21-январда «Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча парламенттик угуу өтөт

21-01-2020 12:51

Кыргыз Республикасынын депутаттык жумушчу тобу жана Жогорку Кеңештин тармактык Комитети менен бирдикте 2020-жылдын 21-январында саат 10:30 Жогорку Кеңештин пленардык жыйындар залында «Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча  парламенттик угуулар өткөрүлөт.

Ар кандай өлкөлөрдүн соода өнөр жай палаталарынын иш тажрыйбаларын изилдөө көрсөткөндөй, акыркы жылдары мындай уюмдардын ишинин укуктук базасын реформалоо тенденциясы байкалууда. Бул өзгөрүүлөр, негизинен, бизнес-кызыкчылыктарды жана өлкөлөр аралык атаандаштыкты өнүктүрүүнүн ар кандай агрессивдүү стратегияларына карата жооп катары, ошондой эле бизнес-чөйрө менен мамлекеттик сектордун өз ара аракеттенүү принциптерин реформалоого байланыштуу, дүйнөлүк рыноктордогу атаандаштыктын, дүйнөлүк экономиканын глобалдашуусунун күчөөсүнөн келип чыккан.

Бул мыйзам долбоору менен КР СӨП үчүн Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги мүчөлүгү менен байланышкан бир катар жаңы милдеттер менен толуктоо, СӨПтүн аткарган иштери жөнүндө отчетту жүзөгө ашыруу тартибин жана ошондой эле СӨПтүн жетекчисин шайлоо тартибин өзгөртүү сунушталат.

Мыйзам долбоору Жогорку Кенештин официалдуу сайтына 21.11.2019-ж.  киргизилген: http://kenesh.kg/ru/article/show/6013/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-21-noyabrya-2019-goda-vinositsya-proekt-zakona-kirgizskoy-respubliki-o-vnesenii-izmeneniy-v-zakon-kirgizskoy-respubliki-o-torgovo-promishlennoy-palate-kirgizskoy-respubliki.

Катышуучуларды каттоо үчүн байланыш түйүнү: 63-88-30, факс 0312-63-87-81, эл.дарек: atanbekovaa@mail.ru.