Депутат Иса Өмүркулов: «Жаратылышты пайдаланууда баарынан мурда экосистемалык мамиле керек»

29-11-2019 13:50

Бүгүн, 29-ноябрда КСДП фракциясынын жыйынында КР Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү каралды.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу КР вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, ошондой эле аталган агенттиктин директорунун орун басары Элдияр Шерипов маалымат беришти.

Э.Шерипов агенттиктин бюджети 199,2 млн сомду түзөөрүн, алардын ичинен атайын каражат 22,5 млн сом экенин белгиледи. Анын айтымында, отчеттуулук мезгил аралыгында агенттик тарабынан булганган заттарды чыгарууга, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин пайдаланууга, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды өлкөдөн чыгарууга жана киргизүүгө, уулуу калдыктарды башкарууга жалпысы 1764 уруксат берилген.

Күн тартибине коюлган теманы талкуулоо учурунда эл өкүлдөрү негизги экологиялык көйгөйлөрдү белгилешип, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигин Кыргызстандын табыгый экосистемин сактоо жана өнүктүрүү үчүн жаратылышты коргоо багытындагы чараларды күчөтүүгө чакырышты.

Депутат Аалы Карашев атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча Өкмөттүн ишинде сезилерлик натыйжа болбой жатканына токтолуп, бул багытта алгылыктуу иш-чараларды көрүү зарылдыгын айтты. Ал эми депутат Гүлкан Молдобекованын айтымында, жайлоосу Жерүй алтын кенин иштетүүгө берилген Талас облусунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн элине жайыт жерлерин берүү маселеси дале чечиле элек. Мындан бир нече жыл мурун Суусамыр өрөөнүнөн  жайыт берилет деген сөз болгону менен ал маселе бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек.

Фракция лидери Иса Өмүркулов талкууланып жаткан маселенин актуалдуулугун билдирип, айлана-чөйрөнү коргоодо туруктуу оӊ натыйжаларга жетишүү үчүн системдүү мамлекеттик мамиле иштелип чыгышы зарылдыгын, элдин экологияга болгон аӊ-сезими менен маданиятын көтөрүү керектигин баса белгиледи. Мындан сырткары, И.Өмүркулов Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги токойлорду калыбына келтирүү боюнча иштеринин жыйынтыгы төмөнкү деӊгээлде болуп жатканын кошумчалады. «Силер 4200 га жерге токой көчөттөрүн отургуздук дедиӊер. Бул өтө чоӊ аймак. Бирок анын көпчүлүгү жөн эле сөз. Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунда бир дагы жаӊы тигилген бак көргөнүм жок. Ал эми Ысык-Көлдөгү Көк-Жайык жайлоосунун абалын көргүлө: заповедник аймагы толугу менен талкаланууда, карагай-бактар кыйылып, алардын ордуна жаӊы бозүйлөр менен чатырлар пайда болуууда»,- дейт И.Өмүркулов. Ошону менен катар депутат токой чарбасынын кызматкерлеринин, егерлердин айлык акыларынын аздыгы аларды жаратылыш мыйзамдарын бузууга, браконьерчиликке көмөктөшүүгө түртүп жатканын белгиледи. Фракция лидери Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигин эл аралык уюмдардын, жаратылышты коргоо фонддорунун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга чакырды.

Талкуу жыйынтыгында фракция депутаттары Өкмөттүн берген маалыматын эске алуу чечимин кабыл алып, депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер боюнча чара көрүүнү табышташты.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы