Жогорку Кеӊеш Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева КМШ ПАА Кеңешинин жыйынына катышты

22-11-2019 12:13

КМШ ПАА Кенешинин жыйынына Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева катышты.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык ассамблея (ПАА) Кеӊешинин жыйыны өзгөчө маанайда өттү. Анткени, Парламенттер аралык ассамблеянын 50-юбилейлик пленардык жыйынына туш келди. Юбилейлик пленардык жыйындын күн тартиби, иштөө регламенти талкууга коюлуп, секретариаты менен редакциялык комиссиясынын курамы  бекитилди.

Улуттук парламенттердин төрагалары катышкан жыйындын жүрүшүндө каралган олуттуу маселелердин бири Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин 2030-жылга чейин экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясынын долбоору туурасындагы маселе болду. Ошону менен бирге эле эмдиги жылы шериктеш өлкөлөрдө өтө турган шайлоолорго да өзгөчө көӊүл бурулду. Мында Парламенттер аралык ассамблеянын эл аралык байкоочуларын жөнөтүү, алардын бюджетин аныктоо маселелери туурасында да сөз болду.

Мындан тышкары буга чейин Парламенттер аралык ассамблеянын алкагында жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, келечек пландары белгиленди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы