Марат Аманкулов: «Өкмөт энергиянын жаңыланып туруучу булактары мыйзамынын аткарылышын кечеңдетип жатат»

29-11-2019 13:00

Бишкектеги абанын булгануусу эң башкы экологиялык көйгөйгө айланды. Ошондуктан, абанын сапатын жакшыртуу жана шаар ичинде жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу кечиктирилгис чаралардын бири болуп саналат. Бул тууралуу депутат Марат Аманкулов Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын кезетеги жыйынында КР Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

«Абанын тазалыгын электромобилдерди алып келүү, энергиянын жаңыланып туруучу булактарын колдонуу сындуу жогорку технологиялык жабдууларды колдонуу аркылуу чечүү аракеттери боюнча сөз жүргөндө, ал энергиянын жаңыланып туруучу булактары жөнүндө мыйзамдын аткарылышы тууралуу баратканын боолголосок болот. Тилекке каршы, мыйзамдын аткарылышы кечеңдеп жатат, анткени мыйзам алдындагы актылар ушул кезге чейин иштелип чыга элек. Ага кошул, азыр көмүр, жеңил өнөр жайынын калдыктары, резина, пластик сыяктуу уулуу заттарды чыгаруучу отундар жагылган мештер байма-бай пайдаланууда. Бишкек ЖЭБи дагы шаардын чегинде турат», - деди Марат Аманкулов.

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов энергиянын жаңыланып туруучу булактары жөнүндө мыйзамдын аткарылышы боюнча актылар даяр болгонун, ал 1-декабрынан тарта ишке киргизиле турганын билдирди.

Депутат өкмөт өкүлдөрүнүн көңүлүн ордо калаадагы бак-дарактардын абалына буруп, агенттиктин эмен багынын жалбырагын кууратып жаткан курттарга каршы күрөшү таптакыр натыйжа бербей жатканына бурду.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Нурлан Жумаев 2017-жылы эмен багынын кууроо себептерин аныктоого 1 млн сом көлөмүндө каражат бөлүнгөнүн, ал эми дарылоого 9 млн сом каралганын белгиледи. Анын айтымында, ал анчалык натыйжа берген эмес, эми аларды жыл сайын дарылап туруу чаралары көрүлөт.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы