«КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды

02-12-2019 12:25

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, фонддун 2020-жылдагы бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 57 млрд 796 млн сом жана 2021-2022-жылдарга 60 млрд 271 млн сом жана 65 млрд 98 млн сом көлөмүндө түзүлүүдө. “2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды”, - деди ал.

Андан тышкары, 2020-жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 35 млрд 727 млн сом өлчөмүндө түшүшү пландалганы, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 21 млрд 911 млн сом өлчөмүндө каралганы, дагы башка булактардын эсебинен түшкөн башка кирешелер 156 млн сом өлчөмүндө болжолдонгону белгилүү болду.

2020-жылга Соцфонддун чыгымдары 57 млрд 8 млн сом, 2021-2022-жылдарга 60 млрд 676 млн сом жана 64 млрд 324 млн сом суммасында пландалууда. 2020-жылы пенсияларды жогорулатууга 829 млн сом көлөмүндө каражат каралды. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2 млрд 569 млн сом багыттоо пландалууда.

Ал эми 2020-жылы Соцфонддун бюджеттин профицити 787 млн сом өлчөмүндө белгиленди.

Андан тышкары, 2020-жылы пенсиялардын өлчөмүн 1-октябрдан тарта индесациялоо аркылуу көбөйтүү пландаштырылып жатканы белгилүү болду. “Мыйзам долбоорунда пенсияларды көбөйтүүгө 829 млн сом каралды. Каражаттын 51 млн сому республикалык бюджеттен, калган бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен берилет. Бул болжол менен жалпы пенсиянын базалык бөлүгүнүн 7 пайызын түзөт”, - деди ал.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда 670 миңден ашуун пенсионер бар. Пенсия өлчөмүнүн ырааттуу өсүшү үчүн 1 пенсонерге 3 иштеген адам туура келиши керек, бирок азыркы учурда 1 пенсионерге 1 иштеген адам да туура келбейт. Ошондон улам, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу, кош бухгалтерия менен эмгек акыны жашырып берүү жосундарын жоюу милдети турат.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы