«Ата Мекен» фракциясы өлкөнүн капиталдык курулуш тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулашты

01-11-2019 12:42

Бүгүн, 1-ноябрда «Ата Мекен» парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасындагы капиталдык курулуштардын абалы жана бүтпөгөн курулуштардын көйгөйү тууралуу маселени талкууга алышты.

Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов курулушту алып алып, бүтүрө албай же сапатсыз бүтүргөндүктөн кылмыш иши козголгон курулуш компанияларынын санына кызыкты. Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев 2018-2019-жылдары 27 компаниянын иши токтотулгандыгын билдирди. «Подрядчы болгон компанияларга негизги доомат курулуш иштеринин көлөмүн толук аткарбагандыгына болууда. Маселен, Москва районундагы курулуп жаткан, 750 окуучуга ылайыкташкан мектеп 2019-жылдын башында бүтүшү керек болчу. 30 миллион сом бөлүнүп берилген, бирок иштин жалпы көлөмү аткарылбагандыктан, мектеп колдонууга берилбей калды. Биз аргасыздан компанияга доо арыз менен кайрылып, курулушту субподрядчы уюмга бердик»,- дейт Б.Абдиев.

Депутат Айсулуу Мамашева капиталдык курулушту жүргүзүү боюнча Өкмөттүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда координация жоктугуна көӊүл бурду. Ал: «Эмне үчүн авариялык абалдагы мектептерди депутаттар аныктап көтөрүп чыгып, аларды капиталдык салым менен курулуучу объектилердин тизмесине киргизүүнү өтүнүшү керек? Техникалык көзөмөл  - бул силердин иш-милдетиӊер да»,- деп, агенттиктин жетекчилигине кайрылды.

Өкмөттөгү негизги көйгөй каражаттын жетишсиздигинде эмес. Негизги көйгөй курулуш объектилерин бүткөрүүдө мамлекеттик мамиленин, аткаруу дисциплинасынын, мамлекеттик органдардын кызыкчылыгынын жоктугунда. Мындай пикирин депутат Бахадыр Сулейманов ортого салды. «Эгерде принципиалдуулукту көргөзө албаса, бүтпөгөн объектилер жылдан жылга которулуп кете берет. Дагы бир көйгөй – бюджеттин тегиз бөлүштүрүлбөгөнү. Бизде бюджеттик каражат талданып, таразаланып, өтө зарыл делген курулуштарга эмес, ар кандай күчтөр басым жасаган курулуштарга бөлүштүрүлүп кетет»,- дейт ал.

Депутат Искендер Гайпкулов Мамкурулуш өкүлдөрүн курулуштун баардык талаптарынын деталдары менен мектептердин типтүү долбоорлорун иштеп чыгып, бекитүүгө чакырды. Ошондой эле курулуш тармагындагы кадрлардын кесипкөйлүккө даярдоону жогорулатуу керектигин кошумчалады.

Талкуу соӊунда фракция депутаттары капиталдык курулуштар чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн айтылган сунуш-пикирлерди КР Өкмөтүнө бермей болушту.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы