Текебаев Омурбек Чиркешович

"Ата Мекен" парламенттик фракциясы

Телефон: 0312 63-86-09

1958-жылдын 22-декабрында Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Акман айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин «физика окутуучусу» адистиги боюнча, 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин «юрист» адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1981-жылы Базар-Коргон районунун Акман айылындагы Токтогул атындагы орто мектепте физика мугалими болуп иштөөдөн баштаган.

1981-жылдан тартып 1983-жылдын декабрына чейин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1984-жылдан тартып орто мектепте ишин уланткан.

1986-жылдын сентябрында Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна лаборанттык кызматка өткөн. Андан кийин улук окутуучу, улук лаборант болуп иштеген.

1987-1991-жылдары – орто мектепте физика жана математика мугалими жана кийинчерээк Базар-Коргон райондук агартуу бөлүмүндө райметодкабинеттин методисти.

1991-жылдын апрелинде Жалал-Абад облусунун монополияга каршы саясат жана ишкердикти колдоо боюнча облустукбашкармалыгынын башчылыгына бекитилген.

1991-1992-жылдары – «Эркин Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.

1991-1993-жылдары – жаңы Кыргыз Республикасынын Конституциясын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын мүчөсү, Комиссиянын жумушчу тобунун мүчөсү.

1991-жылы СССР Жогорку Советинин мүчөлүгүнө, Юридикалык маселелер боюнча республикалык Кеңештин комитетине мүчөлүккө шайланган.

1992-1994-жылдары Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

1994-жылдан тартып азыркыга чейин – «Ата Мекен» социалисттик партиясынын төрагасы;

1994-жылы – Конституциялык кеңешменин мүчөсү;

XII чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына, I жана II чакырылыштарындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.

1995-2000-жылдары – I чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы.

2000-2005-жылдары - II чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.

2000-2001-жылдары - Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасынын орун басары.

2002-жылы Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары болгон.

2000-2005-жылдары - III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.

2005-2006-жылдары - Жогорку Кеңештин Төрагасы.

2006-жылы Конституциялык кеңешменин төрагалыгына шайланган.

2010-жылдын апрелинен июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары кызматында иштеген жана өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүүгө жоопкер – Конституциялык кеңешменин төрагалыгына дайындалган.

2010-жылдын октябрында «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери.

2015-жылдын 4-октябрында «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Мамлекеттик кызматтын I класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

КМШга катышкан- мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын “Содружество” ордени менен сыйланган.

Президенттин 2011-жылдын 30-ноябрындагы Жарлыгы менен II даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

2011-жылдын 30-ноябрында Президенттин Жарлыгы менен «Апрель Элдик революциясынын Баатыры» атайын төш белгиси менен сыйланган.

 

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы