Омурбекова Алтынай Сейтбековна

"Республика - Ата Журт" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-91-67

1973-жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетине караштуу Магистратура жана аспирантура борборунда "Юриспруденция" тармагында магистирдик акедемиялык даражасына ээ болгон.

Эмгек жолун 1996-жылы «Эридан» ӨФК АКда иштөө менен баштаган.

2000-2003-жылдары «Урмат-Интер» ЖЧКсынын директору, 2005-2008-жылдары «Тур-Трест» ЖЧКсынын директору болуп иштеген.

2009-жылдын июль 2010-жылдын апрель аралыгында Аламүдүн районунун Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын юристи, 2010-жылдын апрелинде Бишкек башкармалыгынын юридикалык бөлүмүнүн начальниги болуп дайындалган.

2010-жылдын октябрында «Республика» партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 5-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2011-жылдын депутаттын ыйгарым укугун тапшырып, Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу, 2013-жылдын сентябрында Свердлов районунун администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2015-жылдын апрелинде Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси, андан соң Бишкек шаарынын вице-мэрдин кызмат ордуна дайындалган.

2015-жылы октябрында «Республика-Ата Журт» партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 6-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси.