 08.06.2022деги кир.№ 6-11804/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Социалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

5. “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.03.18деги № 121 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 22.09.22деги кир. № 6-18682/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 14.07.22деги, кир. № 6-15502/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Билим берүү тармагындагы инфраструктураны ѳнүктүрүү боюнча жеке демилгени мамлекеттик колдоо чаралары жѳнүндѳ” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечилер – депутаттар Акаев Ж.К., Раимбачаева В.К., Айдарбеков Ч.А., Самыйкожо М., Алимжанова Н.Я., Молдобекова Г.С., Исираилов А.А., Алимжанов Ф.А.) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын, Социалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)