Депутат Таалайбек Масабиров Жапониянын Олимпиада оюндары боюнча башкы штабынын Токио комитетинин жетекчиси Риосукэ Андо менен жолугушту

14-01-2020 17:06

Бүгүн, 14-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров Жапония министрлер кабинетинин жетекчиси, Олимпиада жана Паралимпиада оюндарын алга жылдыруу боюнча башкы штабынын Токио комитетинин жетекчиси Риосукэ Андо менен жолугушту. Иш-чарага Жогорку Кеңеш депутаты Акылбек Жапаров, Яманаси шаарынын мэриясынын Регионалдык ресурстарды өнүктүрүү жана Токиодо Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарды өткөрүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Хироки Хинохара? Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Юитиро Уои катышты. 

Депутат Таалайбек Масабиров Жапониянын эки жактуу кызматташууга, анын ичинде, спорт жаатындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бөлгөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, Жапония менен кызматташу боюнча депутаттык достук тобунун ишмердүүлүгүнүн алкагында аткарылган айрым иштерге токтолду.

Өз кезегинде Риосукэ Андо Жапония Өкмөтү Токиодо өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына кызуу даярдыктарды көрүп жаткандыгын маалымдап, спорт жаатында эки өлкөнүн мамилесин тереңдетүү ниети бар экенин билдирди. Ошону менен катар Жапониянын Яманаси шаарын Кыргызстандын бир шаары менен боордош кылуу сунушун ортого салып, Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын алкагында Кыргызстандын маданий иш-чараларын өткөрүүгө чакырды. Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Таалайбек Масабиров берилген сунуштарды колдоорун белгилеп, алар өз жол-жоболору аркылуу жүзөгө ашаарына ишеним артты.

Мындан сырткары, жолугушууда тараптар Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын алдында Кыргызстан курама командаларынын спортчуларынын машыгуусуна тиешелүү шарттардын түзүлүшү жаатында пикир алышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы